Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сүйүү көрсөткүлө

Сүйүү көрсөткүлө

2-кадам.

Сүйүү көрсөткүлө

Бул эмне үчүн маанилүү? Балдар сүйүүгө муктаж, ансыз алар «соолуп калышат». 1950-жылдары антрополог Эшли Монтегю мындай деп жазган: «Организмдин өрчүшү үчүн сүйүү абдан зарыл; баланын денсоолугу дээрлик толугу менен ага көрсөтүлгөн сүйүүдөн көзкаранды. Өзгөчө, алты жашка чейин сүйүү көрсөтүү абдан маанилүү». Азыркы окумуштуулар Монтегюнун «балдарга жетиштүү түрдө сүйүү көрсөтүлбөсө, натыйжасы кесепеттүү болуп, балдар жабыркайт» дегенине кошулушат.

Көйгөй. Сүйүү жетишпеген, өзүмчүлдүк өкүм сүргөн азыркы дүйнө үйбүлө түйүнүнүн ыдырашына себеп болууда (2 Тиметейге 3:1—5). Балдарды тарбиялоого байланыштуу эмоциялык жана материалдык кыйынчылыктар жубайлардын ортосундагы көйгөйлөрдү ого бетер оордотууда. Мисалы, балдарды тартипке салууга же аларга жакшы жүрүм-туруму үчүн бир нерсе алып берүүгө карата ата-эненин көзкарашы эки башка болгондуктан, бири-бирин түшүнүү ансыз деле кыйын болуп жаткан жубайлардын араздашуулары мурдагыдан да күчөшү мүмкүн.

Эмне кылуу керек? Үйбүлөң менен чогуу убакыт өткөрүүнү пландаштыр. Ошондой эле жубайың менен да чогуу убакыт өткөрүүгө аракет кылышың керек (Амос 3:3). Балдар уктаган убакытты акылдуулук менен колдонгула. Андай баалуу убакытты телевизорго коротпогула. Дайыма бири-бириңерди сүйөрүңөргө ынандырып, бири-бириңерге көңүл бургула (Накыл сөздөр 25:11; Ырдын ыры 4:7—10). Жубайыңа ачуулана бербей, аны күнүгө мактоонун жолдорун изде (Забур 102:9, 10; Накыл сөздөр 31:28).

Балдарыңарды жакшы көрөрүңөргө ынандыргыла. Жахаба — бул жагынан ата-энелерге жакшы үлгү. Себеби ал Уулун сүйөрүн ачык билдирген (Матай 3:17; 17:5). Австрияда жашаган Флек аттуу бир ата мындай дейт: «Балдар гүлгө окшош. Гүл жарык, жылуулук алуу үчүн күнгө бурулган сыяктуу, балдар да ата-энесинин сүйүүсүнө муктаж болгондуктан жана үйбүлөнүн баалуу мүчөсү экенине ынангысы келгендиктен ата-энелерине кайрылышат».

Никеде турасыңбы же жалгыз бой ата-энесиңби, үйбүлөңдөгүлөргө бири-бирине жана Кудайга сүйүү өрчүтүүгө жардам берсең, үйбүлөлүк жашооңор алда канча жакшырат.

Бирок ата-энелердин бийлигине байланыштуу Кудай Сөзүндө эмне делет?

[4-беттеги кыстырма]

Сүйүү — «жеткилеңдиктин куру»

(Колосалыктарга 3:14).