Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Шарк булуңу Укмуштар дүйнөсү

Шарк булуңу Укмуштар дүйнөсү

Шарк булуңу Укмуштар дүйнөсү

АВСТРАЛИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

ШАРК БУЛУҢУ Австралиянын батышында, Перт шаарынын түндүк тарабында, шаардан 650 километрдей алыстыкта жайгашкан. 1629-жылы голландиялык изилдөөчү Франкойс Пелсарт ал ээн аймакты «жансыз жана каргышка калган, өсүмдүк өспөгөн өлкө» деп атаган. Кийинчерээк ал жакка баргандар аны «Үмүтсүз арал», «Пайдасыз булуң», «Көңүл калтырарлык булуң» деп атап, көңүл кайтыкка учурашканын билдиришкен.

Бирок азыркы күндө Шарк булуңуна жыл сайын 120 000ден ашуун киши барып турат. Ал абдан кооз болгондуктан 1991-жылы Дүйнөлүк баалуу мурастар тизмесине киргизилген *.

Жандыктарга толгон «шалбаа»

Эгер Пелсарт деңиздин тереңине байкоо жүргүзсө, Шарк булуңу аянты 4 000 квадрат километрден ашуун жерди ээлеген дүйнө жүзүндөгү эң чоң жана түрдүү деңиз өсүмдүктөрүнө бай «шалбаа» экенин көрмөк. Вурамел тайыздыгынын өзү эле Шарк булуңунун чыгыш тарабын бойлой 130 километрге созулат.

Гүлдүү деңиз өсүмдүктөрү түрдүү деңиз жандыктарынын жашоосунда негизги роль ойнойт. Алардын арасында жаш креветкалар, майда балыктар, ошондой эле сансыз деңиз жандыктары баш калкалайт. Андан сырткары, ал «шалбаада» 10 000 деп саналган дюгондор же деңиз уйлары «оттошот». Салмагы 400 килограммга чейин жеткен эч кимге зыяны жок ал сүт эмүүчүлөр топ-топ болуп жайыттуу жерлерде жайбаракат сүзүп жүрүшөт. Топтогулардын саны кээде 100дөн ашат. Австралиянын түндүк жээктеринде, батыштагы Шарк булуңунан чыгыштагы Мортон булуңуна чейин, дюгондор дүйнө жүзү боюнча эң көп кездешет *.

Атынан көрүнүп тургандай, Шарк булуңун (Акулалар булуңу) акулалардын ондон ашуун түрү байырлайт. Аларга дүйнө жүзүндөгү эң чоң балыктар: жолборс сымал жырткыч акула жана алп, бирок адамга коркунуч туудурбаган кит сымал акулалар кирет. Ал жакта дельфиндер да кездешет. Бул «дельфин жүргөн жерде акула болбойт» деген сөздүн миф экенин айгинелеп турат. Чынында, окумуштуулар ошол жердеги дельфиндердин 70ке жакын пайызынан акулалардын тишинин тактарын байкашкан. Түрдүү жандыктарга толгон ал булуңга жыл сайын жер которуп, түштүккө карай бара жаткан миңдеген бүкүр киттер токтошот. Ошондой эле булуңдун жээгине жумуртка таштоо үчүн жыл сайын деңиз ташбакалары келет.

Чын эле ташпы?

Шарк булуңунун түштүгүндөгү Хамелин-Пул кичи булуңунда Шарктын башка жактарына салыштырмалуу, бир караганда, жашоо жоктой сезилет. Анткени ал жердин суусу көп буулангандыктан, кадимки деңиз суусунан эки эсе туздуу келет. Булуңдун жээги кара-көк таштар менен курчалган. Алар, чынында, «таш» эмес, колониялуу бир клеткалуу цианобактериялык микроорганизмдердин же көк-жашыл балырлардын аркасында пайда болгон строматолиттер. Ар бир квадрат метрде 3 миллиардга жакын бактерия бар!

Ал микробдор илээшме зат бөлүп чыгарып, деңиз түбүнөн алынган минералдарды катмар-катмар кылып бириктирип, ташка окшогон «үй» жасашат. Бул абдан узакка созулуучу процесс. Мисалы, 30 сантиметрлик строматолит тургузуу үчүн 1 000 жылдай убакыт талап кылынышы мүмкүн!

