Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мурда аскер башчысы болсом, азыр «Машайактын... жоокеримин»

Мурда аскер башчысы болсом, азыр «Машайактын... жоокеримин»

Мурда аскер башчысы болсом, азыр «Машайактын... жоокеримин»

Айтып берген: Марк Льюис

«Кутмандуу таңыңыз менен, улуу даражалуу...», «кутмандуу күнүңүз менен, улуу урматтуу...», «кутмандуу кечиңиз менен, премьер-министр мырза...» Ушу сыяктуу учурашуу сөздөрүн мен учкуч болуп иштеп, Австралия аскер-аба күчтөрүнүн королдук тандамал эскадрильясынын командири болуп жүргөндө көп колдончумун. Мен самолёт менен өкмөт башчыларын жана чоң кызматкерлерди Австралиянын гана эмес, дүйнөнүн булуң-бурчуна жеткирип турчумун. Бирок азыр аткарып жаткан ишим андан алда канча баалуу. Ал эмне болгон иш экенин айтып берейин.

МЕН 1951-жылы Батыш Австралиядагы Перт шаарында аскер кызматчысынын үйбүлөсүндө төрөлгөм. Ал эми 15 жашымда планер клубуна мүчө болуп киргем. Ошондон тартып асманда учууга болгон сүйүүм арта баштады.

Көп өтпөй ата-энем ажырашып кетти. Мени окуум бүткүчө Аскер-аба күчтөрүнүн (ААК) реактивдүү кыйраткыч эскадрильясынын бир командиринин үйбүлөсү үйүндө жашап турууга чакырган. Ошол кишинин үлгүсү мага офицерлерди даярдаган Австралия королдук аскер-аба күчтөрү академиясына тапшырууга түрткү берди.

«Канат» белгисин алдым

Арадан алты жыл өтүп, окуумду ААКнын офицери деген наам менен бүтүрүп, илимий даражага ээ болгондон тышкары, учкучтарга берилүүчү «канат» белгисин алдым. Адегенде аскер-транспорт самолётун айдап, Австралия боюнча, ошондой эле Тынч океандын түштүгүнө жана Түштүк-Чыгыш Азияга ар кандай жүк жеткирип жүрдүм. Биз көбүнчө бийик тоо ашууларынынын үстүнөн учуп өтүп, терең өрөөндөрдөгү чөп басып калган учуу-конуу тилкелерине келип кончубуз. Бул абдан кооптуу иш эле. Ошол жылдары биздин эскадрильяда иштеген бир нече тажрыйбалуу учкучтар авиакырсыктарынан каза болушкан. Бирок биз аткарган ишибиздин алыскы аймактарда жашаган адамдарга керектүү экенин түшүнчүбүз. Маселен, биз көпүрө куруу ишине керектүү материалдарды, жол салууга керектүү чакан бульдозерлерди, өзгөчө кырдаалдарда муктаж болгондорго тамак-аш жана дарыгерлер тобун жеткирчүбүз. Андан тышкары, кырсыктан жабыркаган, оорулуу адамдарды эвакуациялачубуз.

1978-жылы учкучтарга сабак берүүгө дайындалып, ААК академиясына кайтып келдим. Ошол убактарда үч жашар кызы менен жесир калган Диана менен сүйлөшө баштадым. Аны менен мурун эле тааныш элем: Диананын жолдошу экөөбүз академияда бирге окуганбыз. Кийинчерээк ал авиакырсыгынан каза болгон. Дианага баш кошууну сунуш кылганымда, ал ойлонуп көрөйүн деди. Себеби кайрадан учкучка чыгууну чечүү ага оңой болгон жок.

Ошол эле учурда мен бир жылга Австралиянын генерал-губернаторунун адъютанты катары дайындалдым. Ал кезде генерал-губернатордун Канберрадагы резиденциясында жашап, өлкөбүздүн белгилүү атуулдары, аскер кызматкерлери, диний ишмерлери менен тыгыз кызматташкандыктан, ички саясаттын «быкы-чыкысынан» өйдө билип калдым. Мөөнөтүм аяктаганда, кайрадан учкуч-нускоочулук кесибимди уланттым. Ошондон көп өтпөй, 1980-жылы, Диана экөөбүз баш коштук.

