Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн эстен танып жыгыла берем?

Эмне үчүн эстен танып жыгыла берем?

Эмне үчүн эстен танып жыгыла берем?

Догдур көзүмдүн кан басымын текшергени жаткан. Адатта, андайда көз алмасына атайын шайманды тийгизүү талап кылынат. Андан кийин эмне болорумду билчүмүн. Мен дайыма ушундай болом. Медайым анализ алуу үчүн ийнесин колуна алганда эле баягым кармайт. Кээде кандайдыр бир жарааттар жөнүндө сөз болсо эле бүттү, эстен танып кулап калам.

Канадада жүргүзүлгөн бир изилдөөгө ылайык, ар бир жүз кишинин үчүнчүсү жогоруда айтылган жагдайларда эстен танат. Эгер силер да ушундай адамдардын бири болсоңор, эстен танып жыгылбаш үчүн өзүңөрдү кармоого же элдин көзүнчө кулап калбаш үчүн, киринме бөлмөгө кирип кетүүгө аракет кылган учурларыңар болгон чыгар. Бирок бул кээде кооптуу. Себеби жарым жолдон кулап калып, бир жериңерди кокустатып алышыңар мүмкүн. Улам-улам эле эстен танып жыгыла бергенимден, анын себебин изилдеп чыгууну чечтим.

Бул тууралуу тажрыйбалуу догдур менен сүйлөшүп көрүп, ошондой эле айрым китептерден буга байланыштуу маалымат окуп чыгып, мындай эстен тануу вазовагалдуу деп аталарын билдим *. Буга организмдеги кан айланууну жөнгө салып турган системасынын бузулушу себеп болушу ыктымал. Мисалы, ордуңдан шак тура калганыңда дал ушундай болот.

Айрым учурларда, алсак, канды көргөндө же көз догдурга барганда, вегетативдүү нервдик система туруп турсаңар да же отурсаңар да, жаткандагыдай абалда болот. Корккондуктан жүрөгүңөр бат-бат согуп, анан тез эле жайлап калат, натыйжада бутуңардагы кан тамырлар кеңейет. Ошондо бутка кан көп келип, башка аз барып калат. Мээде кычкылтек жетишсиз болуп калгандыктан, адам эстен танып жыгылат. Муну кантип алдын алууга болот?

Мисалы, анализ алып жатканда башка жакты карап же жатып турсаңар болот. Жогоруда айтылгандай, адатта, жаман болуп баратканыңар өзүңөргө сезилет. Андыктан кандайдыр бир чараларды көрө аласыңар. Көптөгөн догдурлар бутту отургучка же дубалга коюп, өйдө кылып жатууну сунуш кылышат. Анын аркасында кан айлануу калыбына келгендиктен, бир нече мүнөттөн кийин өзүңөрдү жакшы сезип каласыңар.

Эстен танып жыгылууну алдын алып, тез арада кандайдыр бир чараларды көрүү үчүн, балким, бул маалымат силерге да пайдалуу болот. (Кат менен келген.)

[Шилтеме]

^ 4-абз. «Вазовагалдуу» деген сөз адашма нервдин кан тамырларга тийгизген таасирине карата колдонулат (латынча «vas» — «тамыр», «vagus» — «адашма»).

[23-беттеги кыстырма]

Балким, медициналык процедуралардын учурунда жатып турганыңар оң