Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бийлигиңерди колдонгула

Бийлигиңерди колдонгула

3-кадам.

Бийлигиңерди колдонгула

Бул эмне үчүн маанилүү? Изилдөөлөргө ылайык, бир журналда: «Мээримдүүлүк менен, бирок ошол эле учурда бийлигин туура колдонгон, башкача айтканда, балдарына кам көрүп, бирок өздөрүнүн чечимдерине бек турган ата-энелердин балдары, балдарына өтө катуу же өтө жумшак мамиле кылган ата-энелердин балдарынан айырмаланат. Алар мектепте жакшы окуйт, башкалар менен оңой тил табыша билет, өзүн ишенимдүү сезет жана берки балдарга караганда бактылуураак болушат»,— делет («Parents»).

Көйгөй. Балдар ымыркай кезинен эле ата-эне менен бийлик талаша баштайт. «Ата-эне бийлигин колдонбосо, бала аны дароо эле байкайт да, баш ийбей коёт»,— деп жазат Жон Роузмонд өзүнүн китебинде. Ал мындай деп кошумчалайт: «Үйдү ким башкарат деген суроо туулганда, ата-эне жетекчиликти колго албаса, балдар андай мүмкүнчүлүктү коё беришпейт» («Parent Power!»).

Эмне кылуу керек? Бийлигимди колдонсом, баламды өзүмдөн алыстатып же жалтак кылып алам деп тынчсызданбагыла. Үйбүлөнүн Негиздөөчүсү Жахаба Кудай балдарга башкаруу укугун берген эмес. Жахаба андай бийликти ата-энелерге берген жана балдардан: «Ата-энеңерге баш ийгиле»,— деп талап кылат (Эфестиктерге 3:14, 15; 6:1—4).

Бийликти колдонуу зөөкүрдүккө жол бербейт. Бийликти колдонуу жагынан Жахаба ата-энелерге жакшы үлгү. Адамдарды өзүнүн эркин аткартууга мажбурлоого анын күчү жетсе да, ал адамдарга: «Оо, сен Менин осуяттарымды уксаң кана! Анда сенин тынчтыгың дарыядай болмок»,— деп кайрылат (Ышайа 48:18). Жахаба биздин ага корккондуктан эмес, сүйгөндүктөн баш ийишибизди каалайт (1 Жакан 5:3). Ал биздин колубуздан келбеген нерселерди талап кылбайт жана анын адеп-ахлак нормалары менен жашасак, бизге пайдалуу болорун да билет (Забур 18:8—11).

Бийлигиңерди теңсалмактуулук менен колдонуп жатканыңарга кантип ынана аласыңар? Биринчиден, Кудай силерден эмнени талап кыларын билгиле. Экинчиден, Кудайдын нормалары менен жашоо өзүңөр үчүн да, балдарыңар үчүн да пайдалуу экенине ынангыла (Римдиктерге 12:2).

Бийликти кантип колдонуу керек?

[5-беттеги кыстырма]

«Уулуңду жазала, ошондо ал жаныңа... кубаныч тартуулайт» (Накыл сөздөр 29:17).