Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акчаны канткенде туура колдоно алам?

Акчаны канткенде туура колдоно алам?

Жаштардын суроолору:

Акчаны канткенде туура колдоно алам?

«Мен анча деле зарылдыгы жок, акчам да жетпеген нерселерди арзандатылганы үчүн эле сатып алгым келе берерин көп байкайм» (Анна *, Бразилия).

«Кээде досторум мени чогуу эс алып келүүгө чакырышат. Андайда көп акчам кетсе да, досторум менен көңүл ачып келгим келет. Кимдин эле: „Бара албайм, шартым жок“,— деп айткысы келсин» (Жоан, Австралия).

САГА качан болсун акча жетпей жаткандай сезилеби? Балким, сен ата-энеңен адаттагыдан көбүрөөк акча алсаң, кайсы бир буюмду сатып алат элем деп ойлойттурсуң. Же чөнтөгүң бир аз калыңыраак боло түшсө, сага «аябай керек болуп жаткан» буткийим сатып алгың келеттир. Бирок качан болсо акча деп кайгырып жүргөндөн көрө, колуңда турган акчаны үнөмдүү пайдаланууга үйрөнүү жакшы болуп жүрбөсүн?

Эгер ата-энең менен бирге турсаң, акча кармаганды өз алдыңча жашай баштаганда үйрөнүп кетем дейттирсиң. Бирок ал парашютту колдонууну билбей туруп, самолёттон секирүүгө тете. Андайда зуулдап ылдый көздөй учуп баратканда, парашюттун кайсы жеринен ачыларын таап алышың мүмкүн. Ошентсе да аны секирерден мурда билип алуу алда канча жакшы эмеспи?!

Ошо сыяктуу, акча-каражатын өз алдынча кармай баштаганга чейин эле аны пайдалана билүүнү үйрөнүп алганың оң. Сулайман падыша акчанын «далдаа» болуп бере аларын айткан (Насаатчы 7:12). Бирок ал туура кармай билгенде гана далдаа болот. Акчаны колдоно билүүгө азыртадан үйрөнсөң, өзүңдү ишенимдүү сезгенден тышкары, ата-энеңдин да ишеничине ээ болосуң.

Акчаны кармай билүүнүн негизги жолдору

Ата-энеңен үйбүлө чыгымдарына канча кетерин сурап көрдүң беле? Мисалы, ай сайын электирге, газга, сууга канча төлөнөрүн билесиңби? Ал эми унаа чыгымдарына, тамак-ашка, батир төлөмүнө же ипотекага канча кетет? Балким, булар тууралуу ойлонгуң келбейттир. Бирок ошол акчалар сен үчүн да төлөнөрүн эсиңен чыгарба. Анын үстүнө, үйдөн өзүнчө бөлүнүп кеткенде сага ошол сыяктуу чыгымдарды өз мойнуңа алууга туура келет. Ошондуктан алар жөнүндө алдын ала билип алуу кажет. Ата-энеңен айрым квитанцияларды көрсөтүп, коммуналдык тейлөөгө акчаны кантип бөлүштүрөрүн түшүндүрүп берүүнү суран. Анан кунт коюп ук.

«Акылман адам кулак төшөп, билимин арттырат, акылдуу адам акылдуу кеңештерди табат»,— делет Ыйык Китепте (Накыл сөздөр 1:5). Жогоруда сөз кылынган Анна: «Атам мага акчаны кантип бөлүштүрүүгө болорун үйрөтүп, үйбүлө каражатын колдонууда үнөмчүлдүк маанилүү экенин түшүндүрүп берчү»,— дейт. Апасы да аны пайдалуу нерселерге үйрөткөн. «Апам мага бир нерсе сатып алардан мурун бааларды салыштырып көрүүнү кеңеш кылчу,— дейт Анна.— Өзү аз эле акчаны көп нерсеге жеткирет». Ата-энесинен үйрөнгөндөрү Аннага кандай пайда алып келген? «Эми мен өз акчамды туура урунам,— дейт Анна.— Мен акчамды каякка жумшаарымды жакшы ойлонуштургандыктан, жок жерден карызга бата бербейм. Ошон үчүн санаам да тынч».

Эмне түрткү болот?

