Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай менен Машайак аялзатына кандай карайт?

Кудай менен Машайак аялзатына кандай карайт?

Кудай менен Машайак аялзатына кандай карайт?

ЖАХАБА КУДАЙДЫН аялзатына карата кандай көзкарашта экенин кайдан билүүгө болот? Ан үчүн Ыйса Машайактын көзкарашы менен жүрүм-турумун изилдеп көрүү керек. Себеби ал «көрүнбөс Кудайдын бейнеси» болгон жана Кудайдын көзкарашын жеткилең түрдө чагылдырган (Колосалыктарга 1:15). Ыйсанын жерде жүргөндө аялдарга кылган мамилеси анын да, Жахабанын да аялдарды урматтаарын көрсөтөт. Ошондой эле алардын бүгүнкү күндө аялдарга жасалып жаткан зомбулукка да кошкөңүл карабаарын айгинелейт.

Мисалга Ыйсанын бир аял менен кудуктун жанынан сүйлөшкөнү жөнүндөгү окуяны алалы. Инжилде баяндалгандай, «самариялык бир аял кудуктан суу алганы келгенде», «Ыйса андан ичкенге суу сураган». Ал кезде жүйүттөр самариялыктар менен көп мамилелешпесе да, Ыйса самариялык аял менен башкалардын көзүнчө сүйлөшүүдөн тартынган эмес. Бир энциклопедияга ылайык, жүйүттөр «аял менен элдин көзүнчө сүйлөшүүнү барып турган адепсиздик деп эсептешкен» («The International Standard Bible Encyclopedia»). Ыйса болсо аялдарга урмат көрсөтүп, алардын сезимин сыйлай билген жана аларды аял деп басынткан эмес. Ал өзүнүн Машайак экенин биринчи жолу ошол самариялык аялга ачып берген (Жакан 4:7—9, 25, 26).

Дагы бир жолу Ыйсанын жанына 12 жылдан бери кан агуудан — иренжитерлик жана алдан-күчтөн тайдырган оорудан — кыйналып жүргөн бир аял келген. Ал Ыйсага колун тийгизер замат айыгып калган. Ошондо «Ыйса артына бурулуп, аны көргөндө: „Коркпо, кызым! Сени ишенимиң куткарды“,— дейт» (Матай 9:22). Мусанын Мыйзамы боюнча, аныкындай оорусу бар аял кимдир бирөөгө колун тийгизмек тургай, элдин арасында жүрбөшү керек болчу. Ошентсе да Ыйса ага ачууланып, катуу сөз айткан эмес. Тескерисинче, аны боорукердик менен сооротуп, ага «кызым» деп кайрылган. Бул сөздү укканда ал аял кандай гана жеңилдей түшкөн! Ыйса өзү да аны айыктырганы үчүн кубанса керек.

Ыйса тирилгенден кийин баарынан мурун магдалалык Мариям менен дагы бир шакиртине, Ыйык Китепте айтылгандай, «башка Мариямга» көрүнгөн. Албетте, Ыйса Петирге, Жаканга же дагы бөлөк эркек шакиртине көрүнсө деле болот болчу. Бирок ал өзүнүн тирилүүсүнө аялдардын күбө болушуна мүмкүнчүлүк берүү менен алардын кадыр-баркын көтөргөн. Кудайдын периштеси да аларга бул кубанычтуу кабарды Ыйсанын эркек шакирттерине жеткирүүнү тапшырган. Аялдар шакирттерге кабарлаганы бара жатышканда, алдынан Ыйса чыгып: «Барып, Менин бир туугандарыма кабар бергиле»,— дейт (Матай 28:1, 5—10). Ошол кезде жүйүттөр аялдарды расмий күбө болууга укуксуз деп эсептешчү, бирок Ыйса андай көзкарашка түк карманган эмес.

Ооба, Ыйса аялдарды кандайдыр бир жолдор менен кемсинтүүнү жана аларды жек көрүүнү туура көргөн эмес, тескерисинче, сыйлап, жогору баалаган. Аялдарга көрсөтүлгөн зомбулук анын окууларына карама-каршы келген. Ырас, аялзатына жасаган мамилесинде ал Атасы Жахабанын көзкарашын жеткилең түрдө чагылдырган.

