Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үлгү болгула

Үлгү болгула

7-кадам.

Үлгү болгула

Бул эмне үчүн маанилүү? Айтылган сөздөр иштер менен коштолбосо, таасирдүү болбойт. Мисалы, ата-энелер балдарына сылык жана чынчыл болуу керектигин айтышы мүмкүн. Бирок өздөрү бири-бирине жана балдарына кыйкырышса же оңтойсуз абалдан чыгуу үчүн калп айтышса, балдар чоңдор ушундай кылышы керек турбайбы деген ойдо калат. Доктор Сэл Севир ата-эненин үлгүсү «балдарга күчтүү таасир этерин» айткан.

Көйгөй. Баарыбыз, анын ичинде ата-энелер да жеткилеңсиз. Элчи Пабыл мындай деген: «Бардыгы күнөө кетирип, Кудай ээ кыла турган даңктан айрылып калышкан» (Римдиктерге 3:23). Тилибизди ооздуктоого байланыштуу болсо шакирт Жакып: «Тилди эч бир адам багындыра албайт»,— деп жазган (Жакып 3:8). Ошондой эле балдар ата-энесинин ачуусун келтирүүгө жакын келет. Эки кыздын атасы Лэрри, негизи, токтоо киши. Ал: «Кыздарымдын оңой эле ачуума тиерине таң калам»,— дейт.

Эмне кылуу керек? Жеткилең болбосо да, жакшы үлгү көрсөтүүгө умтулгула. Кетирген катаңардан да балдарыңар сабак алгыдай болсун. «Ачууга алдырганда же балдарыма терс таасир эткен туура эмес нерселерди кылып алганда, катамды мойнума алып, кечирим сурайм. Бул балдарыма ата-энелер да ката кетирерин жана баарыбыз жүрүм-турумубузду жакшыртуу үчүн иштешибиз керек экенин түшүнүүгө жардам берди»,— дейт эки кыздын атасы Крис. Буга чейин сөз кылынган Костас болсо: «Ачууга алдырганым үчүн кечирим сурагандыктан, кыздарым да ката кетиргенде кечирим суроого үйрөнгөнүн байкадым»,— дейт.

Жахаба Кудай: «Аталар, силер да балдарыңарды кыжырдантпагыла, аларды Теңирдин үйрөтүүсү жана акыл-насааты менен тарбиялагыла»,— дейт (Эфестиктерге 6:4). Кимдир бирөөнүн кылганы айтканына төп келбесе, бул чоңдорго караганда балдарды көбүрөөк кыжырдантат. Андыктан ар бир күндүн аягында өзүңөрдөн: «Бир күн кечке чейин лам деп ооз ачпасам, балдарым жүрүм-турумумдан эмнеге үйрөнүшмөк? Балдарымдын ушундай нерселерге үйрөнүшүн каалайт белем?» — деп сурап көргүлө.

[9-беттеги кыстырма]

«Сен башкаларды үйрөтүп, өзүң эмнеге үйрөнбөйсүң?» (Римдиктерге 2:21).

[9-беттеги сүрөт]

Ата-энелер кечирим сураса, балдары да кечирим суроого үйрөнөт