Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Баланын сезимдерин эске алгыла

Баланын сезимдерин эске алгыла

6-кадам.

Баланын сезимдерин эске алгыла

Бул эмне үчүн маанилүү? Балдар эң жакшы көргөн жакындарынын — ата-энесинин — алардын сезимдерин түшүнүшүн каалайт. Эгер ата-энелер балдары оюндагысын айтып жатканда аларга каршы сүйлөөнү адат кылып алышса, балдар түнт болуп, өздөрүн ишенимдүү сезбей калышы мүмкүн.

Көйгөй. Балдар сезимдерин билдирүүдө көбүнчө төбө чачты тик тургузган нерселерди айтышат. Чын эле, алардын айткандары ата-энени тынчсыздандырбай койбойт. Мисалы, көңүлү чөккөн бала: «Жашагым келбейт»,— деши ыктымал *. Анда ата-энеси: «Капкаяктагыны айтпачы!» — деп кесе жооп бериши мүмкүн. Анткени алар баланын туура эмес ойлорун же сезимдерин колдоп жаткандай болуп калабыз деп коркушат.

Эмне кылуу керек? Ыйык Китептеги: «Ар бир адам укканга даяр болсун, ойлонуп сүйлөсүн, ачууга алдырбасын»,— деген кеңешке ылайык иш кылгыла (Жакып 1:19). Жахаба Кудай өзүнүн ишенимдүү кызматчыларынын сезимдерин, тынчсызданууларын түшүнөрүн көрсөтүп, алардын Ыйык Китепке жазылышына кам көргөнүн байкасаңар (Башталыш 27:46; Забур 72:12, 13). Маселен, Аюб абдан оор кыйынчылыктарга дуушар болгондо өлгүсү келерин айткан (Аюб 14:13).

Чынында, Аюбдун ою толугу менен эле туура болгон эмес. Бирок ал сезимдерин айтып жатканда, Жахаба сөзүн бөлүп, аны токтоткон эмес. Ал Аюбга чыдамкайлык көрсөтүп, жүрөгүндөгүсүнүн баарын төгүүгө мүмкүнчүлүк берген. Ошондон кийин гана Аюбдун ой жүгүртүүсүн жылуу-жумшак оңдогон. Бир ата мындай дейт: «Жахаба тиленүү аркылуу ичимдегинин баарын айтууга жол берип жатса, балдарыма мага бардык, жакшы да, жаман да, сезимдерин айтууга мүмкүнчүлүк бербегеним адилеттүүлүккө жатат беле?»

Эмки жолу балаңарга «болбогон нерсени айтпачы» же «жөн эле сүйлөй бересиңби» дебестен, Ыйсанын: «Адамдардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла»,— деген «алтын эрежесин» эстесеңер (Лука 6:31). Жумуштан бирөө силерге катуу айтканынан же өзүңөрдүн кандайдыр бир туура эмес кылып алган ишиңерден улам көңүлүңөр чөгүп калды дейли. Анан жакын досуңарга жумуштагы кыйынчылыктарды чече албай жатканыңарды айтып, сезимдериңер менен бөлүшөсүңөр. Андайда досуңардан эмнени күтөт элеңер? «Болбогон нерсени айтпачы» деп айтышын же баарына өзүңдү күнөөлөшүн каалайт белең? Же анын: «Сага аябай эле оор болсо керек»,— деп жубатканы жагымдуу болот беле?

Балдар, чоңдордой эле, кеңеш берген киши аларды жана алардын кыйынчылыктарын чындап түшүнүп жатканын сезгенде гана кеңешти кабыл алышат. Кудай Сөзүндө: «Акылдуу адамдын жүрөгү өз тилин акылдуу кылат, оозундагы билимин арттырат»,— делет (Накыл сөздөр 16:23).

Балдарыңар тилиңерди алышы үчүн дагы эмне кылсаңар болот?

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Балдарыңардын өлгүм келет деп айтканына эч качан көңүл бурбай койбогула.

[8-беттеги кыстырма]

«Аягына чейин укпай туруп жооп берген адам акылсыз, ал уятка калат» (Накыл сөздөр 18:13).