Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тиш догдурга эмне үчүн барып туруу керек?

Тиш догдурга эмне үчүн барып туруу керек?

Тиш догдурга эмне үчүн барып туруу керек?

МЕДИЦИНА тиш дарылоо жагынан азыркыдай жетишкендиктерге жеткенге чейин көптөр жаштайынан эле тиштин азабын тартышкан. Тиштин карарып, кыйшайып же түшүп калганы адамдардын ырайын бузуп келген. Карылар болсо тиши жоктугунан улам жетиштүү тамактана албай эрте эле көз жумушчу. Азыр көптөрдүн тиш оору деген эмне экенин билбей, бир да тиши түшпөй, жылмаюулары жагымдуу болушуна тиш догдурлардын кошкон салымы зор. Медицина мындай ийгиликтерге кандайча жеткен?

Тиш догдурлар тиштин оорушун жана түшүшүн алдын алуу үчүн айрым нерселерди билүү, ошондой эле догдурга маал-маалы менен көрүнүп туруу керектигин баса белгилешет. Ыйса соо кишилер дарыгерге муктаж эмес экенин айткан (Лука 5:31). Чынында, тишти күтө билгендер тиш догдурга чанда эле кайрылышат *. Бирок көптөр тиш догдурга баруудан качат. Кээ бирөөлөрү буга көп көңүл бурбаса, башкалары акчасын аяйт. Дагы бирөөлөр коркушат. Кандай болбосун, тиш догдурга мезгил-мезгили менен көрүнүп туруунун пайдасы барбы? Догдурга алдын ала баруу маанилүү экенин түшүнүү үчүн, тиш догдурлар бизге кантип жардам бере аларын билүү керек.

Тиш эмне үчүн бузулат?

Тиш догдурлар тиштин оорубашы жана түшпөшү үчүн алдын алуу чараларын жүргүзүшөт. Алар кебердин (тишке жабышкан бактериялардын) зыяндуу таасирине каршы күрөшүшүңөргө жардам бере алышат. Тиштин арасына тыгылып калган тамак-аш калдыктары менен азыктанган бактериялар кантты кычкылдыкка айлантат. Ал тиштин эмалын кетирип, анын катуу тканынын жумшарышына алып келет. Натыйжада тиштин борпоң жерлери түшүп, көңдөй пайда болот да, кариес өрчүйт, башкача айтканда, тиш чирийт. Мунун баары адегенде билине бербеши мүмкүн, бирок тиш чирип отуруп, пульпага жеткенде катуу ооруй баштайт.

Кеберди пайда кылуучу бактериянын дагы бир зыяны бар. Эгер аны шотка менен тазалап турбаса, ал бара-бара катууланып, ташка айланат да, бүйлөнү сезгентип, тиштин эти качат. Анан тиш менен бүйлөнүн ортосуна тамактын калдыктары толо баштайт. Бул болсо бүйлөнүн оорушуна себеп болгон бактериялар үчүн жакшы «жем» болот. Тиш догдур силерге ушунун баарын болтурбоо үчүн керектүү чараларды көрүүгө жардам бере алат. Убагында чара көрүлбөсө, тиштин эти катуу жабыркагандыктан, тиш бошоп, түшө баштайт. Тиштин түшүшүнө көбүнчө анын чириши эмес, бүйлөнүн жабыркашы себеп болот.

Шилекей бактериянын тишке да, бүйлөгө да келтирген зыянына каршы күрөшүүдө маанилүү роль ойнойт. Ысык тамакпы же кичинекей эле таттуу бир нерсе жейсиңерби, шилекей 15тен 45 мүнөткө чейинки убакыттын ичинде тишти тамактын калдыктарынан тазалап, кебердеги кычкыл заттарды жок кылат. Тазалоого канча убакыт талап кылынары кант же тамак-аштын калдыктарынын тишке канчалык жабышып калганынан көзкаранды. Дал ошол убакыт аралыгында бактериялар тишке көбүрөөк зыян келтириши мүмкүн. Демек, тиш таттууну канчалык көп жегендиктен эмес, аны же тамакты тез-тез жей бергендиктен бузулат. Шилекей түнкүсүн азыраак бөлүнүп чыгарылгандыктан, жатарда таттуу нерселерди ичип-жеп, тишти тазалабай жатып алуу тишке абдан зыян. Тамактангандан кийин кант кошулбаган сагыз чайноо шилекейдин бөлүнүп чыгышын тездетип, тишти сактоого жардам берет.

