Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өнөрдөн түбөлүктүү кенч

Өнөрдөн түбөлүктүү кенч

Өнөрдөн түбөлүктүү кенч

Айтып берген: Ракел Койвисто

1950-жылы Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондорго тургузула турган эстеликтер боюнча өткөрүлгөн улуттук сынакта менин жасаган эстелигимдин алгачкы долбоору эң жакшы деп табылды. Бирок кийинки жылы Туусула шаарында (Финляндия) граниттен чегилген көлөмдүү монументимди орнотууга байланыштуу азем өткөрүлүп жатканда, өзүм барган жокмун. Себебин түшүндүрүп берейин.

МЕН 1917-жылы төрөлүп, сегиз баланын кенжеси элем. Үйбүлөбүз Финляндиянын түштүгүндөгү кыштакта турчу. Жашоо шартыбыз жөнөкөй болсо да, мен өзүмдү бактылуу, коопсуз сезер элем. Ата-энем оор басырыктуу, Кудайдан корккон кишилерден болчу. Алар бизди да рухий билимди баалоого үйрөтүшкөн. Үйдө атам сатып келген Ыйык Китеп бар эле. Аны баарыбыз ыйык тутчубуз.

Бала кезимде жыгачтан чакан оюнчуктарды оюп жасаар элем. Атам менен апам аларды абдан жактыра турган. Ошондуктан мени искусствого окуп-үйрөнүүгө үндөшчү. Андыктан кийин Хельсинки индустриалдык дизайн боюнча университетине арыз жазып, кабыл алынып калдым. Финляндиянын искусство тармагынын борбору болуп эсептелген ал университетке өтүү мендей элеттик кыз үчүн кандай чоң окуя болгонун элестетсеңер. Ошон үчүн окууга баш-отум менен кириштим. Ал эми 1947-жылы окууну бүткөндө, бул дүйнөгө түбөлүктүү «из» калтырып кетем деп кыялдангам.

Жашоомдогу өзгөрүү

Бирок арадан көп өтпөй жашоом чукул өзгөрдү. Бир күнү Ауне эжем толкунданып: «Мен чындыкты таптым!» — деди. Ага Жахабанын Күбөлөрү «Кудай акыйкат болсун» (англ.) деген китепти беришиптир. Мен ага анча деле көңүл бурган эмесмин. Кийинчерээк баягы китепти университетте чогуу окуган бир кыздан кайра көрдүм. Аны шылдыңдап күлсөм, ал: «Күлбө: бул китеп Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам берет»,— деди. Бир аз ойлонгон соң, мен ал китепти алып, бир отурганда эле окуп койдум. Натыйжада, мурдагы көзкарашым өзгөрүп, Жахабанын Күбөлөрүнүн айткандары чындык экенине көзүм жетти. Ошондой эле Жахаба Кудайдын түбөлүк өмүр берерин билдим; андай өмүргө искусство аркылуу жетүүгө мүмкүн эмес экени айтпаса да түшүнүктүү эмеспи.

Күбөлөр менен жаңы таанышканда, алар мени жолугушууларына чакырышчу эмес. Ошон үчүн андай жолугушууларга Күбөлөр гана барат го деп ойлогом. Бирок бир күнү: «Жыйналышка мен да барсам болобу?» — деп сурадым. Анан ал жолугушуулар каалагандардын баары үчүн караштырылганын укканда кубанып кеттим. Ошентип, жыйналыш жолугушууларына катышкан сайын ишенимим бекемделе берди. Натыйжада өмүрүмдү Жахабага арноону чечип, Кудайга арналганымды 1950-жылы 19-ноябрда эл алдында чөмүлтүлүү менен көрсөттүм. Эжем да ошол күнү чөмүлтүлдү. Бактыга жараша, кийин дагы төрт эжем менен ата-энем Жахабанын Күбөлөрү болушту.

