Төгөрөктүн төрт бурчунда
Төгөрөктүн төрт бурчунда
▪ Ыйык Жазманын «Жаңы дүйнө котормосунун» толук котормосу 43 тилде (алардын үчөө Брайл арибинде) жарык көргөн. Ал эми «Жаңы дүйнө котормосунун» Грек Жазмалары 18 тилде (алардын бири Брайл арибинде) басылып чыккан. Аталган котормонун жалпы нускасы 2007-жылдын июль айында 143 458 577ге жеткен.
▪ Ыйык Китептин эң алгачкы колжазмаларынын бири болуп Сандар 6:24—26-аяттарга негизделген «Ыйык кызмат кылуучунун батасы» деп аталган колжазма эсептелет. Ал түрмөк түрүндө жасалган эки күмүш тумарга чегилген. Аны б.з.ч. 7-кылымдын аягына же 6-кылымдын башына таандык деп эсептешет («ЫЙЫК КИТЕПТИК АРХЕОЛОГИЯ ОБЗОРУ», АКШ).
▪ 2006-жылдын 31-декабрына чейин Ыйык Жазманын, бери дегенде, 1 китеби жарык көргөн тилдер менен диалектилердин саны 2 426га жеткен — бул мындан мурунку жылга салыштырмалуу 23 тилге көп («БИРИККЕН ЫЙЫК КИТЕПТИК КООМДОР», УЛУУ БРИТАНИЯ).
▪ Америкалыктардын орто эсеп менен 28 пайызы «Ыйык Китеп — Кудайдын Сөзү... аны түзмө-түз түшүнүү керек» деп эсептейт; 49 пайызы «анын Кудайдын шыктандыруусу менен жазылганына ишенет, бирок андагы маалыматтын баарын түзмө-түз түшүнүүгө болбойт» деген көзкарашта; ал эми 19 пайызынын ою боюнча, аны «уламыштар менен жомоктор» түзөт («ГЭЛЛАП ЖАҢЫЛЫКТАР БӨЛҮМҮ», АКШ).
Эң байыркы кытай Ыйык Китеби жөнүндө айтылганбы?
«Эврей Ыйык Китебинин кытайчага которулгандыгы жөнүндөгү эң байыркы билдирүү б.з. 781-жылына таандык болгон күмбөз ташынан [солдо] табылган»,— дейт Пекин университетинин окумуштуусу Ии Чень. Несторийчи христиандар тарабынан тургузулган ал таш 1625-жылы Сиан шаарынан табылган. Чендин айтымы боюнча, «күмбөз таштын аталышы кытайчадан: „Дацинден келген, жарык чачкан динди Кытайга жайылтуу эстелиги“ деп которулат. («Дацинь» деген сөз кытайларда Рим империясын билдирген.) «Күмбөз таштагы кытайча иероглифтерди окуп жатып, „анык канон“ жана „Ыйык Китепти которуу“ деген сөздөрдү кезиктирдик»,— дейт Чень.
[30-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]
© Réunion des Musées Nationaux/Art Resource
Сазда сакталып жаткан кенч
2006-жылы Ирланд жумушчулары чымдуу саздан болжол менен б.з. 8-кылымына таандык болгон Забур китебин таап алышкан. Ошончо кылымдан бери биздин күндөргө чейин сакталып калган колжазмалар абдан аз кезиккендиктен, ал латын колжазмаларын чыныгы кенч десе болот. «Китептин пергаменттен жасалган 100гө жакын бети жана мукабасы күнү бүгүнкүдөй жаңы. Китеп булгаары кап менен капталып, бактын кабыгынан токулган баштыкчага салынган. Баштыкчанын жана каптын калдыктарына караганда, ал китеп мындан 1 200 жыл мурун викингдер кол салган маалда атайы жашырылып коюлган көрүнөт»,— делет Лондондо басылып чыккан «Таймс» гезитинде. Барактары бири-бирине жабышып, айрым жерлери керектен чыгып калса да, адистер аларды бири-биринен ажыратып, сактап коюуга болот деген ойдо.
Топурактан табылган тарых
Археологдордун билдирүүсүнө ылайык, Иерусалимдеги ийбадаткана турган тоодон ташылып келинген топуракты ыргоо маалында миңдеген табылгалар табылган. Табылгалардын кээси ысрайылдыктардын (израилдиктердин) дооруна чейинки убакка таандык болуп чыккан. Алардын арасында табылган найза учу Иерусалимдеги биринчи ийбадаткананы талкалаган Небухаданасардын (Навуходоносордун) аскерлери колдонгон найзаларга окшош экени байкалган. Бирок, баарынан да, б.з.ч. 7—6-кылым менен белгиленген чопо мөөр кызыгуу туудурган. Анда Гедалияху Бен Имейир Ха-Кохен деген еврей аты чегилген деп ырасталат. Археолог Габриэл Баркейдин айтымында, анын ээси «Ыйык Китепте [Жеремия 20:1] айтылган ыйык кызмат кылуучу жана ийбадаткананын башчыларынын бири Пашкур Бен Имейирдин биртууганы» болушу ыктымал.