Дүйнө жүзүндө түрдүү строматолиттер абдан көп кездешкен жер — Хамелин-Пул. Андан сырткары, ал строматолиттер калган саналуу коруктардын бири болуп эсептелинет.

Шарк булуңунун өзгөчөлүгү

Шарк булуңунун өзгөчөлүгү — бул Денем жарым аралынын жээги Монки-Майадагы шише мурун дельфиндер. Монки-Майа — дельфиндер адамдар менен «пикирлешүү» үчүн дайыма келип туруучу жерлердин бири. Дүйнө жүзүндө андай жер жокко эсе. Адам менен дельфиндердин ортосунда андай жакын мамиле качан түзүлгөнү эч кимге белгисиз.

Айрымдардын айтымына караганда, дельфиндер менен болгон достук 1950-жылдары башталган. Андай мамиле бүгүнкү күнгө дейре уланып келет. Кээ бирөөлөрдө дельфиндерге балык берип, алар менен достошуп алууга мүмкүнчүлүк болот. 1964-жылы Монки-Майада жашаган балыкчынын аялы кайыгын тегерене сүзүп жүргөн бир дельфинге балык берип коёт. Чарли деп аталып калган ал дельфин кийинки түнү дагы келип, ошол аялдын колунан балык жейт. Көп өтпөй Чарли башка «досторун» ээрчитип келген.

Ошондон тартып дельфиндердин үч мууну миллиондогон туристтердин көңүлүн ачууда. Андан сырткары, ал дельфиндер аларды изилдөө үчүн ар кайсы өлкөлөрдөн келген 100дөн ашуун биологдор үчүн чоң табылга. Дүйнө жүзүндө дельфиндер эч жерде мынчалык көп изилденбейт.

Дельфиндер балдары менен Монки-Майанын жээктерине дээрлик күн сайын эртең менен келишет. Туристтер алардын келишин чыдамсыздык менен күтүп турушат, бирок балык берүүгө бардыгында эле мүмкүнчүлүк боло бербейт. Себеп? Корук кызматкерлери дельфиндердин колдон жегенге үйрөнүп албашына кам көрүшөт. Анткен менен дельфиндерди көрүүдөн бардыгы ыракат ала алышат. Бир аял кубанганынан: «Адамдар жер жүзүндөгү бардык жан-жаныбарлар менен ушундай мамиледе болсо кана!» — деген.

Мындай каалоо бардык жаныбарлардын адамга баш ийиши керектигине байланыштуу Кудайдын алгачкы ой-ниетине ылайык келерин Ыйык Китептен билүүгө болот (Башталыш 1:28). Эгер жаныбарларды жакшы көрсөңөр, Кудайдын ошол ой-ниети күнөөнүн айынан убактылуу ишке ашпай калганы менен, Кудайдын Падышалыгы — Ыйса Машайактын башкаруусу астындагы асмандагы өкмөт — жерди башкарганда толугу менен аткарыларын билүү силерди кубандырбай койбойт (Матай 6:9, 10; Аян 11:15).

Кудайдын Падышалыгынын башкаруусу алдында жер бети баштагыдай кооз болуп, ар кандай жандыктарга толот. Жакында Шарк булуңу сыяктуу жерлер адамдарга азыркыдан да көбүрөөк ыракат жана кубаныч тартуулайт (Забур 144:16; Ышайа 11:6—9).

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча мамлекеттер аралык уюму (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк баалуу мурастар тизмесине маданият жана жаратылыш баалуулуктарын киргизет.

^ 7-абз. Дюгондор менен ламантиндердин уруусу бир болгону менен, тукуму эки башка. Ламантиндердин куйрук сүзгүчү тегерек, ал эми дюгондордуку дельфиндердикине окшоп, үч бурчтуу келет.

[23-беттеги карта]

АВСТРАЛИЯ

ШАРК БУЛУҢУ

[Булак]

© GBRMPA; satellite map: Jeff Schmaltz, MODIS Rapid Response Team, NASA/GSFC

[24-беттеги сүрөт]

Монки-Майа жээгинин жогорудан көрүнүшү

Строматолиттерди миллиарддаган микроорганизмдер курат

[25-беттеги сүрөт]

Дюгон же деңиз ую

[15-беттеги сүрөттөрдүн булагы]

© GBRMPA

All images, except dugong, supplied courtesy Tourism Western Australia

Дельфиндер Монки-Майанын жээгине дайыма келип турушат