Өмүр жолун тандоо

Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жаткан кезде искусство тармагында да ийгиликке жетип жаттым. Окууну бүткөндө бир профессор-скульптордун жардамчысы болуп иштей баштагам. Анан, жогоруда айтылгандай, Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондорго арнап жасоого сунуш кылган эстелигимдин алгачкы долбоору улуттук сынактан биринчи орунду ээледи. Ал узундугу беш метрден ашкан эстеликтин «Кайтып келбегендер» деген аталышы менин согушка карата жаңы көзкарашымды чагылдырган эле (Ышайа 2:4; Матай 26:52). Бирок эстеликтин салтанаттуу ачылышына өзүм катышкан жокмун. Себеби ал азем патриоттук маанайда өткөрүлгөндүктөн, Ыйык Китепке негизделген ишенимиме шайкеш келген жок.

Бара-бара скульптор катары дасыгып, элге тааныла баштадым. Андыктан иш боюнча жакшы сунуштар болуп жатты. Бирок мен рухий ишти биринчи орунга коюуну чечип койгом. Албетте, жумушумду жакшы көрчүмүн. Бирок башкаларга рухий жактан жардам берүүгө болгон каалоом күчтүү эле. Ошондуктан 1953-жылы жакшы кабар айтууга убактымды толук арнап, пионер болуп кызмат кыла баштадым.

Кээде мага талантыңды талаага кетирип жатасың деп айтып калышар эле. Бирок мен адамдын скульптор катары жеткен жетишкендиктери убактылуу гана болорун түшүнчүмүн. Граниттен чегилген скульптуралар да убакыттын өтүшү менен акыры талкаланат эмеспи. Ошондуктан убактымдын көбүн башкаларга түбөлүк өмүргө алып баруучу жолго түшүүгө жардам берүүгө арнап, пионер катары кызмат кылууну чечтим (Жакан 17:3). Скульптура өнөрүн деле таштаган жокмун. Ушул күнгө чейин канааттануу алуу үчүн жана күнүмдүк муктаждыктарымды камсыз кылуу үчүн майда айкелдерди жасап сатам.

Элетке көчүү

Хельсинкиде төрт жыл пионер болуп кызмат кылгандан кийин, 1957-жылы, Финляндиянын филиалы Эстерботтендин түштүгүндөгү элет муниципалитетине караштуу аймакта — Яласьярвиде — кызмат кылууну сунуш кылды. Мен жаңы дайындоо алганыма абдан сүйүндүм. Анан ал жактан өзүмөн 17 жаш кичүү Аня Кето менен кызматташа баштадым. Аня экөөбүз мурдатан тааныш болбосок да, чогуу жашап калдык. Ал жерде экөөбүздөн башка Күбө жок эле. Ошондуктан эгиз козудай болуп ээрчишип кабар айтып жүрүп, кийинчерээк кыйышпас дос болуп кеттик.

Яласьярвиге көчүү мен үчүн 20 жыл бою жашаган борбор шаардын скульпторлор чөйрөсүн таштап, мурдагы элет шартына кайтып барууну билдирген. Ал жактын кышы өзгөчө суук болор эле. Кээде белчеден келген карды кечип кабар айтууга туура келчү. Биз чакан, шарты жок үйдө жашачубуз. Сууну жакын жердеги булактан алчубуз. Үйгө киргизип койгон суу түнкүсүн тоңуп кала турган. Бирок биз эч качан өксүк тарткан эмеспиз (1 Тиметейге 6:8). Ал күндөрү бош отурууга убакыт жок эле. Анткен менен биз өзүбүздү бактылуу сезчүбүз.

Үзүрлүү ишти аркалоо

Бирок биздин иш-аракет дароо эле жакшы натыйжа берип кеткен жок. Себеби жергиликтүү калк бизден чочулап жүрдү. Аткарган ишибиздин маңызын түшүндүрүү максатында элге Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жаңы дүйнө коому иш-аракетте» (англ.), «Жаңы дүйнө коомунун кубанычы» (англ.) деген тасмаларды көрсөтүүнү чечтик. Бул көптөргө өзүбүз менен да, уюмубуз менен да таанышууга жардам берди. Алар биздин дүйнө жүзү боюнча жүргүзгөн ишибиздин башкаларга тийгизген оң таасирин байкай алышты. Тасма көргөнү көп эл келди.

