Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

▪ «Орто эсеп менен азыр америкалыктардын үйүндө адамдан телевизор көп». 2,55 кишиге 2,73 телевизор туура келет. «Америкалык үйбүлөлөрдүн жарымында үч же андан да көп телевизор бар» («АССОШИЭЙТЕД ПРЕСС», АКШ).

▪ Түштүк Африкада күнүгө 82 өспүрүм «башка балдарды зордуктаганы же кордогону» үчүн соттолот. Айыпталгандардын көбү «телевизордон көргөн жаман нерселерди туураганын» мойнуна алат («СТАР», ТҮШТҮК АФРИКА).

Аз уктоо өндүрүмдүүлүктү төмөндөтөт

Жетиштүү уктабагандыктан кээ бир испаниялыктардын ишке жөндөмдүүлүгү начарлоодо. Барселонадагы уйку клиникасынын бөлүм башчысы доктор Эдуард Эстивилл белгилегендей, испаниялыктар башка европалыктарга салыштырмалуу эрте турушат, көбүрөөк иштешет, кечки тамагын кечирээк ичишет жана болжол менен 40 мүнөткө аз укташат. Уйкуга карыз болуу кыжырданууга, коркуу сезимине, эстутумдун начарлашына, депрессияга алып келиши мүмкүн. Ошон үчүн доктур Эстивилл: «Акыл эмгеги менен иштегендер же көңүл топтоону талап кылган башка жумушта иштегендер орто эсеп менен күнүгө 7—8 саат уктоого тийиш»,— деп эскертет.

Буудайды «отун» катары колдонуу

Буудайды «отун» катары колдонуу адамгерчиликке жатабы? Бир немис гезитинде айтылгандай, дандын баасы төмөндөп, күйүүчү майдыкы кымбаттагандыктан, дыйкандарга буудайын сатып, акчасына май алууга караганда буудайын жагуу арзан түшүп калды. 20 цент турган 2,5 кг буудайды өрттөгөндө, 60 цент турган 1 литр күйүүчү майдын жылуулугун алууга болот. Ошол себептүү гезитте: «Башка адамдар ачка отурса, данды күйгүзүү туурабы?» — деген суроо берилет («Frankfurter Allgemeine Sonntagszeitung»).

Рим папасынын келишинен пайда көрүү

2006-жылы Германиядагы өндүрүүчүлөр, сатуучулар жана туризм тармагындагылар Рим папасынын келишинен пайда көрүү үчүн жакшы даярдык көрүшкөн. Чиркөө да ар кандай диний сувенирлерди сатуу жагынан ишкерлерден кем калган эмес. Ал сувенирлерге: теспе, шам, идиштеги ыйык суу, кофе кружкасы, топу, футболка, ачкычтарды бириктирген шакекче жана ватикандык желектер кирген. Жума сайын чыга турган «Шпигель» журналында мындай делген: «Католик чиркөөсү акча жасоого беш колун салды, бул Ыйса Машайактын... ийбадатканадан сатуучуларды кууп чыкканына толук карама-каршы келет».

Видеооюндардын таасири

Айова штатындагы (АКШ) университеттин психологдору «зордук-зомбулук камтылган видеооюндар адамды чыныгы жашоодон алыстатып, ташбоор кыларын» байкашкан. Буга чейинки изилдөөлөр көрсөткөндөй, андай видеооюндарды ойноонун аркасында адам «башкаларга зордук-зомбулук жасоону ойлоп, ачуулуу болуп, кордук көрсөтүүдөн кайра тартпай калат». Кийинки изилдөөдө зордук-зомбулук камтылган жана камтылбаган жөнөкөй видеоооюндарды ойногондорго зордук-зомбулук тартылган фильмдер көрсөтүлүп, алардын жүрөгүнүн согушу жана эмоциялык абалы текшерилген. Натыйжада «зордук-зомбулук камтыган видеооюндарды көп ойногондор ырайымсыздыкка жакын келип, зөөкүр болуп калары» аныкталган.