Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ушакты кантип токтотом?

Ушакты кантип токтотом?

Жаштардын суроолору

Ушакты кантип токтотом?

«Бир жолу бир кечеге баргам. Эртеси эле мени бир бала менен жыныстык мамиледе болду деген ушак тарап кетиптир. Анын баары жалган болчу!» (Линда) *.

«Кээде мени бирөө менен сүйлөшүп жүрөт деп ушакташат. Же ал кызды таанысамчы. Андайлар иштин чын-калпын текшербей эле ушак тарата беришет» (Майк).

УГУП отурсаң, айрым ушактар «сериалдардан» ашып түшөт. Эмбир аттуу 19-жаштагы бир кыз мындай деп кейийт: «Дайыма ушакка калып басып жүрөм. Бир туруп, боюнда бар дешет, бир туруп, далай жолу алдырган дешет. Аз келгенсип, баңгизат сатат, өзү да сайынат деп ушакташат. Ушунун баарын кайдан чыгарышат?! Такыр түшүнбөйм».

Ушак таратуунун азыркы жолдору

Ата-энең жаш кезде акыркы «жаңылыктар» оозмо-ооз таратылар эле. Бүгүн болсо ушак таратуунун жолдору заманга жараша өзгөрдү. Азыр ооз ачпай туруп эле Интернет жана SMS билдирүүлөр аркылуу бирөөнү жаманатты кылып койсо болот. Ан үчүн бир нече сөз жаза коюп, «узун кулактарга» жөнөтүп жиберүү жетиштүү.

Буга чейин ушак таратуунун ыңгайлуу жолу телефон болсо, азыр анын ордун Интернет ээлеген. Кээде Интернеттен бирөөнү жаманатты кылууга арналган веб-сайттарды кездештирүүгө болот. Ошондой эле Интернеттеги «күндөлүктөрдө» — жеке маалыматтар камтылган веб-сайттарда — демейде бетке айтылбай турган ой-пикирлер жык-жыйма. Бир сурамжылоого ылайык, жаштардын 58 пайызы Интернеттен өзүлөрү тууралуу ушактарды окуганын айтышкан.

Башкалар тууралуу сүйлөшүү дайыма эле ушакташууга жатабы? Зыяны жок ушак болобу?

Зыянсыз ушак болобу?

Төмөнкү ой туурабы же туура эмеспи?

Ушак аттуунун баары жаманбы? ОобаЖок

Бул суроого кандай жооп берериң көбүнесе «ушак» деп эмнени түшүнөрүңдөн көзкаранды. Анткени кимдир бирөө тууралуу сүйлөшүү сөзсүз эле ушак эмес. Анын үстүнө, биз Ыйык Китептеги: «Өзүңдү гана эмес, өзгөнү да ойло»,— деген кеңешке ылайык, башкаларга кызыгуу көрсөтүшүбүз керек (Филипиликтерге 2:4). Бирок бул бизге бирөөнүн ишине кийлигишүүгө укук бербейт (1 Петир 4:15). Адатта, үйлөнгөндөр, балалуу болгондор, кимге кандай жардам керек болуп жатканы жөнүндө сүйлөшүүнүн жаман жери жок. Атүгүл, мындай нерселер тууралуу маектешүүнүн пайдасы тийиши мүмкүн. Эгер башкалар тууралуу такыр сүйлөшпөсөк, аларга кызыгуу көрсөтүп жатабыз деп айта алабызбы?

Анткен менен кээде жөпжөнөкөй сөздөр билинбей эле ушакка айланып кетет. Маселен, «Асан менен Толгонай үйлөнүшсө, жакшы түгөй болушмак» деген сөздөн эле, «Асан менен Толгонай үйлөнүшүптүр» деген жалган маалымат тарап кетиши мүмкүн. Балким, ал тууралуу Асан да, Толгонай да эч нерсе билбейт чыгар. Айрымдар: «Айтса айтышкандыр, анын эмнеси бар экен?» — дейттир. Бирок өздөрү Асан менен Толгонайдын ордунда болушса, ушинтип айтат беле?

