Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Силерге түстөрдү ажыратуу кыйынбы?

Силерге түстөрдү ажыратуу кыйынбы?

Силерге түстөрдү ажыратуу кыйынбы?

«Мен кийинип жатканда, аялым кийимимдин өңдөш болушуна көз салат.— дейт Родни.— Эртең менен тамактанарда болсо жемишти өзү тандап берет. Анткени мен анын бышкан-бышпаганын көрбөйм. Жумуштан да компьютердин экранындагы ар кандай түстөрдөн улам курсорду таппай калам. Машине айдап баратканда болсо, шамбелгинин кызылын же жашылын айырмалай албагандыктан, ылдыйкы же өйдөкү жарыктарга көңүл бурам. Ал эми шамбелги туурасынан жайгашкан жерлерде айдоо мен үчүн кыйынга турат».

РОДНИ түстөрдү ажырата албайт. Бул тубаса илдет түс тааныбоо же көздүн өңдү туура ажырата албоо кемчилиги деп аталат. Ал адамга ген аркылуу тукум кууп өтөт да, көздөгү торчо кабыктын — түстөрдү кабыл алуучу сезгич клеткалардын — өңдөрдү ажырата билүү жөндөмүн жабыркатат. Мындай кемчилик Родниде эле эмес, европеид расасындагы адамдарда, ар бир 12 эркектин жана ар бир 200 аялдын биринде кездешет *. Ушул оору менен жабыркагандардын басымдуу бөлүгү, алардын ичинде Родни да, кара менен акты эле эмес, башка түстөрдү да көрө алат. Бирок кээ бир өңдөрдү алар башкачараак көрүшү мүмкүн.

Адамдын көзүнүн торчо кабыгында түстү кабыл алуучу сезгич клеткалардын же колбачалардын үч түрү болот. Алардын ар бири жарык толкунунун узундугуна жараша көк, жашыл же кызыл өңдү айырмалоого сезгич келет. Колбачалар ар кандай узундуктагы жарык толкундарын жуткандан кийин мээге нерв импульстары жеткирилип, адам түстү көрөт *. Бирок өң-түстү туура ажырата албагандарда колбачалардын бир же бир нече түскө болгон сезгичтиги төмөндөп же жарык толкунун узундугун кабыл алуу жөндөмү өзгөрүп кеткендиктен, адам түстү башкача кабыл ала баштайт. Мындай адамдардын көбүнө сары, жашыл, кызгылт сары, кызыл, күрөң түстөрдү айырмалоо кыйынга турат. Андыктан алар кара нандын же сырдын көгөрүп кеткенин көрбөй калышы ыктымал. Ошондой эле ак жумал көк көз кишини кой көз сары кишиден айырмалабашы мүмкүн. Эгер колбачалардын кызыл түстү кабыл алуусу өтө эле төмөндөп кетсе, кызыл роза ага кара болуп көрүнөт. Көк түстү көрбөй калгандар болсо чанда эле кездешет.

Балдардын өң-түстү туура ажырата албоо кемчилиги

Өң-түстү туура ажырата албоо — тукум кууп өткөн тубаса кемчилик. Андай балдар өңдөрдү туура ажыратпаса да, түстөрдү бири-бирине салыштырып айырмалап, түстөрдүн жалпы аталышы менен байланыштырышы ыктымал. Ошондой эле алар буюмдарды түсү боюнча эмес, формасы, түзүлүшү боюнча айырмалоого үйрөнүшү мүмкүн. Ошондуктан көптөр мындай кемчилиги бар экенин кичине кезинде эмес, чоңойгондо гана билишет.

Мектепте, өзгөчө баштапкы класстарда, өңдү айырмалай билүүгө үйрөткөн окуу куралдар көп колдонулат. Ата-энелер жана мугалимдер баланын өңдөрдү айырмалай албаганын көрүп, окууга болгон жөндөмү жок деп жаңылышы ыктымал. Чынында, баланын түстү туура кабыл алуу жөндөмү жабыркаган болушу мүмкүн. Атүгүл бир мугалим беш жашар баланы булуттарды кызгылт, адамдарды жашыл жана жалбырактарды күрөң кылып тартканы үчүн жазалаган. Андай бала үчүн ал өңдөр туурадай көрүнүшү мүмкүн. Ошондуктан айрым өлкөлөрдө кичине кезинде эле балдардын медициналык текшерүүдөн өтүшү талап кылынат.

