Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жансыз болсо да, керемет деңиз

Жансыз болсо да, керемет деңиз

Жансыз болсо да, керемет деңиз

ИЗРАИЛДЕГИ КАБАРЧЫБЫЗДАН

БУЛ деңиз — жер бетиндеги эң туздуу, эң төмөн жайгашкан, жансыз, ошол эле учурда дарылык касиетке ээ деңиз. Байыртан аны Сасык деңиз, Шайтан деңизи жана Асфальт деңизи деп келишкен. Ал эми Ыйык Китепте ал Туздуу деңиз деп аталат (Башталыш 14:3; Жашыя 3:16). Ыйык Китепти изилдеген окумуштуулардын көбү анын түбүндө Содом жана Гоморра (Амор) шаарларынын урандылары бар деп божомолдошот. Андыктан ал Содом деңизи же ошол шаарлар менен болуп өткөн окуяга күбө болгон, Ыйык Китепте айтылган Лот аттуу кишинин аты менен, Лот деңизи деп да аталып калган (2 Петир 2:6—8).

Бул деңиздин жогорудагы аталыштары анча жагымдуу болбосо да, аны көргөнү жыл сайын миңдеген адамдар барып турат. Учурда ал Жансыз деңиз же Туздуу деңиз катары белгилүү. Деңиз эмнеден улам туздуу? Ал чынында эле жансызбы? Анын кандай дарылык касиети бар?

Эң төмөн жайгашкан жана эң туздуу

Жансыз деңиз Чыгыш Африкага чейин созулган Жаракалар зонасынын түндүк тарабынан орун алган. Түндүктөн Иордан дарыясы ийри-буйру нук менен агып отуруп, жер шарындагы кургактыктын эң төмөнкү чекитине — деңиз деңгээлинен дээрлик 418 километр ылдый жерине — жетип, деңизге куят. Бул туюк көлдү батышынан Иудея тоолору, ал эми чыгышынан Иорданиядагы Моав тоолору курчап турат.

Жансыз деңиз эмнеден улам мынчалык туздуу? Ага Иордан дарыясы жана башка майда дарыялар, суулар, булактар аркылуу ар кандай туздар: магний, натрий, кальций хлориди агып келет. Деңизге бир эле Иордан дарыясы аркылуу жылына 850 000 тонна туз чогулат. Деңиз төмөн жайгашкандыктан, анын суусу кайрадан эч бир жакка агып чыга албайт, болгону, бууланып кетет. Жайдын ысык күнүндө 7 миллион тонна суу буу түрүндө асманга көтөрүлөт! Мына ушул себептен деңиз суусу ашып-ташып кетпейт. Суу бууланып кеткенде, туздар менен минералдар кала берет. Табияттын ушул кубулушунан улам ал жер жүзүндөгү эң туздуу деңиздердин бирине айланган. Анын туздуулугу океан суусуна салыштырмалуу бир канча эсеге жогору, тактап айтканда, суунун 30 пайызын түзөт.

Жансыз деңиз байыркы замандардан бери көптөгөн элдерди таңыркатып келген. Маселен, грек философу Аристотелге деңиз «ушунчалык ачуу жана туздуу болгону үчүн, анда бир да балык жок» экенин айтып барышкан. Суудагы туздун концентрациясы жогору болгондуктан, анын тыгыздыгы да, көтөрүү күчү да жогору. Андыктан сүзгөндү билбегендер да чөкпөй, суу үстүндө калкып жата алышат. Жүйүт тарыхчысы Иосиф Флавий Рим императору Веспасиандын ушундай кубулушту текшерүү үчүн, согуш учурунда туткунга алынган кишилерди деңизге ыргыттырып көргөнүн баяндаган.

Бул деңизде бир да тирүү жан жашабаса, анда ал кандайча дарылык касиетке ээ?

Чынында эле дартка дабабы?

Орто кылымдарда саякатчылар өлкөсүнө кайтып барганда, бир да кушу, бир да балыгы жок, тегерегинде бир да өсүмдүк өспөгөн деңиз көргөнүн айтып беришчү. Атүгүл анын бууланганда чыккан сасык жытынан улам адам өлүп калышы мүмкүн деген ой кеңири таралган. Балким, деңиздин жансыз деп аталып калышына ушулар себеп болгон чыгар. Мынчалык туздуу сууда организимдердин жөнөкөй түрлөрү — бактериялар — гана жашай алат. Ал эми деңизге агын суулар менен кокустан кайсы бир балык келип калса, өлдү дей бер.

Деңиздин өзүндө тирүү жандыктар жок болсо да, анын тегерек-чети тиричиликке бай. Жансыз деңиздин айланасы жалпы жонунан чөлдүү келгени менен, аякта тропик өсүмдүктөрү, шаркыратмалары бар жашыл аймактар аз эмес. Жапайы жаныбарлар да көп жолугат. Мисалы, сүт эмүүчүлөрдүн 24 түрү, алардын ичинде кум мадылы, аравия карышкыры жана аркар бар. Тузсуз сууларында жерде-сууда жашоочулар, сойлоп жүрүүчүлөр жана балыктар кездешет. Кышкысын Жансыз деңизге жылуу жактарга учуп бараткан куштар тыным алгандыктан, ал жерден канаттуулардын 90дон ашуун түрүн, алардын ичинде ак жана кара куназды учуратууга болот. Ошондой эле таз жору жана журтчу куш кездешет.