Ошондой жагдайга кабылган 18 жаштагы Жули мындай дейт: «Аны укканда аябай ачуум келди. Ошондон кийин башкаларга көп ишенбей калдым». 19 жаштагы Жейн болсо: «Мени бир бала менен сүйлөшөт деген ушак тарап кетиптир. Аны уккандан кийин ал баладан качып калдым. Чынында, аны менен дос катары эле сүйлөшчүмүн. Бир чети, ошол ушак үчүн эмнеге аны менен таптакыр сүйлөшпөй калышым керек экен деп ойлоп кетем»,— дейт.

Ооба, кээде ушактын чоң зыян келтирери шексиз. Анткен менен ушактын арты жаман экенин билгендер деле өзүлөрү да башкаларды кеп кылган учурлары болгонун мойнуна алышат. Бирөөгө байланыштуу нааразычылык айтылып жатса, кошулуп кетиш бат эле. Эмне үчүн? «Кээ бирөөлөр өздөрү жөнүндө сөз чыгып кетпесин деп, башкаларды кеп кылганды эп көрөт болуш керек»,— деп ойлойт 18 жаштагы Филип. Эгер сен маектешүүңөрдүн ушакташууга өтүп баратканын сезсең, эмне кылсаң болот?

Ойноп сүйлөсөң да, ойлонуп сүйлө

Мисалга машине көп жүргөн, чоң жолдо машине айдап баратасың дейли. Андай жолдо башкаларга жол берүүгө, бөлөк тилкеге түшүүгө же токтоого туура келет. Эгер кооптуу жагдайды алдын ала баамдай билип, сак болсоң, эки жакта эмне болуп жатканын көрүп, тез иш-аракет кылууга даяр болосуң.

Маек куруу тууралуу да ушуну айтууга болот. Жакшы эле баарлашып жатып, бирөөнүн атын каралоого кирип кетүү бат эле. Андайда сөздү башка «тилкеге» буруп кетүүгө даярсыңбы? Антпесең, ушакка аралашып кеттиң дей бер. Майк деген бир бала: «Мен бир кыз тууралуу эси-дартынын баары эле жигит деп айткан болчумун. Анан ал сөз ошол кызга жетиптир. Жолугуп калганда, менин сөздөрүмдүн ага катуу тийгенин айтты. Анын ошондогу үнү эсимен кетпейт. Экөөбүз чечишип алдык дечи, бирок бирөөнү ошончолук таарынтам деп ойлогон эмесмин. Ошенткенимди эстесем, азыр да жаман болуп кетем».

Ушакка өтүп бараткан сөздү токтотуу үчүн чечкиндүүлүк талап кылынат. 17 жаштагы Каролин: «Негизи, ойлонуп сүйлөгөн жакшы. Айткандарыңды ишеничтүү бирөөдөн укпагандан кийин, жок нерсени тараткан болуп каласың»,— дейт.

Ушакташуудан алыс болуш үчүн төмөндөгү аяттарга ылайык иш кыл:

«Көп сүйлөгөн адам күнөөгө батпай койбойт. Тилин тыйган адам — акылдуу адам» (Накыл сөздөр 10:19). Канчалык көп сүйлөсөң, ашыкча бир нерселерди айтып алып, өкүнүп калышың ыктымал. Оозун тыя албаган киши катары атың чыккандан көрө, уга билген, аз сүйлөгөн адам катары белгилүү болгон жакшы.

«Адил адамдын жүрөгү ойлонуп жооп берет, ал эми мыйзамсыздардын оозунан жаман сөз чыгат» (Накыл сөздөр 15:28). Бир нерсе айтардын алдында ойлон.

«Ар кимиңер жакыныңарга чындыкты айткыла» (Эфестиктерге 4:25). Бир нерсени айтардан мурда, калп-чынын текшерип көр.

«Адамдардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла» (Лука 6:31). Бирөө жөнүндө айткандарың чындык болсо да: «Анын ордунда болсом же бирөө мен жөнүндө ушинтип айтса, өзүмдү кандай сезет элем?» — деп ойлонуп көр.

«Ошондуктан тынчтыкка жана бири-бирибизди бекемдөөгө умтулалы» (Римдиктерге 14:19). Айткандарың чын болгон күндө да, кубаттандырбаса, зыян алып келиши мүмкүн.

