Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ичимдиктин кулчулугунан бошондум

Ичимдиктин кулчулугунан бошондум

Ичимдиктин кулчулугунан бошондум

Ичимдикти ченеми менен ичүү көңүлдү көтөрүп, үлпөттү жагымдуураак кылат. Бирок анын айынан айрымдар олуттуу көйгөйлөргө кабылат. Бир кишинин ичимдиктин кулчулугунан кандайча бошонгонун карап көрөлү.

ОШОЛ учурда үйүбүздө кандай абал өкүм сүргөнүн эстесем, азыр да жүрөгүм сыздап кетет. Атам менен апам иччү. Атам мас болуп алып, апамды сабачу, менин да далай жолу таяк жеген күндөрүм болгон. Алар ажырашып кеткенде, мен төрт эле жашта болчумун. Андан кийин таенемдикинде жашап калдым.

Мен өзүмдү эч кимге керегим жок деп ойлочумун. Жети жашымдан эле жертөлөдөн шарап уурдап иче баштагам. Ичкенде жеңилдеп калгандай болчумун. Бир жолу, 12 жашымда, апам менен таенем мен үчүн катуу уруша кетишти. Апам ачуусу менен мени көздөй айрыны ыргытып жибергенде, секирип кетип эле аман калдым. Ушуга окшогон коркунучтуу жагдайлар далай жолу болду. Денедеги жараат бүтсө да, жандүйнөнүн жараланганы оңой менен бүтпөйт экен.

Ошентип, 14кө чыкканда такай иче баштадым. Акыры 17 жашымда үйдөн качып кеттим. Ичип алганда өзүмдү эркин сезчүмүн да, кафе-барларда ызы-чуу салчумун. Жашоодо ичимдиктен башка эч нерседен ыракат албай калгам. Бир күндө 5 литрдей шарап, бир нече бөтөлкө сыра жана башка күчтүү ичимдиктерди мындай эле ичип койчумун.

Үйлөнгөндөн кийин ичкенимдин айынан аялым да көп кыйналды. Барган сайын ызаланып, кыжырым келип, аялымды, балдарымды сабачу болдум. Ошентип, бала чагымда көргөн азапты аларга да көрсөттүм. Тапкан акчамдын баары ичкиликке кетчү. Үйдө эч кандай эмерек жок болгондуктан, аялым экөөбүз жерде жатчубуз. Жашоом кунарсыз болуп, бардыгына кайыл болуп калгам. Андыктан турмушубузду оңдоого аракет деле кылчу эмесмин.

Бир күнү Жахабанын Күбөсү менен сүйлөшүп калдым. Дүйнөдө азап-кайгы эмне үчүн көп экенин сураганымда, ал Ыйык Китептен Кудай бардык кыйынчылыктарды жоюну убадалаганын көрсөтүп берди. Бул мага Ыйык Китепти изилдөөгө түрткү болду. Ыйык Китепте жазылгандарды колдонуп, баштагыдай көп ичпей калгандыгымдан, үйбүлөмдүн жашоосу бир топ жакшырды. Жахаба Кудайга жаккандай жашоо өткөрүп, ага кызмат кылуу үчүн, ичкиликти ташташым керек экенин түшүндүм. Жаман адатым менен үч ай бою күрөшүп, акыры ичкиликтин кулчулугунан бошондум. Алты айдан кийин өзүмдү Жахабага арнап, чөмүлтүлдүм.

Ичкиликти таштагандан кийин карыздарымдан кутулдум. Атүгүл, үйлүү болдум. Жыйналыш жолугушууларына баруу жана кабарга чыгуу үчүн автоунаа да сатып алдым. Ошондой эле өзүн өзү сыйлоо сезимине ээ болдум.

Кээде конокко барганымда спирт ичимдиктерин сунуштап калышат. Менин ичкиликке болгон каалоом менен талыкпай күрөшүп келатканымды, оозума алып койсом эле, мурунку жашоом башталарын баары биле беришпейт. Ичкиликке болгон каалоом дагы деле күчтүү. Андыктан тынбай тиленип, оозума албайм деген сөзүмө бек турууга чечкиндүү болушум керек. Ичким келгенде курамында спирти жок ичимдиктерди мүмкүн болушунча көбүрөөк ичем. Ичкиликти оозума албаганыма он жылдын жүзү болду.

Ооба, Жахаба адамдын колунан келбеген нерсени кыла алат. Ал мага мүмкүн эместей сезилген нерсени кылууга, ичкиликтин кулчулугунан бошонууга, жардам берди. Бала чагымдан жандүйнөм жараланып калгандыктан, азыркыга чейин кыйналам, көңүл чөгөттүк менен да күрөшүп келем. Ошентсе да Кудай менен, жыйналышта чыныгы досторум, Кудайга кызмат кылган үйбүлөм менен жакшы мамиледе болгонум мен үчүн чоң бата. Аялым, балдарым ичкиликке болгон каалоом менен күрөшүүгө колунан келишинче жардам беришет. Аялым мындай дейт: «Мурун менин жашоом чынында эле тозок болчу. Азыр болсо күйөөм жана эки балам менен бактылуу өмүр сүрүп жатам. Бул үчүн Жахабага миң мертебе ыраазымын». (Кат менен келген.)

[21-беттеги кыстырма]

Он төрт жашымда такай иче баштагам

[22-беттеги кыстырма]

Жахаба адамдын колунан келбеген нерсени кыла алат

[22-беттеги кутуча]

ЫЙЫК КИТЕП ЖАНА ИЧИМДИК

▪ Ичкиликти ченеми менен ичүү Ыйык Китепте айыпталбайт. Анда шарап «адамдын жүрөгүн кубандырары» айтылган (Забур 103:14, 15). Ошондой эле шарап жыргалчылык менен коопсуздуктун символу катары саналган (Михей 4:4). Ыйса Машайак да үйлөнүү үлпөтүндө сууну шарапка айландырып, биринчи кереметин жасаган (Жакан 2:7—9). Элчи Пабыл болсо Тиметейдин «тез-тез кармаган оорулары» жөнүндө укканда, ага «аз-аздан шарап да ичип турууну» кеңеш кылган (1 Тиметейге 5:23).

▪ Ыйык Китепте спирт ичимдиктерин ченемсиз ичүү айыпталат:

«Аракечтер... Кудайдын Падышачылыгын мурасташпайт» (1 Корунттуктарга 6:9—11).

«Шарап ичип мас болбогула, анткени бул бузулган жашоого алып барат» (Эфестиктерге 5:18).

«Улуган ким? Онтогон ким? Чатакташкан ким? Кайгырган ким? Себепсиз жараат алган ким? Көзү канталап кызарган ким? Алар — керээли кечке шарап ичип отургандар, алар — күчтүү ичимдикти жакшы көргөндөр. Шараптын кызарганына, чөйчөктө көбүргөнүнө, мелтирегенине караба. Акырында ал сени жыландай, уулуу жыландай чагат. Башка бирөөнүн аялын карайсың, жүрөгүң бузуктукту сүйлөй баштайт» (Накыл сөздөр 23:29—33).

Ушул макалада айтылгандай, ичкиликке берилип кеткендердин айрымдары акылдуулук көрсөтүп, аны такыр эле оозго албоону чечишкен (Матай 5:29).