Бул илдет айыккыс болуп эсептелсе да, убакыттын өтүшү менен күчөбөйт жана көрүү жөндөмүнө таасир этпейт *. Ошентсе да түстү туура ажырата албоо адамды кандайдыр бир деңгээлде кыйнашы мүмкүн. Бирок жакында Кудайдын Падышалыгы астында Ыйса Машайак адил адамдардын жеткилеңсиздигин толугу менен жоёт. Азыр көрүү жөндөмү жабыркаган адамдар ошол убакта Жахабанын иштеринин кандай гана кереметтүү экенин көрө алышат! (Ышайа 35:5; Матай 15:30, 31; Аян 21:3, 4).

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Өң-түстү туура ажырата албоо кемчилиги бардык улуттун өкүлдөрүндө кездешет, бирок көбүнчө европеид расасындагыларда таралган.

^ 4-абз. Жаныбарлардын көбү ар кандай боёкторду көрсө да, түстү кабыл алуусу биздикинен айырмаланат. Алсак, иттердин көзүнүн торчо кабыгында колбачалардын 2 эле түрү жайгашкан: бири — көк түскө; экинчиси кызыл менен жашылдын ортосундагы түстөргө сезгич келет. Ал эми кээ бир канаттуулардын көзүндө колбачалардын 4 түрү бар. Алар адамдарга көрүнбөгөн ультракызгылт көк нурун көрө алышат.

^ 8-абз. Адам кээде кайсы бир оорунун айынан да түстөрдү туура ажырата албашы ыктымал. Эгер силер да өзүңөрдөн ушуну байкасаңар, көз догдурга барууну чечеттирсиңер.

[18-беттеги кутуча]

ТҮСТӨРДҮ АЖЫРАТА БИЛҮҮ ЖӨНДӨМҮНҮН БУЗУЛУШУН АНЫКТОО

Түстөрдү ажырата билүү жөндөмүнүн канчалык деңгээлде бузулганын жана анын түрүн аныкташ үчүн ар кандай өң-түстөгү тегеректер тартылган атайын таблицалар колдонулат. Алардын ичинде 38 таблицадан турган Исихара тести бар. Мисалы, түстү айырмалоо жөндөмү бузулбаган адам күндүзгү жарыкта тестти (солдо) караганда 42 жана 74 деген сандарды көрүшү керек. Ал эми кызыл-жашыл түстөрүн ажырата албагандарга (көбүндө ушундай болот) үстүдөгү сан көрүнбөй, төмөндөгү сан болсо 21 болуп көрүнөт *.

Эгер тесттин жыйынтыгы көрүү жөндөмүнүн бузулганын көрсөтсө, анын тукум кууп өткөнүн же кайсы бир себептерден улам пайда болгонун аныктоо үчүн көз догдур кошумча текшерүүдөн өтүүнү сунушташы мүмкүн.

[Footnote]

^ 15-абз. Бул жерде көрсөтүлгөн тест мисал катары эле келтирилди. Текшерүүнү адистер жүргүзүшү керек.

[19-беттеги кутуча]

ЭМНЕ ҮЧҮН КӨБҮНЧӨ ЭРКЕКТЕРДЕ КЕЗДЕШЕТ?

Түстөрдү туура кабыл алуу жөндөмүнүн тубаса бузулушу X хромосомасына байланыштуу. Аялдарда эки X хромосома бар, ал эми эркектерде бири — X, экинчиси — Y. Аялдын бир X хромосомасындагы түстөрдү туура айырмалоого жооптуу гени жабыр тартса, экинчи X хромосомасындагы ген анын ордун толтурат, ошондуктан аялдардын көрүү жөндөмү бузулбайт. Бирок эркектин X хромосомасындагы түскө жооптуу гени жабыр тартса, анын ордун толтура турган башка X хромосомасы жок.

[Булак]

Color test plates on page 18: Reproduced with permission from the Pseudoisochromatic Plate Ishihara Compatible (PIPIC) Color Vision Test 24 Plate Edition by Dr. Terrace L. Waggoner/www.colorvisiontesting.com

[18-беттеги схема/кутуча]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

ТҮСТӨРДҮ КАНТИП КӨРӨБҮЗ?

Биз көргөн нерселердин жарык шооласы айнек чел менен чечекейден өтүп, торчо кабыгына келип түшөт

ТОРЧО КАБЫГЫ колбачалар менен таякчалардан турат. Экөө биригип жакшы көрүүгө өбөлгө түзөт

КОЛБАЧАЛАР кызыл, жашыл же көк жарыгына сезгич келет

Айнек чел

Чечекей

Торчо кабыгы

Торчо кабыгына сүрөт тескерисинен түшөт, мээ аны туура кылып көрсөтөт

КӨРҮҮ НЕРВИ кабыл алынган маалыматты мээге жеткирет

Таякчалар

Колбачалар

Кызыл

Жашыл

Көк

Түстөрдү туура көрүү

Бузулушу