1982-жылы учуунун коопсуздугун камсыздоочу офицер жана авиакырсыктын себебин аныктоочу адис катары Кошмо Штаттардын ААК менен тажрыйба алмашуу боюнча эки жылдык окуусуна чакырылдым. Ал жылдары жумушума байланыштуу Кошмо Штаттарынын ар кайсы аймактарына, атүгүл Түндүк Ирландияга чейин барчумун. Менин милдетиме авиакырсыктарын изилдеп, учуу коопсуздугун жогорулатуу максатында самолёттун түзүлүшүн жана учууда колдонулушун анализдөө кирчү.

Кайрадан Австралияга

Австралияга кайтып келгенде Керри деген кыздуу болуп, үйбүлөбүздө төрт киши болуп калды. Мен эртеден кечке жумушта болгондуктан, Диана балдарыбызга ата да, эне да болуп жүрдү. Бул үйбүлөбүзгө терс таасирин тийгизбей койгон жок. Үч жылдан кийин жогоруда кеп кылынган ААКнын тандамал эскадрильясын башкаруу милдетин алдым. Мен жетектеген эскадрилья БУУнун 1991-жылы Перс булуңундагы, кийинчерээк Пакистандагы, Афганистандагы, Африкадагы жана Израилдеги согуштук операцияларына катышты.

1992-жылы Коргоо күчтөрүнүн башкы колбашчысынын карамагындагы штаб-офицери катары дайындалдым. Австралиянын жогорку даражадагы аскер башчысынын жеке катчысы болуп кызмат кылуунун аркасында мен аскер кызматкерлери жана саясатчылар БУУ менен кандайча кызматташарын көрө алдым. Ошондо БУУнун көп жактан кемчиликтери бар экендигине көзүм жетти. Анткен менен ошол гана уюм дүйнөдөгү абалды оңдой алчудай көрүнчү. Бирок кийинчерээк үйбүлөмдөгү жагдай-шарттардан улам ал көзкарашым өзгөрдү.

Диананын суроолоруна жооп алышы

Диана мурун католик динин тутчу. Жолдошу каза болгондон кийин, ал көптөгөн суроолорго жооп издеп, таппай жүрүптүр. Улуу кызыбыз Рененин оккультизмге кызыга башташы Диананы ого бетер бушайман кылды. Бир жолу ал досунун үйүнөн «Ойгонгула!» журналын көрүп калыптыр. Журналда кийинки санында Шайтанга сыйынуучулук * жөнүндө сөз жүрөрү айтылган экен. Ал ага чейин «Ойгонгула!» журналын бир да жолу көрбөптүр. Ошентсе да жолдон үйгө жеткиче: «Журналдын ал санын кантип алсам»,— деп ойлонуп келиптир.

Андан үч күн өткөндө Жахабанын Күбөлөрү келип, Дианага дал ошол журналды калтырып кетишкен экен. Көп өтпөй ал Ыйык Китепти изилдөөгө макул болуп, жыйналыш жолугушууларына бара баштады. Мен болсо анын Ыйык Китепти изилдеп жатканын жактырып, атүгүл анда-санда аны менен жыйналыштарга да барып жүрдүм. Бирок мага динге терең кызыгуунун кажети жоктой сезилчү. Себеби мен өзүмдү динчил адам катары эсептечү эмесмин. Кудайга ишенгеним менен, динчил адамдардын эки жүздүүлүгүн көп көрүп калгандыктан динге олуттуу карабаар элем. Мисалы, аскер дин кызматкерлеринин сүйүүгө жана тынчтыкка үндөп, ошол эле учурда согушту жакташканын түшүнө алчу эмесмин.

