Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ал мага ылайыктуу түгөй боло алабы?

Ал мага ылайыктуу түгөй боло алабы?

Жаштардын суроолору:

Ал мага ылайыктуу түгөй боло алабы?

Төмөнкү суроолорго жооп берүүгө бир нече мүнөт бөл.

Болочок түгөйүңдүн кандай сапаттарга ээ болушун каалайсың? Төмөндө айтылган нерселердин ичинен өзүң абдан маанилүү деп эсептегендериңдин төртөөнө ✔ коюп кой.

․․․․․․․․ сулуу

․․․․․․․․ рухий

․․․․․․․․ пикирлешүүнү жакшы көрөт

․․․․․․․ ишеничтүү

․․․․․․․․ баарына таанымал

․․․․․․․․ адеп-ахлактуу

․․․․․․․․ шайыр

․․․․․․․․ тырышчаак

Мурун кимдир бирөөгө ашык болуп көрдүң беле? Ошондо жогоруда келтирилген нерселердин ичинен кайсынысы өзгөчө жакса, ошонун тушуна X коюп кой.

ЖОГОРУДА саналып өткөндөрдүн бирин да жаман деп айтууга болбойт. Алардын ар бири өз-өзүнчө жакшы. Кимдир бирөөгө ашык болуп калганыңда, сол тилкеде келтирилгендей нерселерге көбүрөөк көңүл бурарыңды байкаган чыгарсың.

Ал эми убакыттын өтүшү менен, аркы-беркини түшүнүп калгандыктан, оң тилкеде келтирилген сапаттары бар адамдарга баа бере баштайсың. Маселен, кошунанын кызы татынакай болсо эле ишеничтүү же классташ балаң баарына таанымал болсо эле адептүү болбошу мүмкүн экенин түшүнөсүң. Жыныстык каалоолоруң күчтүү болуп турган курактан өткөндөн кийин гана: «Ал мага ылайыктуу өмүрлүк жар боло алабы?» — деген суроого жооп берүүдө сезимдерге алдырбайсың (1 Корунттуктарга 7:36).

Баары эле ылайыктуу боло береби?

Балким, сен буга чейин көп жолу ашык болуп көргөндүрсүң. Бирок сен жактыргандардын баары эле сага ылайыктуу түгөй боло албаары бышык. Анткени сен тандаган киши түбөлүктүү жар болуп, экөөңөр бири-бириңердеги жакшы сапаттарды өрчүтүүгө жардам бере алгыдай болушуңар керек да (Матай 19:4—6). Анда ким сенин түгөйүң боло алат? Бул суроого жооп берерден мурда, «күзгүгө каранып», алгач өзүңө калыс баа берип көргөнүң дурус (Жакып 1:23—25).

Өзүңдү текшерүү үчүн төмөнкү суроолордун үстүнөн ойлонуп көр:

Менин кандай жакшы жактарым бар?

․․․․․․․․․․․․․․․․․․․․․․

Кандай жаман жактарым бар?

․․․․․․․․․․․․․․․․․․․․․․

Эмоциялык жана рухий муктаждыктарым кандай?

․․․․․․․․․․․․․․․․․․․․․․

Өзүңдү текшерүү оңой эмес дечи, анткен менен ушу сыяктуу суроолордун үстүнөн ой жүгүртүү өзүңдүн кандай киши экениңди билүүгө жардам берет *. Өзүңдү түшүнгөн сайын, жаман сапаттарыңды эмес, жакшы сапаттарыңды өрчүтүүгө көмөк кыла турган өмүрлүк жар табуу оңоюраак болот. А эгер таптым деген ойдо болсоң, ал сага чынында эле ылайыктуу түгөй боло алабы?

Аны канчалык жакшы билесиң?

Бул суроого жооп берүү үчүн болочок жарыңа калыс кара. Абайлабасаң, жактырган адамыңдын жакшы жактарына гана көңүл буруп калышың мүмкүн. Андыктан шашылба. Анын чынында кандай адам экенин билүүгө аракет кыл.