Кудай колдогон аялдар

Байыркы заманда аял кишиге карата кандай көзкараш өкүм сүргөнү ыйык китептик бир сөздүктө мындайча түшүндүрүлөт: «Байыркы Жер ортолук деңиз өлкөлөрүндө жана Жакынкы Чыгышта аялдар азыркы Батыш өлкөлөрүндөгү аялдардай эркиндикке ээ болгон эмес. Аялдардын эркектерге, кулдар ээлерине же кичүүлөр улууларга баш ийгендей, баш ийиши ал кезде кадимки нерсе болчу... Эркек балдар кыздарга караганда жогору саналчу. Андыктан жаңы төрөлгөн кыздарды өлсүн деп көп учурда карабай таштап салышчу». Аял киши, көбүнесе, кулдан жогору каралчу эмес.

Ыйык Китеп жазылган убакта жашаган көптөгөн элдер арасында аялдарды басырынткан каада-салттар өкүм сүрүп турган. Алардан айырмаланып, Кудайдын Ыйык Жазмада камтылган мыйзамдарында аялзатына урмат көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулган.

Жахабанын ага кызмат кылган аялдарга көрсөткөн жардамы анын жалпы аялзатына, чынында эле, кам көрөрүн айгинелейт. Маселен, ал Ыбрайымдын чырайлуу аялы Саараны жамандыктан эки ирет коргогон (Башталыш 12:14—20; 20:1—7). Ал эми Жакыптын сүйүүсүн азыраак көргөн Леяга ырайым кылып, маңдайына бала берген (Башталыш 29:31, 32). Мисирликтер эврейлердин эркек балдарын кырганда, Кудайдан корккон ысрайылдык эки аначы аял ымыркайларды аман алып калыш үчүн, өз жанын тобокелге салышкан. Ошондуктан Жахаба «алардын үй-бүлөсүнө батасын берген» (Чыгуу 1:17, 20, 21). Жахаба Аннанын да жалындуу тиленүүсүн жоопсуз калтырган эмес (1 Шемуел 1:10, 20). Бир пайгамбардын жесир калган аялынын эки баласын карызын доолап келген киши кулдукка алып кетмекчи болгондо, Жахаба ал аялга да жардам берген. Ал Элиша пайгамбар аркылуу жесир аялдын кумурасындагы майын керемет жолу менен көбөйтүп бергендиктен, аял карызынан кутулуп, артып калган май менен андан ары да жан бага алган. Ошентип, ал аял уулдарынан да, кадыр-баркынан да ажыраган эмес (Чыгуу 22:22, 23; 2 Падышалар 4:1—7).

Пайгамбарлар да аялдарды өз кызыкчылыгы үчүн колдонгондорду жана аларга зомбулук көрсөткөндөрдү катуу айыптап келишкен. Жеремия пайгамбар ысрайылдыктарга Жахабанын атынан: «Адилеттик жана акыйкаттык кылгыла, ыза көргөндү эзүүчүнүн колунан куткаргыла, келгинди, жетимди жана жесирди таарынтпагыла, кысымга албагыла, бул жерде жазыксыз кан төкпөгүлө»,— деген (Жеремия 22:2, 3). Андан мурунураак Ысрайылдагы бийлиги бар, бай кишилер аялдарды үйлөрүнөн кууп чыгарып, балдарына катаал мамиле кылганы үчүн айыпталышкан (Михей 2:9). Азыр да аялдар менен балдарга көрсөтүлгөн ошондой иштерди адилеттүү Кудай көрүп турат жана зөөкүрдүк деп эсептейт.

«Жакшы аял»

Байыркы Накыл сөздөр китебинде жакшы аялдын кандай мамилеге татыктуу экени айтылган. Ал аялдын аткарган иштеринин, үйбүлөсүндө ээлеген абалынын Ыйык Китепте көркөм сүрөттөлүшү Жахабанын аялдарга кандай мамиле кылууну туура көрөрүн көрсөтөт. Ал аялды эч ким кысымга алып, кемсинткен эмес. Аны үйбүлөсү жогору баалап, ага урмат-сый көрсөткөн жана ишеним арткан.

