Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Габон жапайы табият дүйнөсү

Габон жапайы табият дүйнөсү

Габон жапайы табият дүйнөсү

ГАБОНДОГУ КАБАРЧЫБЫЗДАН

ЭЛЕСТЕТСЕҢЕР, тулаң чөптүү жээкте пилдердин тобу беймарал жайылып жүрөт, сууда жай баракат сүзгөн бегемоттор, арыраактан киттер, анда-санда секирип чыга калган дельфиндер көрүнөт... Мындайды ушул күнгө чейин Африкага чектеш, жүз километрге созулуп жаткан океан жээгинен көрүүгө болот.

Жапайы табияттын сулуулугуна келечек муундар да суктана алышы үчүн, ушул өңдүү жээк аймактарын сактап калуу керектиги айтпаса да маалым. Бактыга жараша, жакында Габондун жаратылышын коргоо чарасы кабыл алынды: 2002-жылдын 4-сентябрында Габондун президенти тарабынан өлкөнүн 10 пайызы, анын ичинде адам колу бүлдүрө элек океан жээги улуттук бакка айлантылары жарыяланган.

Аянты боюнча Белгияныкына тең келип, 30 000 квадрат километрди ээлеген бул аймактан жаратылыштын көп кызыгын көрүүгө болот. Ошол себептүү президент Омар Бонго Ондимба мындай дейт: «Габон келечекте жапайы табияттын өзүнчө бир „мекеси“ болчудай: бул жакка жер бетиндеги баштагыдай бойдон сакталып калган табият кереметтеринин акыркыларын көрүп калгысы келген эл төгөрөктүн төрт бурчунан агылып келип турат деген ойдобуз».

Мындай чараларды көрүү эмне себептен маанилүү? Габондун аянтынын дээрлик 85 пайызы азыр да токойдон турат жана андагы өсүмдүктөрдүн түрүнүн, бери, дегенде 20 пайызы дүйнөнүн башка бир да бөлүгүнөн жолукпайт. Анын токою — түзөң горилласынын, шимпанзенин, токой пилинин жана башка ушулар сыяктуу тукум курут болуу коркунучу алдында турган көптөгөн жаныбарлардын бейкут жайы. Андыктан жакында уюшулган улуттук бактар Габонду Африканын жаныбарлары менен өсүмдүктөрүнүн түрдүүлүгүн сактоого чоң салым кошкон коруна айлантат.

Теңдешсиз Лоанго жээги

Жапайы табияттын тамшандырарлык жерлеринин бири — Африкадагы Лоанго улуттук багы. Ал бакта бир нече километрлик, адам буту баспаган жээк суналат. Жээкти бойлой тузсуз суулуу көлмөлөр, бак-бадалдуу токойлор орун алган. А бирок Лоангонун чыныгы көркүн ээн-эркин жортуган түрлүү жан-жаныбарлар: бегемот, токой пили, буйвол, кабылан жана гориллалар ачат.

Лоангонун ак кумдуу жээги токой жаныбарларын эмнеси менен өзүнө тартып турат? Мисалы, бегемот менен буйволдор жээктеги чөпкө кызыгып келет. Ал эми токой пили жээкте өскөн пальмира пальмаларынын мөмөсүн, жаш бала балмуздакты жакшы көргөн сымал, жакшы көрөт. Негизгиси, бул жакта аларды үркүткөн адам баласы жок: кум үстүндө жапайы жаныбарлардын гана изи жолугат.

Адам тарабынан эч коркунуч туулбагандыктан, терилүү ташбакалар да ээн жээктин кумуна келип жумуртка таштайт. Күлгүн түстүү аарычыл чымчыктар да топ-тобу менен толкун жетпеген жерлерден бир нече чакырым арыраак уя салат. Жайкысын болсо Лоангонун суусуна миңден ашуун бүкүр кит жупташуу үчүн чогулат.

