Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Аялдарга көрсөтүлгөн зомбулук бүткүл дүйнөлүк көйгөй

Аялдарга көрсөтүлгөн зомбулук бүткүл дүйнөлүк көйгөй

Аялдарга көрсөтүлгөн зомбулук бүткүл дүйнөлүк көйгөй

ЖЫЙЫРМА БЕШИНЧИ НОЯБРЬ — Аялдарга көрсөтүлгөн зомбулукту жоюунун эларалык күнү. Бул күн аялдар укугу тебеленип жатканын коомго маалым кылуу максатында Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясы тарабынан 1999-жылы кабыл алынган. Мындай чара көрүү эмне себептен зарыл эле?

Көптөгөн маданияттарда аялдар төмөн даражадагы адам катары каралып, аларга ошого жараша мамиле кылынат. Учурда мындай терс көзкараш коомдо терең тамыр алган. Атүгүл өнүккөн өлкөлөрдө да аялзатына көрсөтүлгөн зомбулук — чечилбей келаткан көйгөйлөрдүн бири. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мурунку башкы катчысы Кофи Аннан белгилегендей, «аялдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулук дүйнө жүзү боюнча кеңири тараган жана коомдун бардык катмарында, ар кыл маданиятта кездешет. Андай мамилеге аялдардын көбү улутуна, коомдо ээлеген абалына, тегине же дагы башка ушу сыяктуу факторлорго карабай дуушар болууда».

Аялдарга зомбулук көрсөтүү көйгөйү боюнча укук коргоочу, БУУнун мурдагы атайы баяндамачысы Радхика Кумарасвами аялдардын басымдуу бөлүгү аларга жасалган зөөкүр мамилени «айтууга тыюу салынган, ачык талкууланбаган жана уят деп эсептелген иш-аракет» катары караарын айткан. Кылмыштан жапа чеккендердин жагдайын изилдөө боюнча Голландия институтунун статистикалык билдирүүсүнө ылайык, Түштүк Америкада аялдардын 23 пайызы, тактап айтканда, ар бир 4 аялдын бири өз үйүнөн зомбулуктун кандайдыр бир түрүнөн запкы тартат. Ошондой эле, Европа Кеңеши маалымдагандай, Европадагы ар бир төртүнчү аял жашоосунун кайсы бир учурунда үйбүлөдөгү зордук-зомбулукка дуушар болот. Британия ички иштер министирлиги Англия менен Уэльсте акыркы бир жылдын ичинде орто эсеп менен жума сайын эки аял күйөөсүнүн же чогуу жашаган эркектин колунан каза тапканын билдирген. «Индия Тудей Интернэшнл» журналында: «Индиялык аялдар үчүн коркуу сезими ар дайым коштоп жүргөн „шеригиндей“, зордукталуу ыктымалдыгы кайсы бир бурчтан, жолдон, коомдук жайдан капысынан кол салуучу „чоочун кишидей“ болуп калган»,— делген. Эларалык мунапыс уюмунун билдирүүсү боюнча, кыз-келиндерге көрсөтүлгөн зордук-зомбулукту азыркы күндө «адамдын укугун тебелөөгө жаткан, эң кеңири таралган көйгөй» деп айтууга болот.

Кудайдын аялдарга болгон көзкарашы жогоруда айтылгандарга дал келеби? Бул суроо кийинки макалада талкууланат.