Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Туура кеңеш издегиле

Туура кеңеш издегиле

1-кадам.

Туура кеңеш издегиле

Бул эмне үчүн маанилүү? Ата-эне жаңы төрөлгөн ымыркайын биринчи жолу колуна алганда ар кандай сезимде болот. Улуу Британияда жашаган Бретт аттуу ата: «Аябай кубанып, ошол эле учурда тынчсыздангам»,— дейт. Моника, аргентиналык бир эне да: «Кыздарымды бага аламбы, жоопкерчиликтүү адамдардан кылып тарбиялай аламбы деп тынчсыздангам»,— деген.

Бул ата-энелердин сезимдерин түшүнөт чыгарсыңар. Бала тарбиялоо — эң кыйын иштердин бири. Анда көңүл кайттыкка учурашыңар мүмкүн, бирок ошол эле учурда канааттануу жана бата да аласыңар. Бир ата айткандай, бала тарбиялоого бир эле жолу мүмкүнчүлүк берилет. Балдардын жыргалчылыгына жана бактылуу болушуна күчтүү таасир этериңерди билгендиктен, силер жакшы ата-эне болуу үчүн туура кеңешке абдан муктаж экениңерди түшүнөт чыгарсыңар.

Көйгөй. Балдарды тарбиялоого карата ар ким ар кандай көзкарашта. Мурда ата-энелер балдарын өздөрүнүн ата-энелеринен үйрөнгөндөрүнө же диний көзкарашына ылайык тарбиялашчу. Бирок азыр көптөгөн жерлерде үйбүлөнүн биримдиги ыдыроодо, дин болсо мурдагы таасирин жоготту. Натыйжада көптөгөн ата-энелер кеңеш алуу үчүн балдарды тарбиялоо боюнча адистерге кайрылууда. Ал адистердин кеңештеринин айрымдары туура эле принциптерге негизделген. Бирок кээде алардын айткандары бири-бириникине карама-каршы келет жана көп өтпөй эскирип калат.

Эмне кылуу керек? Кеңешти балдарды кантип тарбиялоону билген Бирөөдөн — адамзаттын Жаратуучусу Жахаба Кудайдан — изде (Элчилер 17:26—28). Анын Сөзүндө, Ыйык Китепте, жакшы ата-эне болууга жардам берерлик кеңештер да, жакшы ата-энелердин үлгүлөрү да камтылган. Кудай: «Сени башкарып жүрөм, Менин көзүм сенин үстүңдө»,— деп убадалайт (Забур 31:8).

Ата-энелер балдарынын бактылуу болушуна көмөк кылышы үчүн, Кудай кандай кеңеш берет?

[3-беттеги кыстырма]

«Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба» (Накыл сөздөр 3:5).