Бир жолу Ээро Муурайнен деген кыдыруучу көзөмөлчү элеттеги бир залда «Жаңы дүйнө коому иш-аракетте» деген видеотасманы көрсөттү. Залга эл жык-жыйма толду. Ошондуктан мен бир бурчтан араң орун таптым. Бут коёрго жер жок, тамга жөлөнүп, бир буттап турууга аргасыз болдум. Тасманы көрүп бүткөндөн кийин биз менен таанышып, келип кетишибизди сурангандар көп болду.

Биздин бир чоң магнитофонубуз бар эле. Аны менен фермерлерге Ыйык Китепке негизделген баяндамаларды угузчубуз. Бир жолу бизди бир үйбүлө үйүнө келип ошондой баяндама угузуп кетүүгө чакырды. Кечки саат жетиге болжоштук. Ал жакка ошол айылда жашагандардын баары келмек. Ал күнү эртең менен биз, кечинде келип калабыз деген ой менен, 25 километр аралыктагы айылга велосипед менен жөнөп кеттик. Бирок кайра келатканда күн жаап, жолдун баары ылай болуп калыптыр.

Анан велосипеддерибиз баткакка тыгылып, дөңгөлөктөрү айланбай калгандыктан, жолду карай көтөрүп келүүгө туура келди. Натыйжада болжошкон жагыбызга өз учурунда бара албай калдык. Баягы оор магнитофонубузду көтөрүп, саат түнкү он дегенде араң жеттик. Баары эчак тарап кетти го деген ой менен кирип барсак, эл дагы эле күтүп отуруптур! Баяндаманы угузгандан кийин кызуу талкуу жүрдү. Таңга маал үйгө келгенде, ырп этерге алыбыз калбаптыр. Ошентсе да, жүрөгүбүз кубанычка толуп турду.

Айылдар бири-биринен алыс жайгашкандыктан, жергиликтүү Күбөлөр эски орус машинесин сатып алууга жардам беришкен. Ошондон кийин кабар айтуу бир топ оңойлоп калды. Кийинчерээк машинебиздин «атагы чыкты»: чиркөөдөн бир епископ диний чогулушка келген элди көк машине минген эки аял менен сүйлөшчү болбогула деп эскертиптир. Мындай эскертүү, кайра, элдин бүйүрүн кызытып койгон экен. Андыктан алар: «Ал эмне болгон аялдар болду экен, алардын эмнесинен коркуш керек?» — деп кызыгышыптыр. Бул көптөр менен Ыйык Китептин негизинде жакшы маек курууга шарт түздү. Ошондо Ышайа пайгамбардын: «Сага каршы жасалган бир да курал сени жеңе албайт»,— дегени орундалды (Ышайа 54:17).

Кызматыбыз жүрө-жүрө натыйжа бере баштады. Кызыгуучулардын чакан тобу менен жума сайын жыйналыш өткөрүп калдык. Келгендер көбөйүп отуруп, 1962-жылы 18 Күбөдөн турган жыйналыш ачылды. Көбү аялдар эле. Арадан эки жыл өткөндө Аня экөөбүз ошол эле аймактын муниципалитетине караштуу Юлистарого которулдук.

Кереметтүү айлана

Жаңы барган жагыбыз жаратылышы кооз, бейкут жер эле. Бирок баарынан да жакканы жергиликтүү калк болду. Алар көбүнесе меймандос, кеңпейил экен. Көбү динди бекем туткан, патриот кишилерден болгондуктан, биздин кабарга кыжырланып четке каккандар да болбой койгон жок. Бирок Ыйык Китепке терең урмат менен мамиле кылгандар да көп жолукту. Биз Ыйык Китепти алып чыкканда кээде аялдар үй ишин токтотуп, эркектер өмүрү башынан чечпеген калпагын чечип, кулак салып калышчу.

