Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Алар чынында эле узак жашаганбы?

Алар чынында эле узак жашаганбы?

Алар чынында эле узак жашаганбы?

Ыйык Китептеги билдирүүгө ылайык, Адам — 930 жыл, Шет — 912 жыл, ал эми Матушал 969 жыл жашаган. Матушалдын миңге чыгышына 31 эле жыл жетпей калган (Башталыш 5:5, 8, 27). Ошол маалдагы жылдар биздин убактагы жылдарга барабар беле же кээ бирөөлөр айткандай, биздин айларга барабар болгонбу?

Ыйык Китепти кылдат карап чыгуу менен байыркы убактагы жылдардын узактыгы биздин жылдардыкы менен бирдей болгонун биле алабыз. Эгер алардын жылдары биздин айларга барабар болсо, анда ошол маалда жашагандар кичине кезинде эле, мисалы, Кейнан алты, Маалалел менен Энох беш жашында эле балалуу болуп калышмак (Башталыш 5:12, 15, 21).

Мындан сырткары, адамдар байыркы убактан бери эле күндөрдү, айларды, жылдарды эсептеп келишкен (Башталыш 1:14—16; 8:13). Мисалы, Нухтун күндөрү жөнүндөгү майда-барат билдирүүлөрдөн бир айда канча күн бар экенин аныктай алабыз. Башталыш 7:11, 24 менен 8:3, 4-аяттарды салыштырып, беш ай — экинчи айдын 17-күнүнөн тартып жетинчи айдын 17-күнүнө чейин — 150 күнгө барабар экенин көрөбүз. Мындан Нухтун 30 күндү бир ай, ал эми 12 айды бир жыл деп эсептегени айкын болууда (Башталыш 8:5—13) *.

Адамдар кандайча 900 жыл же андан да көп жашаган? Ыйык Китептен Кудай адамдарды түбөлүк жашоого жаратканын жана Адам атанын күнөөсү адамзатка жеткилеңсиздикти, өлүмдү алып келгенин билебиз (Башталыш 2:17; 3:17—19; Римдиктерге 5:12). Ошондой эле Топон сууга чейин жашагандар бизден айырмаланып, жеткилеңдикке жакыныраак болушкан. Ошондуктан алар узак жашай алышкан. Алсак, Матушал Адам атанын жетинчи эле муунунан болгон (Лука 3:37, 38).

Бирок жакында Жахаба Кудай өзүнүн уулу Ыйсанын төгүлгөн канына ишеним көрсөткөндөрдүн баарын Адамдын күнөөсүнүн кесепетинен арылтат. «Анткени күнөө үчүн жаза — өлүм, ал эми Кудайдын белеги — Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр»,— делет Ыйык Китепте (Римдиктерге 6:23). Ооба, жакында Матушалдын 969 жылдык өмүрү бизге көз ирмемдей эле көрүнүп калат!

[Шилтеме]

^ 4-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жазманы түшүнүү» эмгегинин (англ.) 2-томун, 1214-бетин карагыла.

[30-беттеги схема]

1000

Матушал

Адам

Шет

900

 

 

 

800

 

 

 

700

 

 

 

600

 

 

 

500

 

 

 

400

 

 

 

300

 

 

 

200

 

 

 

100

Адамдын орто жашы