Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Күнтартибин түзүп, анан ага кармангыла

Күнтартибин түзүп, анан ага кармангыла

5-кадам.

Күнтартибин түзүп, анан ага кармангыла

Бул эмне үчүн маанилүү? Адамдын жашоосунда күнтартип маанилүү роль ойнойт. Адатта, жумуш, сыйынуу, атүгүл эс алуу үчүн да күнтартип керек. Ата-энелер балдарын убактысын бөлүштүрүп, күнтартипке карманууга үйрөтпөсө, балдар зыян тартат. Психология профессору Лоренс Стайнберг мындай дейт: «Эрежелер менен күнтартип балага өзүн коопсуз сезүүгө жардам берип, өзүн-өзү башкара билүүгө үйрөтөрүн изилдөөлөр көрсөттү».

Көйгөй. Жашоо күндөн-күнгө оорлоп баратат. Ата-энелердин убактысынын көбү жумушка кеткендиктен, балдары менен чогуу убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөрү аз болушу мүмкүн. Балдар коюлган эрежелерге башында каршы чыга тургандыктан, күнтартип киргизип, ага кармануу үчүн ата-энелерден өзүн-өзү башкара билүү жана чечкиндүүлүк талап кылынат.

Эмне кылуу керек? Ыйык Китептеги: «Баары өз орду, өз тартиби менен болсун»,— деген кеңешти колдонууга болот (1 Корунттуктарга 14:40). Мисалы, ата-энелердин көпчүлүгү балдарын дайыма бир убакта жаткырууга аракет кылышат. Бирок андай учурду балдарга жагымдуу кылуу керек. Грецияда жашаган Татьяна, эки кыздын энеси, мындай дейт: «Кыздарымды жаткырып, эркелетип, алар мектепте жүргөндө кечке эмне кылганымды айтып берем. Анан алардан эмнени айтып бергиси келерин сурайм. Ошондо алар өздөрүн эркин сезип, ичиндегисинин баарын айтып беришет».

Татьянанын жолдошу Костас болсо кыздарына кызыктуу окуяларды окуп берет. Ал мындай дейт: «Окуп берип жатканымда, алар өз ойлорун айтышат. Анан талкуулашып жатып көп учурда аларды тынчсыздандырган нерселерге өтүп кетебиз. Дароо эле аларды эмне тынчсыздандырарын сурасам, мүмкүн айтпай коюшмак». Албетте, балдарыңар чоңойгондо алардын жатар маалы да өзгөрөт. Бирок алар силер менен мурункудай эле сүйлөшүүнү уланта бериши мүмкүн.

Андан сырткары, үйбүлөлөр күнүнө, жок дегенде, бир жолу чогуу тамактанууну адат кылып алышса болот. Ан үчүн бир аз ийилчээктик талап кылынат. Эки кыздын атасы Чарлз мындай дейт: «Кээде жумуштан кеч келип калам. Баарыбыз чогуу тамактанышыбыз үчүн үйбүлөмө мени күтүүгө туура келет. Андыктан мен келгенче кыздарым ачка болуп кетпеш үчүн жубайым аларга шам-шум эткендей бир нерсе берип коёт. Анан тамак үстүндө отурганда ошол күнкү кылган иштерибиз, кыйынчылыктарыбыз тууралуу сүйлөшөбүз, күндөлүк аятты талкуулайбыз, чогуу күлөбүз. Мындай адат үйбүлөбүздүн бактылуу болушу үчүн абдан маанилүү деп айтар элем».

Күнтартип түзүп, ага кармануу үчүн байлыктын артынан сая түшүп, үйбүлөлүк күнтартибиңердин бузулушуна жол бербегиле. Ыйык Китептеги: «Эң жакшысын ажырата билгиле»,— деген кеңешке кармангыла (Филипиликтерге 1:10).

Балдарыңар менен ынак мамиледе болуу үчүн дагы эмне кыла аласыңар?

[7-беттеги кыстырма]

«Баары өз орду, өз тартиби менен болсун» (1 Корунттуктарга 14:40).