Ооба, айтууга оңой болгону менен, иш жүзүнө келгенде акчаны туура колдонуу оңой эмес. Айрыкча, эгер сен ата-энең менен жашап, алар сага чөнтөк акча берип турушса же өзүң иштеп акча тапсаң, ошондой экенине көзүң жетет. Эмне үчүн? Анткени азыр чыгымдардын көбүн ата-энең төлөйт чыгар. Андыктан сен колуңдагы акчаны көп учурда өзүң билгендей коротуудан кубаныч алаттырсың. «Негизи, акча коротуудан оңой да, жагымдуу да нерсе жок»,— дейт индиялык Пареш. Австралиялык Сара да ошондой ойдо. Ал: «Дүкөн кыдырып, бирдеме сатып алганды аябай жакшы көрөм»,— дейт.

Андан тышкары, акчаны ыксыз коротууга теңтуштарың да түрткү болушу мүмкүн. 21 жаштагы Елена: «Азыр жаштар үчүн дүкөн кыдыруу көңүл ачуунун негизги жолу болуп калган. Досторуң менен көчөгө чыкканда алардын: „Көңүл ачкың келсе, акчаңды чач!“ — деген урааны бардай сезилет».

Эл катары болууну каалоо — табигый нерсе. Бирок ойлонуп көрчү: сен акчаны шартың жол бергени үчүн коротосуңбу же мактаныш үчүнбү? Көптөр акчасын элге көрүнүш үчүн чачат. Мындай адат адамдын куру жалак калышына алып келиши мүмкүн. Бул жагынан, адатта, кредиттик карта колдонгондор көп кыйынчылыктарга дуушар болот. Каржылык иштери боюнча адис Сузи Орман: «Башкаларды инсандык сапаттары менен эмес, мүлкү менен таасирлентүүгө умтулуу кредиттик карталарды дайыны жок колдонуп, карызга батууга алып келет»,— деп эскертет.

Кредиттик картадагы акчаңды же айлыгыңды бир күндө эле жок кылып салуунун ордуна, Еленанын айтканындай кылууга эмне үчүн болбосун? «Теңтуштарым менен бир жакка барарда,— дейт Елена,— канча акча керектелерин алдын ала эсептеп алам. Алган айлыгым банктагы эсебиме түшкөндүктөн, бир жакка чыгарда банктан керектүү өлчөмдө гана акча алам. Ошондой эле акчаны үнөмдүү колдонгон, көрүнгөн нерсени сатып ала бербеген жана баасына көңүл бурууну кеңеш кылган досторум менен гана дүкөнгө барууну туура көрөм» (Накыл сөздөр 13:20).

«Жок» дегенден үйрөнүү

Сен чөнтөк акча же айлык албаган күндө да, ата-энең менен жашап турганда акча кармоого байланыштуу көп нерсеге үйрөнө аласың. Мисалы, ата-энеңден акча сураганда же бир нерсе сатып берүүнү өтүнгөндө алар «жок» деши мүмкүн. Эмне үчүн? Себеп дегенде сен сатып алгың келип жаткан нерсеге үйбүлө каражаты жетпеши ыктымал. Ата-энең «ооба» деп деле айтууну каалайттыр. Бирок «жок» деп айтуу менен алар сени өз каалооңду башкара билүүгө үйрөтүп жатышат. Ал эми акчаны туура колдонуу үчүн өзүн-өзү башкара билүү маанилүү.

Сен сатып алгың келген нерсеге ата-энеңдин акчасы жетет дейли. Ошого карабай алар сага «жок» деши мүмкүн. Андайда сен: «Акчасын аяп жатышат»,— деп ойлошуң ыктымал. Бирок, чынында, алар сага чыныгы бакыт каалаганыңдын баарына жетүүдөн көз каранды эмес экендигин үйрөтүүгө аракет кылып жатышкандыр. Ыйык Китепте: «Күмүштү сүйгөн адам күмүшкө тойбойт. Байлыкты сүйгөн адам андан пайда таппайт»,— делет (Насаатчы 5:9).

Бул сөздөрдүн калетсиздигин ата-энесине каалаганын баарын саттырып алган жаштардын мисалы тастыктап турат. Көп өтпөй ал жаштар эч нерсеге канааттанбай калганын байкашат. Алар канча буюмга ээ болушпасын, баары бир бир нерсе жетишпей жаткандай сезишет. Каалаган нерсесин алып көнүп калышса, алар чоңойгондо кайрымсыз болуп калышы мүмкүн. Сулайман: «Эгерде кулду бала чагынан эркелетип тарбияласаң, акыры ал сага бала болгусу келет [«жакшылыкты билбеген неме болуп чыгат», «ЖД»],— деп эскерткен (Накыл сөздөр 29:21).

