Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын сүйүүсүнүн кылымдарды карыткан далили

Кудайдын сүйүүсүнүн кылымдарды карыткан далили

Кудайдын сүйүүсүнүн кылымдарды карыткан далили

ДҮЙНӨНҮН «жети керемети». Минтип байыркы мезгилде көркөмү көздүн жоосун алган, эң бир ажайып статуя менен курулуштар аталган. Бирок азыр, пирамидаларды эсепке албаганда, алардын бири да жок. Ал эми Ыйык Китеп тез көөнөргөн материалдарга, жөнөкөй эле адамдар тарабынан жазылса да, азыркыга чейин өзгөрүүсүз сакталып калган. Биз ал өзгөчө китепке толугу менен ишенсек болот (Ышайа 40:8; 2 Тиметейге 3:16, 17).

Кудай өз Сөзүнүн кагаз бетине түшүрүлүшүнө кам көргөн. Ошонун аркасында анын ойлору адамдардын жеткилеңсиз эстутумунун таасири астында өзгөрүлүп кеткен эмес. Дагы бир өзгөчөлүгү, Ыйык Жазма жөнөкөй тил менен жазылган, ошол себептүү аны билими чектелүү адамдар да окуп-түшүнө алышат (Элчилер 4:13). Кудай Сөзү чынында эле ушундай болушу керек эмеспи? Ыйык Китептин дүйнөнүн булуң-бурчуна чейин жетиши Кудайдын аң-сезимдүү жаратууларына, жердин ар кайсы бөлүгүндө жашаган, ар башка тилде сүйлөгөн адамдарга болгон зор сүйүүсүн далилдейт (1 Жакан 4:19). Ыйык Жазманын мынчалык кеңири таралышы анын эч нерсеге арзыбаарын эмес, тескерисинче, абдан бааланарын көрсөтөт.

Кудайдын сүйүүсү жөнүндө Ыйык Китепти окуунун аркасында көбүрөөк билебиз. Буга чейинки макалаларда Кудай Сөзүндө адам баласынын кантип жаралганы, жашоонун эмне үчүн ушунча кыска жана азаптуу экени түшүндүрүлгөн. Ошондой эле Кудайдын Падышалыгы аркылуу азыркы жагдайды кантип оңдоору айтылган. Анда азыртадан эле бактылуу, канааттандырарлык жашоо өткөрүүгө жардам бере турган мыкты кеңештер камтылганын да көрдүк (Забур 18:8—12; Ышайа 48:17, 18). Баарынан маанилүүсү, Жараткандын өз ысмын Шайтандын жапкан жалааларынан кантип актай турганын билдик (Матай 6:9).

Дагы кайсы китеп баалуулугу, акылмандыгы, кеңештери менен өзгөчөлөнүп, азап тарткан адамзатка үмүт бере алат? Жалган кудайларды же колунда бийлиги бар адамдарды даңкташ үчүн жасалган байыркы «жети кереметтен» айырмаланып, Ыйык Китеп Жахабанын адамзатка карата болгон зор сүйүүсүнүн кылымдарды карыткан далили.

Ыйык Китепти изилдеп көрдүңөр беле? Ал тууралуу көбүрөөк билгиңер келеби? Учурда Жахабанын Күбөлөрү дүйнө жүзү боюнча алты миллиондон ашуун адамга Ыйык Китепти изилдөөгө акы албай жардам берүүдө. Алар акниет адамдарга Ыйык Китептин чынында эле ыйык рухтун жетеги менен жазылганына жана ишенүүгө татый турганына ынанууга көмөктөшүүнү сыймык көрүшөт (1 Тесалоникалыктарга 2:13).