Сүйлөшүп жүргөндө көптөр маанилүү нерселерге көңүл бурбай калышат. Алар көп учурда: «Экөөбүзгө тең бирдей музыка жагат экен», «экөөбүз бирдей нерселерди жакшы көрөбүз», «биз бардыгына бирдей карайбыз»,— дешет. Бирок сен ал адамдын ички дүйнөсүн билишиң керек. Жогоруда айтылгандай, жыныстык каалоолоруң күчтүү болуп турган курактан өткөн болсоң, адамга сыртынан карап эле баа бербейсиң (1 Петир 3:4; Эфестиктерге 3:16).

Мисалы, окшош жактарыңарга эле эмес, ортодо кайчы пикир пайда болгондо, анын эмне кыларына көбүрөөк көңүл буруу менен анын кандай экенин биле аласың. Башкача айтканда, келишпестиктерди ал кантип чечет: өзүнүкүн бербей, «заар тилге» салып, ачуусу менен бир тиеби? (Галатиялыктарга 5:19, 20; Колосалыктарга 3:8). Же Кудайдын принциптери бузулбаса, ортодогу тынчтык үчүн ийилчээктик көрсөтүп, эстүүлүк кылабы? (Жакып 3:17).

Төмөнкү нерселерге да көңүл буруу маанилүү. Маселен, ал үстөмдүк кылууга, баскан-турганыңды майда-чүйдөсүнө чейин көзөмөлдөөгө жакынбы, кызганчаакпы? 20 жаштагы Никол аттуу кыз: «Анын өзүмчүл, кызганчаак экенин байкасаң, абайла. Бири-биринин каякта, эмне кылып жүргөнүн текшере бергени үчүн чатакташкан кыз-жигиттер жөнүндө көп угам. Бул олуттуу нерсе деп эсептейм»,— дейт.

Сен сүйлөшүп жүргөн адам башкаларга кандай мамиле кылат? Ал тууралуу аны жакшы билген бирөөлөр, мисалы, анын жыйналышындагы рухий жактан жетилген биртуугандар менен сүйлөшүп көрсөң болот. Алар анын чынында кандай киши экенин айтып бере алышат (Элчилер 16:1, 2) *.

Токтотуу керекпи?

Эгер сүйлөшүп жүргөн адамдын сага ылайыктуу түгөй боло албаарына көзүң жетсе, анда сүйлөшкөнүңөрдү токтотконуңар эле оң. Ыйык Китепте: «Акылдуу адам кырсыкты көрүп жашынат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 22:3) *.

Балким, убакыттын өтүшү менен башка бирөө менен сүйлөшө баштайсың. Тажрыйбалуу болуп калгандыктан, көп нерсеге теңсалмактуу көзкарашта болоруң шексиз. Балким, ошондо: «Ал мага ылайыктуу түгөй боло алабы?» — деген суроого ишеничтүү түрдө «ооба» деп жооп бере аласың!

«Жаштардын суроолору» аттуу рубриканын башка сандарын www.watchtower.org/ypu веб-сайттан карасаңар болот.

[Шилтемелер]

^ 25-абз. Өзүңдү текшерүү үчүн кошумча суроолорду «Ойгонгула!» журналынын 2007-жылдын апрель—июнундагы санынын 30-бетинен таба аласың.

^ 31-абз. 19, 20-беттерде жайгашкан кутучадагы суроолорду да кара.

^ 33-абз. Бул тууралуу көбүрөөк маалыматты «Ойгонгула!» журналынын 2001-жылдын 22-марттагы (ор.) санынын 12—14-беттеринен табууга болот.

ОЙЛОНУП КӨР

▪ Жакшы түгөй болуу үчүн кандай сапаттарды өрчүтүү керек?

▪ Өмүрлүк жарыңдын кандай сапаттарга ээ болушун каалайт элең?

▪ Сүйлөшүп жүргөн адамыңдын кулк-мүнөзүн, жүрүм-турумун жана кандай атка ээ экенин кантип биле аласың?

[19-беттеги кутуча]

Ал жакшы күйөө боло алабы?