Пулга убакыт кул

Кээ бир элдерде: «Акча — убакыт»,— деп айтылып жүрөт. Бул акча табуу үчүн убакыт жумшоо керек экендигин жана ошондой эле убакытты текке кетирүү акчадан кур калтырарын билдирет. Жогорудагы макалдын сөздөрүнүн ордун алмаштырып, «убакыт — акча» десең да туура. Эгер акчаңды болбогон нерсеге коротуп жатсаң, анда сен ошол акчаны табууга кеткен убактыңды короткон болосуң. Акчаңды туура пайдалансаң, демек, убактыңды да туура пайдаланасың. Кандайча?

Еленанын айткандарына көңүл бурсаң. «Эгер мен канча акча короторумду билсем, канча табышым керек экенин да билем,— дейт ал.— Алдын ала чыгымдарымды эсептеп чыгып, андан ашык акча сарптабайм. Ошондуктан жөндөн жөн карызга батып, алардан кутулуш үчүн көп иштөөгө туура келбейт. Бул мага убактымды жана жашоомду өзүм билгендей пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет». Сен да өз жашооңо өзүң бий болгуң келбейби?

[Шилтеме]

^ 3-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

ОЙЛОНУП КӨР

▪ Сен үчүн акчаны колдоно билүү кыйынбы? Кыйын болсо, эмне үчүн?

▪ Эмне үчүн акчага карата туура көзкараш өрчүтүшүбүз керек? (1 Тиметейге 6:9, 10).

[12-беттеги сүрөт/ кутуча]

КӨП АКЧА КӨП КӨЙГӨЙДҮ ЧЕЧЕБИ?

Көп акчага ээ болуу бардык кем-карчты жабабы? «Баарыбыз эле: „Алган айлыгыбыз көп болсо, акчага байланыштуу көйгөйлөрүбүз толугу менен чечилмек“,— деп ойлойбуз. Бирок дайым эле андай боло бербейт»,— дейт каржылык иштери боюнча адис Сузи Орман.

Мисалы, сен машинени айдаганды билбей туруп же көзүңдү жуумп алып айдасаң, бензин куюучу бакта толтура бензин болгону үчүн эле өзүңдү коопсуз сезет белең? Барчу жериңе аман-эсен жете алат белең? Анын сыңарындай, акчаны туура пайдалана билбесең, көп акча тапкан күндө да, көйгөйлөрдөн толугу менен арыла албайсың.

[13-беттеги сүрөт/кутуча]

АКЧА ТАКТЫКТЫ СҮЙӨТ

Өткөн айда канча акча жок кылдың? Эмнелерге короттуң? Эсиңдеби? Ооба, акча колдун кириндей жок болуп кетет. Төмөндө акчаны каякка кетип жатканын көзөмөлгө алуу боюнча жакшы кеңештер берилген.

Жазып коюп тур. Бир айдын ичинде алган акчаңды жана аны айдын канчасында алганыңды жазып коюп тур. Эмне сатып алганыңды жана канчага сатып алганыңды белгилеп кой. Канча акча колго тийип, канча акча сарпталганын айдын аягында эсептеп чык.

Акчаны бөлүштүрүп ал. Бир таза баракка үч тилке сыз. Биринчи тилкесине бир айдын ичинде каяктан, канча акча түшөрүн тизмекке ал. Экинчи тилкесине каякка, болжол менен канча акча сарптаарыңды жаз. Анан барактагы жазып алгандарыңа карман. Ал эми үчүнчү тилкеге болсо ошол айда чынында канча акча сарпталып жатканын жазып коюп тур. Андан тышкары, күтүлбөгөн жерден болуп кеткен чыгымдарды да жаз.

Планыңды өзгөртүүгө даяр бол. Эгер сен кээ бир буюм үчүн сарптоого пландаштырганыңан да көп акча коротуп, карызга батып баратсаң, планыңды өзгөртүүгө даяр бол. Карыздарыңан кутул. Акчаны акыл менен корот.

[Таблица]

Бир айдын киреше-чыгашалары

Киреше Болжолдуу чыгашалар Накта чыгашалар

чөнтөк акча тамак-аш

айлык кийим-кече

башка кирешелер телефон

көңүл ачуу

ыктыярдуу тартуу

топтоп жаткан акча

башка чыгымдар

 

 

Бардыгы: Бардыгы: Бардыгы:

$ $ $

[Сүрөт]

Акчаңды болбогон нерсеге коротсоң, аны табууга кетирген убактыңды да короторуңду унутпа.

[11-беттеги сүрөт]

Ата-энеңден акчаны кантип бөлүштүрүүгө болорун сура