Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Орто турган канадалык үйбүлөнүн электр энергия үчүн төлөгөн акчасынын болжол менен 5 пайызын токтон суурулбаган электр шаймандарына кеткен токко төлөнгөн акча түзөт («НЭШНЛ ПОСТ», КАНАДА).

Бир сурамжылоо көрсөткөндөй, орусиялыктар өкмөт биринчи кезекте «паракорчулукка» каршы күрөш жүргүзүшү жана «баалардын өспөшүнө» кам көрүшү керек деп ойлошот («ПРАВДА», ОРУСИЯ).

Бир изилдөөгө ылайык, Тайваньдагы 5, 6-класста окуган балдардын 26,4 пайызы «өзүн өзү өлтүрүү жөнүндө ойлонушкан» («ЧАЙНА ПОСТ», ТАЙВАНЬ).

«Техниканын өнүгүшүнөн улам АКШда акыркы жүз жылдын ичинде жумуш күндөрү орто эсеп менен 38 пайызга кыскарса да, жумушка барып-келүүгө, кошумча билим алууга, үй жумуштарын бүтүрүүгө көп убакыт кеткендиктен, көптөрдүн дагы деле бош убактысы жок» («ФОРБС», АКШ).

2003, 2004-жылы завод-фабрикалары көп өлкөлөрдө парник газдардын бөлүнүп чыгышы 1,6 пайызга көбөйүп, «акыркы он жылдын ичинде жогорку деңгээлге жеткен» («РЕЙТЕР», ОСЛО, НОРВЕГИЯ).

Кытайда суу жетишпейт

Кытайдагылар «суунун булганышынын жана таза суунун жетишсиздигинин» айынан жапа чегүүдө. Көптөгөн шаарларда суу тазалоочу системалар болгону менен, каражаттын жетишсиздигинен иштебейт. «Өлкөдөгү дарыя, көл, каналдардын көбү өнөр жайда жана үйдө пайдалануудан чыккан саркынды, айыл-чарбада колдонулуучу уу химикаттары аралашкан суулар менен булганууда»,— деп билдирилет «Уолл-стрит жорнэл» аттуу гезитте. Андан сырткары, 300 миллиондой киши таза сууга жетпей келет. «Бул чынында эле зээнди кейитет»,— делет ошол эле гезитте. Мындай абал күндөн күнгө оорлоп барат.

«Силер кимсиңер? Жахабанын Күбөлөрүсүңөрбү?»

Өткөн жылы католик дининдеги жаштар Масса-Мариттима-Пьомбинон аймагынын епископунун үндөөсү боюнча Италиянын Эльба аралында эс алып жүргөн туристтер менен ишеними тууралуу сүйлөшүшкөн. Епископ жаштарга христиан болууну жана христиан бойдон калууну каалашса, өздөрүнүн ишеними тууралуу башкаларга айтышы керектигин айткан. «Темпо» аттуу гезиттин билдирүүсүнө ылайык, туристтердин көпчүлүгү таң калып, алардан: «Силер кимсиңер? Жахабанын Күбөлөрүсүңөрбү?» — деп сурашкан.

Жыныстык адеп-ахлаксыздыкка үндөгөн музыка

Ассошиэйтед пресс маалымат агенствосунун билдирүүсү боюнча, «жыныстык мамилелерге үндөгөн, уят сөздөр камтылган ырларды» уккан өспүрүмдөр, кыязы, «мазмуну башка ырларды жакшы көргөндөргө караганда, эрте эле жыныстык катнашта боло башташат». Ошол эле билдирүүдө мындай делген: «Андай ырларда эркектер кумарын канааттандырууну гана көздөгөн „аңгидей“, ал эми аялдар эркектердин каалоосун аткаруу үчүн колдонулуучу „буюмдай“ көрсөтүлөт. Ошондой эле махабат сезимдери жана бири-бирине берилгендик жөнүндөгү ырларга караганда, жыныстык адеп-ахлаксыздыкка ачык эле үндөгөн ырлар адамды жаштайынан эле адеп-ахлаксыз жашоо өткөрүүгө үндөйт». Ал билдирүүдө: «Ата-энелер, мугалимдер жана өспүрүмдөрдүн өзүлөрү болобу, ырдын мазмунуна көңүл буруп, ылгай билүүгө тийиш»,— деп да кошумчаланган.

Ысырапчы кардарлар

Австралия институту, изилдөө жүргүзгөн уюм, билдиргендей, австралиялыктар 2004-жылдын ичинде, баасы 5,3 миллиард долларга (4,1 миллиард АКШ доллары) барабар желбей калган тамак-ашты таштандыга ыргытышкан. Бул сумма 2003-жылы башка өлкөлөргө жардам берүүгө кеткен каражаттан 13 эсе ашып түшкөн. Жалпы жонунан алганда, австралиялыктар жыл сайын 10,5 миллиард долларын (8,1 миллиард АКШ доллары) эч качан колдонбогон же чанда эле колдонгон буюмдарга жана ар кандай тейлөө кызматына короткон. Бул суммадагы акча Австралиядагы окуу жайлар менен жолдорду оңдоого сарпталган акчадан алда канча көп.