Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мумбаидеги террордук чабуулдан аман калгандар

Мумбаидеги террордук чабуулдан аман калгандар

Мумбаидеги террордук чабуулдан аман калгандар

ИНДИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

МУМБАИ шаарында, мурдагы Бомбейде, 18 миллиондой эл жашайт жана элдин саны күндөн күнгө өсүүдө. Күнүгө шаардын 6—7 миллиондой тургуну жумушка, окууга, соода кылууга же эс алууга баруу үчүн бат-бат каттап турган поезддерге түшүшөт. Адатта, эл өзгөчө көп боло турган маалда, 1 710 кишилик тогуз вагондуу поездге 5 000дей жүргүнчү түшүп алат. 2006-жылы 11-июлда, ушундай эл өзгөчө көп болгон убакта, Мумбаи шаарынын поезддерине террордук чабуул жасалган. 15 мүнөттүн ичинде эле Батыш темир жолунун ар кайсы поезддеринде 7 бомба жардырылып, 200дөн ашуун киши набыт болуп, 800дөн ашууну жараат алган.

Ал поезддер менен Мумбаидеги жана анын чет-жакасындагы шаарлардагы Жахабанын Күбөлөрүнүн 22 жыйналышынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү да жүрүшчү. Ошол каргашалуу күнү поезддерде Күбөлөр да болгон. Бактыга жараша, алардын кээ бирлери эле жараат алып, бирөө да каза болгон эмес. Анита ошондо жумуштан биринчи класстагы вагондо келаткан. Поездде эл жык-жыйма болгондуктан, барчу жерине жакын калганда, ал эшиктин оозуна барат. Болгон ылдамдыгы менен жүрүп бараткан поезд, капысынан «дүң» дей эле түшүп, вагондун ичин кара түтүн басат. Анита эшиктен башын чыгарып, оң тарапты караса, кийинки вагон жарылып, капталы ажырап, жарым-жартылай ачылып калыптыр. Вагондун ошол жеринен өлгөн кишилердин денелери жана дене мүчөлөрү, колу-буттары ыргып жолдо калып жатканын көрүп төбө чачы тик турат. Поезд бир нече секундда эле токтосо да, ал убакыт Анитага кылымдай сезилип кетет. Ал башка жүргүнчүлөр менен поездден секирип түшүп, алысыраак жерге качып жөнөйт. Анита чөнтөк телефону менен күйөөсүнө, Жонго, чалып, сүйлөшүүгө үлгүрөт. Себеби бир нече мүнөттөн кийин эле, элдин баары телефон чала баштап, байланыш каналдары бошобой калат. Анита күйөөсү менен сүйлөшүп жатканда, өзүн кармоого аракет кылат. Бирок сүйлөшүп бүткөндөн кийин өзүн таштап салат да, өксүп ыйлай баштайт. Ал күйөөсүнө эмне болгонун айтып, келип аны алып кетишин суранат. Күйөөсүн күтүп жаткан маалда, жаан жаай баштайт, анын кесепетинен тергөөчүлөргө керектүү далилдердин көбү жуулуп калган.

Жахабанын дагы бир Күбөсү Клодиес менен эмне болгонун карап көрөлү. Ал жумуштан адаттагыдан эрте чыгып, 17:18де Батыш темир жолунун акыркы станциясынан, «Черчгейттен», поезддин биринчи класстагы вагонуна отурат. «Бхаяндар» станциясына чейин бир сааттык жол болгондуктан, ал өзүнө орундук издеп жүрүп, башка жыйналыштагы Жозеф аттуу Күбөгө жолугуп калат. Алар узун жолду кыскартуу үчүн аркы-беркини сүйлөшүшөт. Андан кийин чарчаган Жозефтин көзү илинип кетет. Поездде киши көп болгондуктан, Клодиес түшчү станциясына аз калганда, эшик жакка жыла баштайт. Ошондо Жозеф ойгонуп, коштошуп коёюн деп, артына кылчаят. Кармагычты кармап турган Клодиес да аны менен коштошуу үчүн эңкейет. Балким, ал ошенткендиктен улам аман калган. Капилеттен «тарс» эткен дабыш чыгат. Вагон катуу солкулдап, түтүн каптап, капкараңгы болуп калат. Клодиес катар-катар орундуктардын ортосуна кулап түшөт. Кулагы чуулдап, эч нерсе укпай калат. Ал мурдагы турган жеринин аңырайып тешилип калганын көрөт. Ал эми жанында тургандардын кээси ыргып кеткен, кээси жерде өлүп жаткан болот. Ал ошол каргашалуу шейшемби күнү жарылган жети жардыруунун бешинчиси эле.

Кийиминин баары кан болгон Клодиес ооруканага жеткирилет. Анын кийими катуу жараат алгандардын канына булганган эле. Клодиес бир аз гана жараат алган: кулагынын тарсылдагы жарылып, колу менен чачы күйүп калган. Ооруканадан ал Жозефке жана анын аялы Анжелага жолугат. Жардыруу болгондо Анжела да айымдар үчүн караштырылган кийинки вагондо экен. Ал эч нерсе болбоптур. Жозефтин көзү көгөрүп, кулагы укпай калыптыр. Ал үчөө аман калганы үчүн Жахаба Кудайга абдан ыраазы болушкан. Клодиес өзүнө келгенде, ага биринчи эле мындай деген ой келген: «Өмүрүңдөн ушинтип көз ачып жумгуча эле айрылып кала турган болсоң, анда бул дүйнөдө акчанын аркасынан сая түшүп, материалдык жыргалчылыктарды көздөө чынында эле акылсыздык». Ал жашоодогу эң негизги нерсеге — Жахаба Кудай менен жакшы мамилеге — ээ болгонуна абдан кубанган.

Мумбаи шаарын кыска мөөнөттүн ичинде эле биринин артынан бири келген кырсык-каргаша баскан: бир нече жолу сел каптап, төңкөрүштөр болуп, террордук чабуул жасалган. Ошентсе да Жахабанын 1 700дөн ашуун Күбөсү эң сонун маанайды чагылдырып, кылмыштуулук толугу менен жок боло турган жаңы заман жөнүндө башкаларга ынталуулук менен айтышууда (Аян 21:1—4).

[23-беттеги кыстырма]

Анын мурдагы турган жери аңырайып тешилип калган

[23-беттеги сүрөт]

Anita

[23-беттеги сүрөт]

Claudius

[23-беттеги сүрөт]

Joseph and Angela

[22-беттеги сүрөттүн булагы]

Sebastian D’Souza/​AFP/​Getty Images