Накыл сөздөр китебинин 31-бөлүмүндө сүрөттөлгөн «жакшы аял» ишкердүү жана оокатка бүйрө. Ал «өз колу менен чын жүрөктөн» эмгектенип, соода-сатык иштерин жүргүзөт: «жабуу жасап сатып», «соодагерлерге кур жеткирет». Кайсы ишти болсун, жан-жигери менен жасайт. Ошондой эле акылмандык менен сүйлөп, башкаларга кайрымдуулук көрсөтөт. Натыйжада аны күйөөсү да, балдары да, баарынан маанилүүсү, Жахаба абдан баалайт.

Аялдарга эркектер тарабынан үстөмдүк, адилетсиз мамиле же кандайдыр бир жолдор менен кордук көрсөтүлбөшү керек. Себеби алар бактылуу болууга татыктуу жана күйөөсүн толуктап турган «жардамчы» катары каралууга тийиш (Башталыш 2:18).

Аялзатын урматтагыла

Элчи Петир Ыйсаны жолдогон күйөө аялына кандай мамиле кылышы керектигин ыйык рухтун жетеги менен жазып, күйөөлөрдү Жахабаны жана Ыйса Машайакты тууроого үндөгөн. Ал: «Силер, күйөөлөр... аялыңарга туура мамиле кылгыла [«урмат көрсөткүлө», «Мукаддас»]»,— деген (1 Петир 3:7). Урмат көрсөтүү бул — адамды жогору баалоо, анын кадыр-баркын сыйлоо. Андыктан аялын урматтаган күйөө аны басынтпайт, кемсинтпейт, ага зордук-зомбулук көрсөтпөйт. Тескерисинче, сөзү менен да, иши менен да, мейли, жалгыз калышсын, мейли, элдин көзүнчө болсун, аялын жогору баалаарын жана сүйөрүн көрсөтөт.

Аялын урматтоо менен күйөөсү үйбүлөсүнүн бактылуу болушуна өбөлгө түзөт. Мисалга Карлош менен Сесилияны алалы. Үйбүлөлүк жашоосунун кайсы бир учурунда ал экөө тил табыша албай, көп урушуп-талашып калышкан. Бири-бири менен таптакыр сүйлөшпөй калган да күндөрү болгон. Ошондуктан көйгөйлөрүн эмне кылып чечүүнү билбей кыйналышчу. Карлош ачуусу чукул болсо, Сесилия көптү талап кылып, оюндагысын оңой менен берчү эмес. Ал эми Ыйык Китепти изилдеп, билгендерин жашоосунда колдонгон сайын, алардын мамилеси жакшыра берген. Сесилия мындай дейт: «Ыйсанын окууларын жана калтырган үлгүсүн билбесек, жолдошум экөөбүз азыркыдай өзгөрмөк эмеспиз. Ыйсанын үлгүсү мага момун болууга жана жолдошума түшүнүү менен мамиле кылууга жардам берди. Мен, Ыйсадай болуп, Жахабага жардам сурап тиленүүгө да үйрөндүм. Карлош болсо сабырдуулукка, өзүн-өзү кармай билүүгө үйрөнгөндүктөн, мага Жахабага жаккандай, сый-урмат менен мамиле кылып калды».

Албетте, алардын никесинде кыйынчылыктар болбой койбойт. Ошентсе да алар ушул күнгө чейин жашоонун ысык-суугуна чогуу чыдап келатышат. Акыркы жылдары алар башынан чоң кыйынчылыктарды өткөрүштү: Карлош жумушсуз калды, ошол эле учурда рак менен ооруп, ага операция жасатууга туура келди. Бирок ошого карабай экөөнүн мамилеси сууп калган жок, кайра бекемделди.

Жеткилеңсиздиктин айынан көптөгөн элдерде аялдарга катаал мамиле жасалып келет. Алар денелик, эмоциялык жана жыныстык жактан зордук-зомбулук көрүшүүдө. Бирок Жахаба Кудай аларга ушундай мамиле кылынышын эч качан каалаган эмес. Ыйык Китептен айкын болгондой, бардык аялдар, коомдо кандай көзкараш өкүм сүрбөсүн, урмат-сыйга ээ болууга укуктуу. Ал укукту аларга Кудай өзү берген.

[4-беттеги сүрөт]

Оорукчал аял

[5-беттеги сүрөт]

Самариялык аял

Магдалалык Мариям

[6-беттеги сүрөт]

Жахаба Саараны эки ирет коргогон

[7-беттеги сүрөт]

Карлош менен Сесилиянын никеси бузулганы турган

Карлош менен Сесилия бүгүнкү күндө