Лоанго жээги менен токойдун ортосунда эки ири көлмө орун алган. Ал жерде крокодил менен бегемоттор «чардашат». Мангр токою менен курчалган бул көлмөлөрдө балык көп. Андыктан көлмө бетинен байкала калган балыкты Африка суу бүркүтү менен бакачы куш чапчый учса, тайызга келгенин канат-жүнү кооз чабакчы чымчыктын бир нече түрү аңдып турат. Ал эми пилдер суунун аркы өйүзүнө ыракаттана сүзүп өтөт да, баягы жакшы көргөн мөмөлөрүн аймай баштайт.

Жыш токой арасында маймылдар бир бактын башынан экинчисине секирип жүрсө, ачык жерлерде ар түстүү көпөлөк-калдыркандар куушмай ойнойт. Мөмө-жемиш менен азыктанган бутканаттар болсо күндүзү жатак кылып алган багына башын ылдый салаңдата конуп, уйкунун «жаагын айрыса», түнкүсүн токой кезе өсүмдүктөрдүн дан-уругун ташып, маанилүү иш аткарат. Ал эми кооз шимикчи чымчыктар токойдун чет-жакасындагы гүлдүү бактар менен бадалдардан шире жыйнайт. Мына ушунун баары Лоангону «экватордук Африка дүйнөсүнө чөмүлүүгө мүмкүндүк берген» жерлердин бирине айлантат.

Лопе — гориллалардын акыркы турак-жайларынан

Лопе улуттук багы саваннадан, түндүк тарабындагы суу жээктей өскөн токой менен бирге, табигый калыбында сакталган чоң тропик токоюнан турат. Жапайы жаратылышка кызыгып келгендер бул бактан гориллаларга, шимпанзелерге же мандрилдерге табигый чөйрөдөн моокуму кангыча байкоо жүргүзө алышат. Себеби аянты 5 000 квадрат километрге жеткен бул корук бакта 3 000ден 5 000ге чейин горилла жашайт.

Лопеде иштеп кеткен токойчу Огюстен 2002-жылы гориллаларга жолукканын мындай деп баяндап берет: «Бир жолу токойдо келатып, тобу менен жүргөн эркек гориллага туш болдум. Эсимди жыйгыча ошол горилла алдымда сокуюп туруп калды — тим эле дөө экен, жону боз, жашы бир 35терге барат, салмагы меникинен үч эсе чоңбу дейм. Мындайда эмне кылышты билгендиктен ага баш ийгенимди билдирип, башымды ылдый сала жер карап отуруп калдым. Горилла жаныма басып келип, жанаша отурду да, ийиниме колун койду. Анан колумду алып, манжаларымды жазып, алаканымды аябай тиктеди. Менин тобуна эч кандай коркунуч туудурбаарыма ынанган соң, майпаң-майпаң баскан бойдон, түнт токойго кирип кетти. Ал күнү жапайы жаныбарды биринчи ирет ушунчалык жакындан жолуктургандыктан, ошондогу сезимдерим али күнчө эсимен кетпейт. Адамдар гориллаларды эти даамдуу же жырткыч мүнөз деген ойдо өлтүрүп жүрүшөт. Бирок, чын-чынында, алар — жырткыч эмес, биздин коргообузга муктаж жаныбарлар».

Лопеде ири мандрил маймылдары да жолугат. Алардын топтору чогулганда, саны кээде миңден ашып кетет. Дүйнөдөгү приматтардын ушул түрү гана, адатта, көп сандап чогулат жана кыйкырык-сүрөөнсүз жүрбөйт. Алардын ошондой чоң тобун көргөн камерундук бир киши мындай дейт:

