Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын насааты менен тарбиялоонун жемиши

Кудайдын насааты менен тарбиялоонун жемиши

Кудайдын насааты менен тарбиялоонун жемиши

Балдарына жаштайынан тарбия берген ата-энелер кийин эмгегинин үзүрүн көрүшөт. Мисалы, Түштүк Американын Перу мамлекетинде жашаган Дориан төрт жашында эле Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залында өткөрүлгөн Теократиялык кызмат мектебинен биринчи жолу сөз сүйлөп чыккан. Ал эми мектепте окуй баштаганда мугалимине жана классташтарына эмне үчүн Рождествону майрамдабаарын Ыйык Китептин негизинде түшүндүрүп бере алчу.

Беш жашында Дориандан бүт мектептин — болжол менен 500 окуучунун — алдында аталар күнүнө арналган майрамга кандай көзкарашта экенин айтып берүүнү суранышкан. Ошондо ал Ыйык Китептеги Эфестиктерге 6:4кө негизделген «Атанын милдеттери» деген темада 10 мүнөттүк баяндама даярдап, окуучуларга айтып берген. Ал баяндамасын: «Жылына бир жолу аталар күнүн майрамдагандан көрө, балдар ата-энесин күн сайын урматтап, тил алышы керек»,— деген сөздөр менен корутундулаган.

Теократиялык кызмат мектеби 1943-жылы жаштардын да, карылардын да оратордук чеберчиликтерин өрчүтүү максатында негизделип, Жахабанын Күбөлөрүнүн жума сайын өткөрүлүүчү жыйналыш жолугушууларынын бири болуп калган. Ошондон бери бул мектеп ата-энелерге балдарын Ыйык Китептин негизинде тарбиялоого жардам бере турган кошумча чара болуп келатат (Накыл сөздөр 22:6).

2005-жылдын ноябрь айында Швейцарияда жашаган алты жашар Симон Теократиялык кызмат мектебинен Ыйык Китепти окуп берүү тапшырмасы менен биринчи жолу чыгат. Андан бир жылдай өткөн соң, Жахабанын Күбөлөрүнүн чоң жыйынында аны менен маек курушат. Ал бала рухий иштерге кандай караган?

Симон жыйналыш жолугушууларына барганды аябай жакшы көрөт. Бул анын, чарчап турса да, бир да жыйналышты калтырбаганынан байкалат. Ошондой эле ал үйүндөгүлөр менен чогуу кабар айтуу ишине катышып, ай сайын «Күзөт мунарасы» менен «Ойгонгула!» журналдарынын 30дан 50гө чейин нускасын ар кайсы курактагы адамдарга таратат. Андан сырткары, Симон Күбө эмес атасына Ыйык Китептеги чындыкты айтып, аны өздөрү менен чогуу жыйналышка барууга үндөйт.

Ооба, балдарын Жахабанын «үйрөтүүсү жана акыл-насааты менен тарбиялап» жаткан ата-энелер алардын чындык жолуна түшүп, адилдиктин жемишин алып келгенин көрүшкөндө, чексиз кубанары шексиз (Эфестиктерге 6:4; Жакып 3:17, 18).

[10-беттеги сүрөт]

Дориан мектепте

[10-беттеги сүрөт]

Симон Падышалык залында