Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дүйнө жүзү боюнча адеп-ахлактын төмөндөшү

Дүйнө жүзү боюнча адеп-ахлактын төмөндөшү

Дүйнө жүзү боюнча адеп-ахлактын төмөндөшү

«АЛДАМЧЫЛЫКТЫН күнү тууду». Бул сөздөр Дейвид Коллагандын жакында жарык көргөн китебинен алынган («The Cheating Culture»). Коллаган алдамчылыктын Кошмо Штаттарда кеңири таралган мындай түрлөрүн атап өткөн: окуу жайлардагы экзамен маалында алдоо, лицензияланбаган аудио жана видео продукцияларды чыгаруу, жумуш убактысын уурдоо, спортто стероид же допинг колдонуу жана медицинада бейтаптардын ишенимин кыянаттык менен пайдалануу... Анан ал мындай корутунду жасайт: «Буларга жүрүм-турум адебин бузуу жана укуктук мамилелерде чынчыл болбоо дегендерди кошсок, коомдогу адеп-ахлактын канчалык муңдуу абалга жеткенин түшүнөбүз».

«Нью-Йорк таймс» гезитинде маалымдалгандай, 2005-жылдын аягында болгон «Катрина» бороон-чапкынынан кийин Кошмо Штаттарда «алдамчылыктын түмөн түрү чыгып, башкаруу системасында өзүм билемдик» күч алган. Американын бир сенатору: «Көз көрүнөө алдым-жуттумдукту жана ысырапчылыкты көргөндө, күйбөй койбойт экенсиң»,— деген.

Албетте, өз кызыкчылыгын издебеген, адамгерчиликтүү инсандар жок эмес (Элчилер 27:3; 28:2). Бирок учурда «алса эмес, берсе», «ушундан бир пайда таап калсам» деген сыяктуу маанайдын басымдуулук кылганы байкалат. Өзүмчүлдүк менен өз көмөчүнө күл тартуу жалпы коомчулукту бийлеп алгансыйт.

Ырастоолор боюнча, тарыхта өзүмчүлдүк, барып турган адеп-ахлаксыздык ири цивилизациялардын, мисалы, Рим империясынын кулашына себеп болгон. Дүйнөдөгү азыркы абал андан да коркунучтуу алааматка алып келиши мүмкүнбү? Ыйык Китепте алдын ала айтылгандай, дүйнө жүзү боюнча тартипсиздик чын эле көбөйүп жатабы? Бул азыркы дүйнөнүн акыры келгенин көрсөтпөйбү? (Матай 24:3—8, 12—14; 2 Тиметейге 3:1—5).

Дүйнөдөгү жагдай

«Африка ньюс» гезитинин 2006-жылы 22-июнда чыккан санында Уганданын жакыр аймагында таралган зордуктоо менен порнографияга байланыштуу семинар өткөрүлгөнү баяндалган. Семинарда «ата-энелердин балдарын тарбиялоого кайдыгер мамиле кылышы сойкулукка жана баңгиликке шарт түзөрү» белгиленген. Гезитте мындай делет: «Кавемпедеги полиция участогунун үйбүлө жана баланы коргоо кызматынын өкүлү Дабанжи Салонгонун айтымында, үйбүлөдөгү зордук-зомбулук жана балдарга катаал мамиле жасалган учурлар азыр болуп көрбөгөндөй көбөйдү».

Бир психиатрдын айтымында, Индиядагы эл «өз маданиятына таандык нормаларды барк албай баратат». Ал эми бир кинорежиссёр: «Баңгилик менен жыныстык адепсиздиктин көбөйүшү Индиянын, Батышты туурап, адеп-ахлаксыздыкка батып баратканын дагы бир ирет көрсөтүүдө»,— дейт.

Пекиндеги Кытай сексология ассоциациясынын башкы катчысы Ху Пейчен: «Мурун биз ак-караны айырмалай билчүбүз. Азыр болсо оюбузга келгендин баарын жасап калдык»,— дейт. Ал эми «Чайна тудей» журналында: «Коом никеден сырткаркы жыныстык байланышты боло жүргөн нерседей эле кабыл алып калды»,— деп маалымдалат.

«Азыр көптөр бирдемени сатыш үчүн чечинип берүүгө, атүгүл жыныстык мамилеге өтүүгө да даяр тургансыйт»,— деп белгиленет Англияда чыккан бир гезитте («Yorkshire Post»). «Мурунку муундар андай жүрүм-турумду барып турган адеп-ахлаксыздык деп эсептемек. Азыр болсо, кайсы жерди караба — ыпылас көрнөк-жарнактар. Порнография... коомчулуктан бекем орун алды». «Мурун 18 жашка чейинкилерге көрүүгө тыюу салынган тасмаларды азыр көптөр үйбүлөсү менен чогуу тартынбай эле көрүп калды,— делет ал гезитте.— Порнографияга каршы күрөшкөндөрдүн билдирүүсү боюнча, андай ыпыластык, биринчи кезекте, жаш балдарга терс таасир тийгизет».

«Нью-Йорк таймс мэгэзин» журналында: «[Кээ бир өспүрүмдөр үчүн жыныстык катнаштары жөнүндө сүйлөшүү] тамак үстүндө отуруп сүйлөшө турган кадимки эле сөздөргө айланды»,— деп жазылган. Бир журналга чыккан 8—12 жаштагы балдарды тарбиялоо боюнча ата-энелерге берилген маалымдамада «кичинекей бир кыздын тайтаңдаган колу менен жазган каты» жөнүндө айтылган. Ал минтип жазган: «Апам мени балдар менен жолугуп, жыныстык катнашта бол деп кыйнап жатат. Мен 12де элемин... Жардам бергилечи!» Мындай көрүнүш аза бойду дүркүрөтпөй коёбу?! («Tweens News»).

Заман кандай гана өзгөрдү! Канадада чыккан «Торонто стар» гезитинде мындай делген: «Мындан бир нече эле жыл мурун гомосексуалисттердин ачыкка чыгып, чогуу жашашы чектен чыккан адеп-ахлаксыздык катары каралчу». Оттавадагы Карлтон университетинин коом тарыхы боюнча мугалими Барбара Фримен: «Азыркылар: „Бул өзүмдүн ишим. Кийлигишкенге эч кимдин акысы жок“,— деп калышкан»,— дейт.

Дүйнө жүзүндө акыркы он жылдык аралыгында адеп-ахлактын чукул төмөндөп кеткени айкын көрүнүүдө. Мындай чукул өзгөрүүнүн себеби эмнеде? Мындай жагдайга силердин жеке көзкарашыңар кандай? Бардыгы ушул бойдон жүрүп отурса, келечек кандай болот?