Алдын алуу

Тиш догдурлар тишиңердин абалына жараша жылына бир же эки жолу догдурга көрүнүп турууну кеңеш кылат. Алар тишиңерди текшерип, зарыл болсо, рентгенге тартып, кариестин бары-жогун аныктай алышат. Догдурлар тиш кемтиктерин атайын пломбалоочу материал менен толтуруу үчүн ооруну басаңдатуучу дары-дармектерди жана заманбап бормашиналарды колдонуп, оорутпай дарылашат. Дарылатуудан аябай корккондор үчүн алар айрым учурда лазер же тиштин чириген ткандарын эритүүчү гель колдонушат. Андайда ооруну басаңдатуучу дарылар, ошондой эле бормашина колдонулбашы деле мүмкүн. Ал эми балдарды дарылоодо тиш догдурлар алардын жаңыдан чыгып келаткан тишине өзгөчө көңүл бурушат. Алар тиштин чайноочу бетинде аны тазалоого же жууга кыйынчылык туудурган кандайдыр бир одур-бодурлар же арыкчалар барбы, жокпу, текшеришет. Эгер болсо, аларды тазалоого оңой болгудай жылмакай кылуучу, кариестен сактоого жардам берүүчү атайын зат (герметик) менен толтурушат.

Чоңдорго болсо тиш догдурлар бүйлөнүн ооруларын алдын алууга өзгөчө көңүл бурууга жардам беришет. Эгер тиште таш болсо, аны тазалашат. Көптөр тиштин бир эле жагын жууй бергендиктен, догдурлар тишти кантип туура жууш керектигин үйрөтүшөт. Айрым учурда бейтапты ооз көңдөйүн туура күтүү боюнча кеңештерди бере ала турган атайын адиске жиберишет.

Тишти дарылоо

Тиш ооруса, түшүп калса же кыйшык өссө, догдурлардын заманбап техниканы колдонуп, жардам бере алары кубандырбай койбойт. Бирок тиш дарылатуу кымбат болгондуктан, акчаңарды аяшыңар мүмкүн. Ошентсе да көптөр тишти дарылатуу керек деп эсептешет. Анткени дарылоонун аркасында тамакты жакшыраак чайнай аласыңар. Андан сырткары, жылмаюуңар да жагымдуу болуп калат. Себеби жылмаюунун көркүн тиш ачат.

Тиш сынып же карарып калганда, догдурлар винирди, башкача айтканда, кадимки тиштин эмалынын түсүнө окшогон фарфорду колдонушу мүмкүн. Винирди тишке бекитүү менен тиштин өңүн өзгөртүп, формасын калыбына келтирүүгө болот. Ал эми тиш өтө катуу жабыркаганда, ага тишкеп (коронка) кийгизилет. Тишкеп алтындан же тиштин өңүнө окшош башка материалдан жасалып, жабыркаган тишти толугу менен каптагандыктан, тиш жакшы көрүнүп калат.

Тиш салуу жана дарылоо

Ал эми тишиңер түшүп калса же жулдуруп салган болсоңор, тиш догдур кандай жардам бере алат? Анда ал кийме тиш (кийме протез) салат. Же болбосо, жасалма тишти же тиштерди эки таяныч тишке карматат, муну көпүрө сымал протез деп коюшат. Дагы бир кеңири таралган ыкма — бул имплантат (титандан жасалган бурама) орнотуу. Догдур имплантатты түшүп калган тиштин ордуна, тактап айтканда, жаак сөөккө бурап киргизет. Бүйлө калыбына келген соң, жасалма тиш имплантатка бекитилет. Ошентип, ал кадимки тишке окшоп калат.

Кыйшык өскөн тиштеринен улам киши өзүн ыңгайсыз сезиши мүмкүн. Андан сырткары, андай тиштерди тазалоо кыйын болгондуктан, алар бат эле чирий баштайт. Ошондой эле тиштер тегиз өспөсө, оорутуп, чайнаганда кыйынчылык туудурат. Бактыга жараша, тиш догдурлар бул жагынан да жардам бере алышат. Алар кыйшык тиштерди түзөө үчүн тиш түзөткүчтөрдү колдонушат. Заманбап тиш түзөткүчтөр көзгө көп урунбайт жана аларды улам-улам оңдоп туруу талап кылынбайт.