«Тынч жашаганга аракет кылгыла, өз ишиңерди кылгыла» (1 Тесалоникалыктарга 4:11). Башкалардын ишине кийлигишпе. Андан көрө убактыңды жакшы иштерге жумша.

Сени ушакташканда...

Өз тилиңди тыйып, башкаларды жамандаба деген кеңештин олуттуулугун бирөөлөрдүн сен жөнүндөгү ушагын укканда сезеттирсиң. «Мындан ары эч ким менен дос боло албайм го деп ойлогом. Канча түн ыйлап чыктым... Баары мен жөнүндө жаман ойдо болуп калгандай сезилген»,— дейт 16 жаштагы Жоан.

Сени ушакташканда эмне кылсаң болот?

Айтылган сөздөрдүн аркасында эмне турганын ойло. Андай сөздөр эмне себептен айтылганын түшүнүүгө аракет кыл. Айрымдар өздөрүн башкалар жөнүндө баарын билерин көрсөткүсү келгендиктен ошентишет. «Алар башкаларды кеп кылганда, өздөрүн кыйынмын дегенчелик кылат»,— дейт 14төгү Карен. Ал эми кээ бир жаштар башкалардын беделин түшүргөн ушак таратканда, өздөрүн алардан өйдөрөөк сезет. 17 жаштагы Рене аттуу кыз айткандай, «кээ бирөөлөр зериккендиктен ушакташып отурушат. Алар ортого от жакканды жакшы көрүшөт. Ошентсе жашоо кызыктуураак болчудай ойлошот».

Ачууга алдырба. Өзүң жөнүндө ушак укканда таарынып, ачууга алдырып жиберсең, кийин өкүнүп каласың. «Ачуусу чукул адам акылсыздык кылышы мүмкүн»,— делет Накыл сөздөр 14:17де. Бул кеңешке ылайык иш кылуу оңойго турбаса да, ичиң күйүп-бышып жатканда, ого бетер сабырдуу бол. Ошондо сени жамандаган киши түшкөн «тузакка» түшпөйсүң.

Көз жумуп кой. Адегенде: «Айтылгандар чын эле мен жөнүндөбү? Ал чынында эле ушакпы же түшүнбөстүкпү? Балким, уккандарымды өтө эле жакын кабыл алып жаткандырмын?» — деп ойлонуп көр. Албетте, ушакты актоого болбойт. Анткен менен ачууң менен бир тийсең, аброюңду ушак эмес, өзүң кетирип алышың мүмкүн. Андан көрө Рененикиндей көзкарашта бол. «Бирөө мени жамандаса, капаланбай койбойм, бирок ага көп деле маани бербейм,— дейт ал.— Анткени алар эртеси эле мени унутуп, дагы бирөөнү сөз кылышат» *.

Ушакты токтотуунун жакшы жолу

Ыйык Китепте айтылгандай, «баарыбыз көп жаңылабыз. Оозунан жаңылбаган адам — бүт денесин ооздуктай алган жеткилең адам» (Жакып 3:2). Андыктан эстүүлүк көрсөтүп, өзүң жөнүндө айтылган ар бир сөзгө көңүл бура бербе. «Анткени сенин жүрөгүң өзүңдүн да бирөөлөрдү жамандаган учурларыңды жакшы билет»,— делет Насаатчы 7:22де.

Ушакты токтотуунун жакшы жолу — өзүңдүн жүрүм-турумуң. Ыйса «акылмандуулук өз иштери менен акталарын» айткан (Матай 11:19). Андыктан башкаларга достук маанайда, сүйүү менен мамиле кыла бер. Муну менен ушактын батыраак токтошуна шарт түзөсүң жана оң маанайыңды сактайсың.

«Жаштардын суроолору» аттуу рубриканын башка сандарын www.watchtower.org/ypu веб-сайтынан карасаңар болот.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Макаладагы ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 33-абз. Кээде сени ушактаган киши менен сылык-сыпаа сүйлөшүп көрүү туура болоттур. Бирок көп учурда ишти териштирүүнүн деле зарылдыгы жок, себеби «сүйүү көп күнөөлөрдү жаап коёт» (1 Петир 4:8).

Ойлонуп көр

▪ Башкаларды ушактоодон кантип оолак боло аласың?

▪ Сен жөнүндө ушак тараса, эмне кыласың?