НЕГИЗГИ СУРООЛОР

❑ Эгер ал кандайдыр бир бийликке ээ болсо, аны кантип колдонот? (Матай 20:25, 26).

❑ Кандай максаттары бар? (1 Тиметейге 4:15).

❑ Максаттарына жетүү үчүн аракет кылып жатабы? (1 Корунттуктарга 9:26, 27).

❑ Достору ким? (Накыл сөздөр 13:20).

❑ Акчаны сүйбөйбү? (Эврейлерге 13:5, 6).

❑ Көңүл ачуунун кандай түрлөрүн жакшы көрөт? (Забур 96:10).

❑ Кийингени эмнени көрсөтүп турат? (2 Корунттуктарга 6:3).

❑ Жахабага болгон сүйүүсүн кантип көрсөтүп жатат? (1 Жакан 5:3).

ЖАКШЫ ЖАКТАРЫ

❑ Эмгекчилби? (Накыл сөздөр 6:9—11).

❑ Акчаны кандай кармайт? (Лука 14:28).

❑ Башкалар ал тууралуу кандай ойдо? (Элчилер 16:1, 2).

❑ Ата-энесин сыйлайбы? (Чыгуу 20:12).

❑ Өзүмчүл эмеспи? (Филипиликтерге 2:4).

БУЛАРГА КӨЗ ЖУМБА

❑ Ачуусу чукул эмеспи? (Накыл сөздөр 22:24).

❑ Ал сени адеп-ахлаксыз иш кылууга азгырабы? (Галатиялыктарга 5:19).

❑ Анын башкаларга кол көтөргөн же башкаларды сөзү менен кордогон учурлары болобу? (Эфестиктерге 4:31).

❑ Убакытты жакшы өткөрүү үчүн ага сөзсүз ичимдик керекпи? (Накыл сөздөр 20:1).

❑ Кызганчаакпы жана өз пайдасын гана көздөйбү? (1 Корунттуктарга 13:4, 5).

[20-беттеги кутуча]

Ал мага жакшы зайып боло алабы?

НЕГИЗГИ СУРООЛОР

❑ Башчылык принцибине карманарын үйүндө жана жыйналышта кантип көрсөтүп жатат? (Эфестиктерге 5:21, 22).

❑ Кийингени эмнени көрсөтүп турат? (1 Петир 3:3, 4).

❑ Достору ким? (Накыл сөздөр 13:20).

❑ Акчаны сүйбөйбү? (1 Жакан 2:15—17).

❑ Кандай максаттары бар? (1 Тиметейге 4:15).

❑ Максаттарына жетүүгө аракет кылып жатабы? (1 Корунттуктарга 9:26, 27).

❑ Эс алуунун кандай түрүн жакшы көрөт? (Забур 96:10).

❑ Жахабага болгон сүйүүсүн кантип көрсөтүп жатат? (1 Жакан 5:3).

ЖАКШЫ ЖАКТАРЫ

❑ Эмгекчилби? (Накыл сөздөр 31:17, 19, 21, 22, 27).

❑ Акчаны кандай кармайт? (Накыл сөздөр 31:16, 18).

❑ Башкалар ал тууралуу кандай ойдо? (Рут 4:11).

❑ Ата-энесин сыйлайбы? (Чыгуу 20:12).

❑ Өзүмчүл эмеспи? (Накыл сөздөр 31:20).

БУЛАРГА КӨЗ ЖУМБА

❑ Талашып-тартышууга жакынбы? (Накыл сөздөр 21:19).

❑ Ал сени адеп-ахлаксыз иш кылууга азгырабы? (Галатиялыктарга 5:19).

❑ Анын башкаларга кол көтөргөн же башкаларды сөзү менен кордогон учурлары болобу? (Эфестиктерге 4:31).

❑ Убакытты жакшы өткөрүү үчүн ага сөзсүз ичимдик керекпи? (Накыл сөздөр 20:1).

❑ Кызгаанчакпы жана өз пайдасын гана көздөйбү? (1 Корунттуктарга 13:4, 5).