«Бизге жол көрсөтүп жүргөн киши бир нече мандрилге тагылган радиокабылдагычтын жардамы менен алардын тобу жакын арада жүргөнүн билди. Биз алдыга чыгып, шаша-буша бадалдардын арасына жашына калдык. Анан 20 мүнөттөй айлананы тыңшап, түрдүү канаттуу-куштардын сайраганын, аары-доңуздардын ызылдагын угуп күтүп отурдук. Анан эле айлананын тынчтыгын жакындап келаткан мандрилдер бузду. Жалбырактардын шуулдаган, бутактардын «карс-курс» эткен дабышынан улам мен адегенде катуу шамал башталган экен дептирмин. Бирок ошол замат жоо сайчудай болуп чечкиндүү күүлөнүп келаткан [башчылары] көзүмө уруна түштү. Балбан түрдөш эркектери бак-дарактын башын ийилте секирип, калган топту баштап келаткан экен. Ургаачылары менен жаштары да бутактан бутакка шамдагай жармашат. Бир убакта эркектеринин бири токтоп, айлананы шекший карап калды. Ал аңгыча бактын башында жүргөн жаш мандрил бизди байкап калды окшойт, чарылдап чаңырып жиберди. Ошондо баягы келаткан маймылдардын баары жабыла качты, жөн да качпай, жинин чыгара катуу кыйкырык-өкүрүк менен качты. Токой ичи тимеле кулак тундурган ызы-чууга толуп кетти. Анан бир заматта баары көздөн кайым болду. Жол көрсөткөн кишибиздин айтымына караганда, жаныбыздан ошондо 400гө жакын мандрил өтүптүр!»

Чуру-чуу түшкөн жагынан шимпанзелер да булардан кем калышпайт. Бирок шимпанзелерди токойдон көп көрө албайсың, себеби алар качан болсо азык издеп чабытта жүрөт. Аларга караганда, ак мурун мартышкалар токойго чектеш саваннадан көп кезигет. Ал эми дүйнөнүн башка токойлорунан жолукпаган, өтө сейрек көрүнгөн маймыл деп мындан 20 жыл мурун гана табылган сары куйрук мартышканы айтууга болот.

Токойдо ар түстүү ири канаттуу-куштардын, мисалы, тураколор менен кериккуштардын «биз мындалап» чаркыраган үнү жаңырып турат. Айрым эсептер боюнча, бул бакта канаттуу-куштун 400гө жакын түрү кезигет. Ошол себептүү куштар дүйнөсүн изилдегиси келгендер бул жакка байма-бай келип турушат.

Өлкөнүн табият байлыгы

Габондо, Лоанго менен Лопеден тышкары, 11 улуттук бак бар. Аларда мангр токойлору, түрдүү өсүмдүктөр жана жер которуп жүргөн куштардын токтоочу жайлары кайтарууга алынган. «Габондун эң бай экосистемалары тандалып, улуттук бакка айлантылды. Бул жерде корукка алынган аймактардын көлөмү эле эмес, сапаты да чоң мааниге ээ. 2002-жылы кыска мөөнөт ичинде бирден бир ылайыктуу, өзүнө өлкөнүн бардык табият байлыгын камтыган улуттук бак системасы түзүлдү»,— дейт Жапайы табиятты коргоо коомунун кызматкери Ли Уайт.

Албетте, президент Бонго Ондимба айткандай, жумуш али абдан көп. «Биз,— дейт ал,— мындай иш-чаралар бүткүл дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүүгө тийиш деп эсептейбиз. Ан үчүн көп каражат, көп аракет жумшоо азыр да, кийин да талап кылына бермекчи. Ошондо гана табият байлыгын келечек муундарга мураска калтыруу ой-максатыбызды ишке ашырган болобуз».

[17-беттеги карта]

АФРИКА

ГАБОН

Габондун 13 улуттук багы

Лопе улуттук багы

Лоанго улуттук багы

[16, 17-беттердеги сүрөттөр]

Бүкүр кит жана Лоангонун жалпы көрүнүшү

[Credit Line]

Whale: Wildlife Conservation Society

[16, 17-беттердеги сүрөттөр]

Мандрил (солдо) жана горилла (оңдо)

[15-беттеги булак]

Robert J. Ross