Жакшы кабар айтып жүргөндө жолуктурган жүрөгү таза, чынчыл кишилер кол өнөрүмө кызыгып калар эле. Мен бош кездерде чоподон бирдемелерди жасап жүрчүмүн. Мага адам турпатынын сүйкүмдүү жактары жагат. Ошон үчүн жасаган айкелдеримдин дээрлик баары адамдарды чагылдырат. Көбү — үй жумушун аткарып жаткан аялдар. Бир журналдагы макалада алар тууралуу мындай деп жазылыптыр: «Ал айкелдер табияттын сулуулугун, бейкуттугун жана тамашакөйлүк менен теңсалмактуулуктун шайкештигин чагылдырат... Алардын артында адамдарга деген жылуу сезим, бай өнөр жатат». Бирок мен өнөрдүн гана артынан кууп калуудан сактанып, Жахабага толук убакытта кызмат кылам деген чечимиме бекем карманчумун.

1973-жылы мага кызыктуу бир жумуш беришти. Жахабанын Күбөлөрүнүн Вантаадагы филиалынын (Финляндия) жаңы кабылдамасына скульптура жасап берүүнү суранышты. Ал Забур 95:11—13-аяттардын негизинде жасалышы керек эле. Ошондо өнөрүмдү Жахабаны даңктоо үчүн колдонгонума аябай сүйүндүм!

Мен пионер болуп кызмат кылган кезде өнөрүмдү көбүнесе өз жан-дүйнөмдү канааттандыруу үчүн колдонуп жүргөм. Бирок 1970-жылы мени эмгек сиңирген скульптор катары пенсияга чыгарышты. Андай болот деп күткөн эмес элем. Албетте, мамлекет тарабынан мындай жөлөк көрсөтүлгөнүнө абдан ыраазы болдум. Бирок: «Жашоомду искусствого арнасам, акыры жетерим ушул беле? Карыганда коопсузураак жашап жатканыма, көбүрөөк акча алганыма эле ыраазы болуп калат белем?» — деген ой туулду. Түбөлүк өмүргө салыштырмалуу бул кандай гана арзыбас нерсе! (1 Тиметейге 6:12).

Кайрадан шаарга келүү

1974-жылы жашообузда, кызматыбызда дагы бир өзгөрүү болду. Биз Турку деген чоң шаарга дайындалдык. Ал кезде шаар кеңейип, жаңы имарат-үйлөр курулуп, көп эл көчүп келип жаткандыктан, Падышалык тууралуу кабар айтуу үчүн жарчылар керек болуп жаткан. Башында ал дайындообузга анча сүйүнгөн жокпуз. Шаардын тургундарына кабар айтуу кыйыныраактай, көбү айткандарыбызга кош көңүл мамиле кылгандай сезилди. Бирок акырындык менен көнүп кеттик. Чынында, Ыйык Китептеги чындыкка кызыккандар көп болуп чыкты.

Аня экөөбүз чогуу кызматташкан жылдар аралыгында 40тан ашуун кишиге жашоосун Жахабага арноого жардам бердик. Ошол рухий балдарыбыз жүрөгүбүздү сүйүнтүп келет! (3 Жакан 4). Акыркы жылдары денсоолугум начарлап кетти. Бирок мен Кудайдын колдоосун сезип, жыйналыштын сүйүүсүн көрүп жатам. Ошондой эле кызматташым Аня да жардам берип, сооронуч болууда (Колосалыктарга 4:11; Забур 54:23). Аня экөөбүз, мындан 50 жылдай мурун кездешкенде, кызматташтыгыбыз өмүр бою созулат деп ойлобосок да керек.

«Өмүр — кыска, искусство — түбөлүк»,— деп айтып калышат. Бирок мен ага кошула албайм. Элчи Пабылдын: «Көрүнгөн нерсе убактылуу, көрүнбөгөн нерсе болсо түбөлүктүү»,— деген сөзүнө кошулам (2 Корунттуктарга 4:18). Өнөрүмдүн аркасында алган кубанычтын баары — көзгө «көрүнгөн нерселер» — убактылуу гана. Алар Жахабага кызмат кылуудан алган кубанычка кайдан жетсин; түбөлүк өмүр бермек беле. Ошондуктан жашоомду көзгө «көрүнбөгөн», искусстводон түбөлүктүү кенчке арнаганыма кандай гана ыраазымын!

[11-беттеги сүрөт]

Гранит монумент жасап жатканда

[13-беттеги сүрөт]

Аня (солдо) менен, 1957-жыл

[14-беттеги сүрөт]

Аня (оңдо) экөөбүздүн азыркыбыз