Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дүйнө кайда баратат?

Дүйнө кайда баратат?

Дүйнө кайда баратат?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ адеп-ахлактын биздин күндөрдө өзгөчө төмөндөөрү кылымдар мурун мындайча сүрөттөлгөн: «Акыркы убакта оор күндөрдүн келерин бил. Анткени адамдар өзүн өзү сүйүүчү, акчаны сүйүүчү... ата-энесине баш ийбес, жакшылыкты билбеген, кудайсыз, таш боор... кара мүртөз, жакшы нерсени жек көргөн, чыккынчы, кара өзгөй, көөдөнүн көтөргөн, Кудайга караганда, ыракатты сүйгөн, такыбаа болуп көрүнгөн, бирок такыбаалыктын күчүнөн баш тарткан адамдар болушат» (2 Тиметейге 3:1—5).

Сен Ыйык Китептеги бул пайгамбарлык дүйнөдөгү азыркы абалды таамай сүрөттөп жатат дегенге кошулат болушуң керек. Ал пайгамбарлык болжол менен 2 000 жыл мурун жазылып, «акыркы убак» деген сөздөр менен башталган. Анда «акыркы убак» деген сөз айкашы эмнени билдирет?

Эмненин «акыркы убагы»?

«Акыркы убак» же акыркы күндөр деген сөз айкашы азыр көп айтылып калды. Аталышында ошол сөз айкашы колдонулган англис тилиндеги китептер жүздөп саналат. Буга «Адептүүлүктүн акыркы күндөрү — Америка согуш маалында» деген китеп мисал («The Last Days of Innocence—America at War, 1917-1918»). Китептин алгы сөзүндө «акыркы күндөр» же «акыркы убак» деген сөз айкашынын адеп-ахлактык өзгөчө төмөндөгөн маалга карата колдонулганы айтылат.

Китепте баса көрсөтүлгөндөй, «1914-жылы өлкөдө [АКШда] тарыхта болуп көрбөгөндөй тез, чукул өзгөрүүлөр башталган». Ооба, 1914-жылы дүйнө бүткүл дүйнөлүк согуштун чеңгелине баткан. Китепте айтылгандай, «ал жалпы элдик согушка айланган: аскер аскерге каршы эмес, эл элге каршы майданга чыккан». Белгилей кетерлик жери, ал согуш Ыйык Китепте айтылган «акыркы убак» башталганда тутанган. Бул жөнүндө ушул макалада кеп кылынат.

Азыркы дүйнөнүн акыры келер алдында, Ыйык Китепте айтылгандай, «акыркы убак» деп аталган мезгил өтүшү керек. Буга чейин дүйнөнү бир ирет чоң кырсык каптаганы Ыйык Китепте мындайча сүрөттөлөт: «Байыркы дүйнө топон суу аркылуу жок болгон». Ал кайсы байыркы дүйнө эле? Нух пайгамбардын күндөрүндөгү кудайсыздар жашаган байыркы дүйнө. Биз жашап жаткан азыркы дүйнөнүн да акыры келет. Бирок чыныгы Кудайга кызмат кылгандардын баары, Нух менен анын үйбүлөсүнө окшоп, аман калат (2 Петир 2:5; 3:6; Башталыш 7:21—24; 1 Жакан 2:17).

Ыйса дүйнөнүн акыры жөнүндө эмне деген?

Ыйса Машайак да «топон суу каптап, баарын жок кылган» «Нухтун убагы» жөнүндө айткан. Ал ошо Топон суунун алдында — байыркы дүйнө жок болор алдында — өкүм сүргөн шарттарды азыркы «дүйнөнүн акыры» келерде өкүм сүрө турган шарттарга салыштырган (Матай 24:3, 37—39). Ал кез Ыйык Китептин башка котормосунда «акыр заман» деп берилет («Мукаддас»).

Ыйса дүйнөнүн акыры келерде жер үстүндөгү жашоо кандай болорун алдын ала сүрөттөп: «Бир элге бир эл, бир падышачылыкка бир падышачылык каршы көтөрүлөт»,— деген. Тарыхчылар андай көрүнүштүн 1914-жылдан тартып байкала баштаганын тастыктоодо. Жогорудагы китепте белгиленгендей, 1914-жылы «жалпы элдик согуш» тутанып, «аскер аскерге каршы эмес, эл элге каршы майданга чыккан».

Ыйса: «Жер-жерлерде ачарчылык, жугуштуу оорулар жана жер титирөөлөр болот. Булардын баары кыйынчылыктардын башталышы гана»,— деген. Ошондой эле «тартипсиздиктин көбөйөрүн» да айтып өткөн (Матай 24:7—14). Мунун баары азыр аткарылууда. Демек, бүгүнкү күндөгү адеп-ахлактын төмөндөшү Ыйык Китептеги пайгамбарлыктын орундалып жатканын далилдейт.

Биз ушул бузулган дүйнөдө кандай жашоо өткөрүшүбүз керек? Элчи Пабыл Римдеги ишенимдештерине кийин адеп-ахлактын төмөндөөрүн, адамдардын «ыпылас кумарга батарын» айткан. «Алардын аялдары да табигый жыныстык байланышты табигый эмес байланышка алмаштырышты,— деген ал.— Ошондой эле эркектер да аялдар менен болгон табигый жыныстык байланышты таштап, бири-бирине кумарын арттырышты. Эркектер бири-бири менен ыпылас ишке барышты» (Римдиктерге 1:26, 27).