Ооздогу жагымсыз жытты жок кылууга жардам берүүчү адистер да бар. Көптөрдө жагымсыз жыт кээде гана пайда болсо, башкаларда дайыма болушу мүмкүн. Мунун бир нече себеби бар. Кээ бир догдурларда жагымсыз жыттын себебин аныктоо үчүн атайын апараттар болот. Көпчүлүк учурда жагымсыз жыт тилдин түп жагындагы бактериялардан улам пайда болушу мүмкүн. Андайда тилди шотка же атайын тазалагыч менен тазалап туруу керек. Кант кошулбаган сагыз чайноо да пайдалуу, анткени ал шилекейдин көбүрөөк бөлүнүп чыгышына шарт түзөт. Тилди жана тишти сүт азыктарын, эт же балык жегенден кийин тазалоо өзгөчө маанилүү.

Догдурга кайрылуудан коркпогула

Тиш догдурга баруудан корксоңор, тишиңерди дарылай турган догдур силерге коркуу сезиминен арылууга жардам бере алат. Догдурга коркуп жатканыңарды ачык эле айтсаңар болот. Дарылап жатканда ооруса, кандай белги берериңерди аны менен алдын ала макулдашып алгыла. Ушул сунуштарды колдонуу көптөгөн бейтаптарга ашыкча коркпоого жардам берген.

Балким, силер тиш догдурга андан тил угам деп корккондуктан барбайттырсыңар. Же тишиңди жакшылап карабайсың деп айтат деп, уялашыңар мүмкүн. Бирок антип тынчсызданууга себеп деле жок. Анткени бейтаптарга ушундай мамиле кылышса, аларга эч ким кайрылбай коймок. Чынында тиш догдурлардын көпчүлүгү бейтаптарга жылуу-жумшак мамиле жасашат.

Көптөр тиш догдурга кымбат деп барышпайт. Бирок догдурга мүмкүнчүлүгүңө жараша алдын ала кайрылсаң, көптөгөн көйгөйлөрдөн качып, акчаңды да үнөмдөй аласың. Тиш дарылатуунун баасы, сапаты ар жерде ар кандай болушу мүмкүн. Ошентсе да рентген жана жогорку ылдамдыктагы бормашиналар дээрлик бардыгында бар. Андыктан догдурлар бейтаптын тишин көп деле оорутпай дарылай алышат. Ооруну басаңдатуучу дары-дармектер арзан болгондуктан, аларды сатып алууга бардык адамдардын мүмкүнчүлүгү бар.

Тиш догдурлардын максаты — тишиңерди оорутуу эмес, дарылоо. Азыр тиш дарылоо чоңата-чоңенелерибиздин убагындагыга салыштырмалуу алда канча жакшырган. Тишти жакшы күтө билүү денсоолугуңардын чың болушуна, деги эле жашооңорго таасир эткендиктен, тиш догдурга кайрылганыңар дурус эмеспи?! Эгер ошентсеңер, эч качан өкүнбөйсүңөр.

[Шилтеме]

^ 3-абз. Бул макалада тиш догдурлар бизге кандайча жардам берерине көңүл бурулат. Тиш ооруларын алдын алуу үчүн эмне кыла аларыңар тууралуу 2006-жылдын, январь—март айларындагы «Ойгонгула!» журналына чыккан «Жылмаюу көркүн тиш ачат» деген макаланы карагыла.

[29-беттеги схема]

Тиштин түзүлүшү

Эмаль

Дентин

Бүйлө

Нервдерден жана кан тамырлардан турган пульпа

Сөөк

Тиштин кабы

Тамыры

[29-беттеги схема]

Тиштин чириши

Көңдөй

Тишти пломбалоо көңдөйдүн кеңейишин токтотот

Бүйлөнүн сезгениши

Кеберди шотка же атайын жип менен тазалоо керек

Таштарды тазалап турбаса, тиштин эти качат

[30-беттеги схема]

Тиш этинин качышы

Винир тишке бекитилет

Тишкеп

Имплантат орнотуу

Көпүрө сымал протез жасалма тиштерди эки жагынан кармап турат