Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үйгө тартип киргизип, анан ага кармангыла

Үйгө тартип киргизип, анан ага кармангыла

4-кадам.

Үйгө тартип киргизип, анан ага кармангыла

Бул эмне үчүн маанилүү? Жоржия университетинин (АКШ) социологу Роналд Саймонс: «Балдардын коюлган чектөөлөрдү, ошондой эле аларды бузушса, кандай жаза аларын билгени жакшы. Болбосо, балдар өзүмчүл жана бактысыз болуп калышат, анан калса, жанындагыларын да бактысыз кылышат»,— деген. Кудай Сөзүндө: «Уулун сүйгөн адам аны бала чагынан жазалайт»,— деп айтылган (Накыл сөздөр 13:24).

Көйгөй. Балдардын жүрүм-турумуна байланыштуу туура чектөөлөрдү коюу жана аларга кармануу убакытты, күч-аракетти, ошондой эле туруктуулукту талап кылат. Адатта, балдар коюлган чектөөлөрдү бузууга канчалык мүмкүн экенин текшерип көрүүгө ийкемдүү келишет. Эки кыздуу Майк менен Соня бул тууралуу: «Балдар — өзүнүн жеке көзкарашы жана каалоолору бар, ошондой эле күнөө кылууга жакын келген кичинекей инсандар»,— деп таамай айтышкан. Алар кыздарын абдан жакшы көрүшөт. Бирок «балдар кээде өз дегенин бербеген жана өзүмчүл болорун» да жакшы билишет.

Эмне кылуу керек? Жахабанын ысрайыл элине кылган мамилесинен үлгү алгыла. Ал өз элине алар аткарышы керек болгон так-даана мыйзамдарды берип сүйүү көрсөткөн (Чыгуу 20:2—17). Ошондой эле мыйзамдарды аткарышпаса, кесепети кандай болорун да айткан (Чыгуу 22:1—9).

Ошондуктан балдардан талап кылынган нерселердин тизмегин жазып коюуга эмне үчүн болбосун? Айрым ата-энелер бир нече, балким, төрт-беш эреже жетиштүү болорун айтышат. Аз, бирок кылдат тандалган эрежелерди аткаруу оңоюраак, аларды эстеп калуу да жеңил. Чектөөнүн тушуна бала аны бузса, кандай жаза аларын жазып койгула. Жазанын өтө эле катуу эмес экенине жана аны чындап эле колдоноруңарга ынангыдай болгула. Баары, анын ичинде, ата-эне да алардан эмне талап кылынарын билиши үчүн ал тизмени мезгил-мезгили менен карап коюп турушу керек.

Бала эрежени бузса, жазалоону создуктурбагыла. Андайда ачууга алдырбай, эрежеге бек карманып, тийиштүү түрдө жазалагыла. Ошол эле учурда ачууңар тарагыча жазалабоо керектигин эсиңерден чыгарбагыла (Накыл сөздөр 29:22). Бирок убакытты создуктурбагыла жана балдарыңар менен соодалашпагыла. Болбосо, балдар эрежелерге олуттуу карабай калышат. Бул Ыйык Китептеги: «Кыянат иштерди кылган адамдар дароо эле жазаланышпайт. Ушундан улам адам баласынын жүрөгү кыянаттык кылуудан коркпойт»,— деген сөздөргө ылайык келет (Насаатчы 8:11).

Бийликти балдардын жыргалчылыгы үчүн дагы кантип колдонууга болот?

[6-беттеги кыстырма]

«„Ооба“ деп айтуу керек болсо, „ооба“ дегиле; „жок“ деп айтуу керек болсо, „жок“ дегиле» (Матай 5:37).