Тарыхчылар белгилегендей, биринчи кылымдагы коом адеп-ахлаксыздыкка сүңгүп кирип кеткен учурда, «Ыйсанын жолдоочуларынын чакан тобу такыбалыгы, ак ниеттүүлүгү менен айырмаланып, кумарга баш оту менен берилген бутпарастардын дүйнөсүн айыптаган». Бул бизге ой токтотуп, өзүбүздөн: «Мен жөнүндө эмне дешке болот? Досторум жөнүндөчү? Биз адеп-ахлактык тазалыгыбыз менен башкалардан айырмаланабызбы?» — деп сурап көрүүгө түрткү берет (1 Петир 4:3, 4).

Акылыбызды жана жүрөгүбүздү коргойлу

Ыйык Китепте айтылгандай, биз «кежир, бузулган бул муундун арасында Кудайдын таза, кемчиликсиз, кемтиксиз уулдары» катары жашашыбыз зарыл. Ан үчүн «өмүр сөзүн бекем тутушубуз» керек (Филипиликтерге 2:14—16). Ыйык Китепте Ыйсанын жолдоочулары өздөрүн адеп-ахлаксыздыктан кантип коргой алары көрсөтүлгөн. Ошондой эле Кудай Сөзүндөгү окууларга жана адеп-ахлак нормаларына бекем карманып жашоо бакыт алып келери баса белгиленген.

«Бул дүйнөнүн төрөсү» — Шайтан Ибилис — адамдардын жүрөгүн ээлеп алууга аракеттенүүдө (2 Корунттуктарга 4:4). Ыйык Китепте ал «өзүн Жарыктын Периштеси кылып көрсөтөрү» айтылат. Ага кызмат кылып, аны туураган кызматчылары да ошентишет (2 Корунттуктарга 11:14, 15). Алар эркиндикти, жыргал турмушту убада кылышат. Бирок, Кудай Сөзүндө белгиленгендей, «өздөрү жок болуунун кулдары» (2 Петир 2:19).

Ошондуктан алданып калба: Кудайдын адеп-ахлак нормаларын тебелегендер эртедир-кечтир анын кесепетин тартат. Забурчу мындай деп жазган: «Куткарылуу кудайсыздардан алыс, анткени алар Сенин мыйзамдарыңды [Кудайдын мыйзамдарын] издешпейт» (Забур 118:155; Накыл сөздөр 5:22, 23). Забурчунун айткандарына сен да кошуласыңбы? Кошулсаң, адеп-ахлаксыздыкка акылыңдан да, жүрөгүңдөн да орун бербе.

Бирок көптөр: «Эч кандай жамандык кылбасам болду да...» — дешет. Бул — жаңылыштык. Асмандагы Атабыз бизге адеп-ахлактык жетекчиликти сүйүүсүнөн улам берген: Ал жашообузду чектегиси же көңүлсүз кылгысы келбейт, коргогусу келет. Кудай «пайдалуу нерсеге үйрөтөт» жана кырсыктан алыс болуп, бактылуу өмүр сүрүшүбүздү каалайт. Чынында эле, Ыйык Китепте айтылгандай, Кудайга кызмат кылууда «азыркы жана келечектеги жашоо үчүн убадалар камтылган». Келечектеги жашоо бул — убадаланган жаңы дүйнөдөгү өчпөс «түбөлүк өмүр»! (Ышайа 48:17, 18; 1 Тиметейге 4:8; 6:19).

Ыйык китептик окууларды аткаруудан баш тартып ар кандай кыйынчылыктарга кабылгандардын жашоосу менен ал окууга кармангандардын жашоосун салыштырып көр. Кудайдын тилин алуу менен Анын жактыруусуна ээ болуу, чынында эле, жашоонун эң сонун жолу! «Мени уккандар болсо,— дейт Кудай,— жамандыктан коркпой, коопсуз, бейкапар жашашат» (Накыл сөздөр 1:33).

Адеп-ахлактуу коом

Ыйык Китепте азыркы дүйнө кыйратылганда «кудайсыз [адамдар] жок болору» айтылган. Ошондой эле: «Жерде адил адамдар жашашат, жерде бузулбаган ак ниет адамдар өмүр сүрүшөт»,— делген (Забур 36:10, 11; Накыл сөздөр 2:20—22). Демек, жакында жер адеп-ахлаксыздыктан толук тазаланат жана Жараткандын пайдасы зор окууларын четке каккандар да жок кылынат. Акыры, Кудайды жакшы көргөндөр жерди булуң-бурчуна чейин алгачкы түгөй жашагандай бейишке айлантышат (Башталыш 2:7—9).

Ал ажайып кооз бейиште жашоо кандай гана кубанычтуу болорун элестетип көрсөң! Бейиште жашоо сыймыгына ээ болгондордун арасында миңдеген тирилгендер да болот. Кудай мындай деп убадалайт: «Адил адамдар жерди мурастап, анда түбөлүк жашашат». «Кудай алардын бардык көз жашын аарчыйт. Өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт, анткени мурункунун баары өтүп кеткен» (Забур 36:29; Аян 21:3, 4).

[9-беттеги кыстырма]

Байыркы дүйнө жок кылынганда, Кудайдан корккондор аман калган

[10-беттеги сүрөт]

Азыркы дүйнө кыйратылгандан кийин, жер бети бейишке айланат