Деңиз суусунун кандай дарылык касиети бар? Илгери ал сууну дартка даба катары ичишчү. Бүгүн болсо, тескерисинче, аны ичүү таптакыр кеңеш кылынбайт. Бирок, айрымдардын ырастоосунда, туздуу суу денени жакшы тазалайт. Ошол себептүү Жансыз деңиз дүйнө жүзүнө денсоолукту чыңдоочу курорт аймагы катары белгилүү. Деңиз деңгээлинен абдан төмөн жайгашкандыктан ал жактын абасы кычкылтекке бай. Ошондой эле ал бромидге да бай болгондуктан сеп алдырма таасирге ээ. Ал эми деңиз жээгиндеги минералдуу баткак жана күкүрттүү ысык суулар тери жана ар кандай артрит ооруларына пайдалуу. Ал жерде өскөн бадалдан алынган бальзам да жогору бааланат. Аны косметикалык жана медициналык максатта колдонушат.

Деңизден чыккан асфальт

Жансыз деңизде дагы бир кызыктуу кубулуш болуп турат: мезгил-мезгили менен битум (асфальт) суу үстүнө калкып чыгат *. 1905-жылы бир эмгекте «1834-жылы салмагы 2 700 килограммдай битумдун жээке чыгып калганы» айтылган («The Biblical World»). Битум «адам баласы колдонгон биринчи мунайдан алынган зат» катары белгилүү («Saudi Aramco World», ноябрь—декабрь, 1984). Көптөр битумду жертитирөө болгондо деңиздин түбүнөн ажырап, жогору чыгат деп ойлоп жүрүшкөн. Бирок ал суу астындагы тоо тектеринин жаракаларынан туз минералдары менен бирге чыгып, суу түбүндө калат. Бара-бара андагы туздар эрип кетет да, асфальт калкып чыгат.

Кылымдар мурун эле битум ар кандай максаттарда пайдаланчу. Маселен, аны кемелердин ичи-тышын каптоодо, курулуш иштеринде, атүгүл курт-кумурскалар менен күрөшүүдө колдонуп келишкен. Ал эми, айрымдардын ырастоосу боюнча, б.з.ч. 4-кылымдын орто ченинде египеттиктер битумду мумиялоодо пайдаланышкан. Бирок мындай ойду окумуштуулардын баары эле жактай бербейт. Анткен менен ошол убактарда Жансыз деңиздин айланасында отурукташкан көчмөн набатей калкы битумду жээкке чыгарып, аны кескилеп бөлүп, египеттиктерге сатышчу.

Чынында эле, Жансыз деңизди өзүнчө бир керемет деңиз дешке болот. Аны эң төмөн жайгашкан, эң туздуу, ичинде бир да тирүү жан жашабаган, ошол эле учурда дарылык касиетке ээ деңиз деп ырастоо ашыра айткандык болбос. Ал — жер үстүндөгү эң бир укмуш деңиздеринин бири!

[Шилтеме]

^ 15-абз. Айрым жерлерде битумдан жана кум менен шагылдан турган, жол курууда колдонулуучу аралашманы асфальт деп аташат. Бирок мунайзаттан пайда болгон табигый битум да асфальт делет. Бул макалада асфальттын ушул түрү жөнүндө сөз жүрөт.

[27-беттеги сүрөт/кутуча]

ДЕҢИЗ ТАБЫЛГАСЫ

Тарыхчылардын билдирүүсүндө, байыркы убактарда Жансыз деңиз аркылуу соода кемелери өтүп турган. Алардын мындай жыйынтыкка келишине жакында табылган эки жыгач кемеказык себеп болууда.

Ал кемеказыктар Жансыз деңиз жээгиндеги мурда кемелер токтогон Эн-Гаддинин жанынан табылган. Кемеказыктардын бири мындан 2 500 жылдай мурун жасалган деп божомолдонууда. Ал Жансыз деңиздин тегерегинен табылган эң байыркы табылга болуп эсептелет. Экинчиси болсо мындан 2 000 жылдай мурун жасалган деген пикир бар. Ал римдиктердин ошол учурдагы эң мыкты сапатта жасалган кемеказыктарынан көрүнөт.

Адатта, темир кемеказыктар кадимки деңиз суусунда көпкө сакталып жатса, жыгач кемеказыктар бат эле чирип кетет. Ал эми Жансыз деңиздин суусунун туздуулугу жана кычкылтегинин жокко эселиги жыгач менен ага байланып турган аркандын жакшы сакталып калышын шарттаган.

(Уландысы 30-бетте)

[22-беттеги сүрөт]

Аркар

Ысык суу шаркыратмалары

Сууда жатып гезит окуу

Photograph © Israel Museum, Courtesy of Israel Antiquities Authority

Жыгач кемеказык (б.з.ч. 7—5-кылымдар)