Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Оң маанай сактоо денсоолукту жакшыртабы?

Оң маанай сактоо денсоолукту жакшыртабы?

Оң маанай сактоо денсоолукту жакшыртабы?

«Шайыр жүрөк даба болчу дарыдай»,— деп жазган мындан 3 000 жылдай мурун Ысрайылдын даанышман падышасы (Накыл сөздөр 17:22). Бүгүнкү күндө догдурлар бул сөздөрдүн абдан туура айтылганына кошулат. Бирок көптөрүбүз үчүн «шайыр жүрөккө» ээ болуу оңой эмес.

Учурдагы күнүмдүк түйшүктөрдү жеңип, көңүл чөгөттүк менен терс маанайга алдырбагандар саналуу эле. Ошентсе да, акыркы изилдөөлөр көрсөтүп тургандай, кыйынчылыктарга карабай оң маанай өрчүткөнүбүз акылмандыкка жатат.

Оң маанай сактоо «жакшылыктан, жаркын келечектен үмүт үзбөөнү» билдирет. Оң маанайдагы кишинин ою ишке ашпаганда, ага кандай карайт? Ал жагдай жакшы жагына өзгөрбөйт деп ойлобойт, ошол эле учурда куру кыялга да батпайт. Жок, андай киши кырдаалга туура баа берип, маселени чечүүнүн жолун издейт. Анан жагдай-шарты жол берсе, абалды өзгөртүү же жакшыртуу үчүн чечкиндүү иш-аракет жасайт.

Ал эми терс маанайдагы адам иши оңунан чыкпаганы үчүн көбүнчө өзүн күнөөлөйт. Ал мунун себебин өзүнүн акылсыздыгынан, жөндөмсүздүгүнөн же жылдыздуу эместигинен көрүшү мүмкүн. Натыйжада ал өзүн жолу болбогон адам деп эсептеп алат.

Оң маанай биздин денсоолугубузга, жыргалчылыгыбызга таасир эте алабы? Ооба. АКШнын Миннесота штатынын Рочестер шаарындагы Мейо клиникасында 30 жыл ичинде 800 бейтаптын үстүнөн байкоо жүргүзүлгөн. Андан окумуштуулар оң маанайды сактагандардын денсоолугу жакшыраак болуп, башкаларга караганда узагыраак жашаарын байкашкан. Ошондой эле андай адамдар стресс менен оңой күрөшүп, депрессияга көп чалдыкпаары аныкталган.

Бирок көйгөйлөр чачтан көп болгон азыркы дүйнөдө оң маанай сактоо көптөр үчүн оңой эмес. Ан үчүн эмне кылуу керек? Кутучадагы кеңештерди колдонуу жакшы жардам берет.

Кубанычтуу маанай бардык дартка даба боло албаса да, ал канааттандырарлык, бактылуу жашоого өбөлгө түзө алат. Ыйык Китепте буга байланыштуу мындай делген: «Бактысыздын бардык күндөрү кайгылуу, ал эми жайдары адамда күндө той» (Накыл сөздөр 15:15).

[26-беттеги кутуча/сүрөт]

Оң маанай сактоого жардам берген кеңештер *

▪ Кайсы бир иш натыйжасыз же кубаныч бербечүдөй сезилсе, андай ойду четке как. Жаман жагына эмес, жакшы жагына көңүл бур.

▪ Жумушуңдан канааттануу алууга умтул. Каерде иштебе, кубаныч алып келе турган жактарын изде.

▪ Жашоого оң көзкарашта болгондор менен дос бол.

▪ Жагдайды оңдоо мүмкүн болсо, чечкиндүү иш-аракет кыл. Мүмкүн болбосо, кайгырба.

▪ Күнүгө сага кубаныч тартуулаган үч нерсени жазып жүр.

[Шилтеме]

^ 10-абз. Бул кеңештердин айрымдары Мейо клиникасы чыгарган адабияттан алынды.