Диана «Күзөт Мунарасы», «Ойгонгула!» журналдарын мени окусун деп, көрүнө жерлерге коюп койчу. Мен болсо алардын кээ бирин окуп, кайра ордуна билгизбей коюп койчумун. Анткени Диананын мени аларга кызыгат деп ойлошун каалачу эмесмин. Бирок Ыйык Китептен алган билимим тереңдеген сайын андагы эки аят тынчымды ала берди. Биринчиси — Аян 19:17, 18. Ал жерде «аскер башчыларынын» («ЖД») этин жеш үчүн чогула турган канаттуулар жөнүндө айтылат. Экинчиси — Аян 17:3. Ал аятта «кыпкызыл жырткыч» жөнүндө кеп кылынган. Күбөлөр ырастагандай, ал жырткыч БУУну билдирет. Мен болсо БУУ жөнүндө такыр башкача ойдо болчумун *. Ошон үчүн ал суроолор жөнүндө ойлонбоого аракет кылчумун.

1993-жылы Диана мени өзүнүн чөмүлтүлө турган күнүнө чакырды. Бул мен үчүн күтүлбөгөн чакыруу эле. Мен андан: «Эгер сага танда десем, кимди тандайт элең: мениби же Жахабаныбы?» — деп сурадым. Ал: «Жахабаны... Бирок мага андай тандоо жасоого туура келбейт деп ойлойм. Мага экөөң тең керексиң»,— деп жооп берди. Ошондо мен анын менчелик жакшы көргөн Кудайы жөнүндө көбүрөөк билүүнү чечтим. Жыйналыштагы бир аксакал Ыйык Китепти изилдөөнү сунуш кылганда, мен макул болдум.

Мен ыйык китептик пайгамбарлыктарга, өзгөчө, согуштарга жана саясий окуяларга байланыштуу пайгамбарлыктарга кызыга баштадым. Академияда окуп жүргөндө байыркы гректердин согуштагы эрдиктери жөнүндө көп окуган элем. Эми Даниел китебинин 8-бөлүмүндө алардын көбүнүн мурун эле алдын ала айтылгандыгын билдим. Ошол жана башка аткарылган пайгамбарлыктар мени Ыйык Китептин Кудайдын шыктандыруусу менен жазылганына ынандырды.

Андан тышкары, БУУга болгон көзкарашым өзгөрдү. Куралдуу күчтөр адамзат көйгөйлөрүн чече албасын, куралдануу жана аскердик күчтү чыңдоо чыныгы тынчтыкка алып келбесин, ошондой эле элдер арасында согуш отун тутандырып келген саясий, диний жана этностук бөлүнүүчүлүккө БУУнун бөгөт коё албасын билдим. Адамзат көйгөйлөрүн бир гана Кудай чече аларын түшүнө баштадым. Ал көйгөйлөрдү Кудайдын азыртадан эле чечип жатканын Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк биртуугандыгынын арасынан айкын көрө алдым (Забур 132:1; Ышайа 2:2—4). Бирок мен: «Кудайга кызмат кылыш үчүн аскердик чоң кызматымды таштай аламбы?» — деп ойлонор элем.

Ыйык Китептеги чындыкты жактоо

1994-жылы Сиднейде болуп өткөн облустук жыйындан кийин бир жаңсыл чечимге келдим. Ал жыйында байыркы ысрайыл элинин же Жахабага, же Канаан кудайы Баалга сыйынууну чечиши керектиги жөнүндөгү драма көрсөтүлгөн. Драмада Жахабанын пайгамбары Илияс элге кайрылып: «Качанкыга чейин эки бутуңардан аксайсыңар? Эгер Теңирди Кудай десеңер, анда Аны ээрчигиле. Эгерде Баалды Кудай десеңер, анда аны ээрчигиле»,— дейт (1 Падышалар 18:21). Ошол сөздөр мага аябай таасир этти. Мен да, ысрайылдыктарга окшоп, эки анжы болуп жүргөм. Ошондуктан экөөнүн бирөөсүн: Жахабага кызмат кылууну же аскердик кызматымда көтөрүлө берүүнү тандашым керек эле.

Ошо күнү кечинде үйгө баратып мен Дианага аскер кызматын таштап, Жахабанын Күбөсү болууну чечкенимди айттым. Ал менден мындай чукул чечимди күтпөсө да, мени толук колдоду. Арадан бир нече күн өттү, бирок мен айтканымды эки кылган жокмун: бардым да, кызматтан кетүүгө арыз жаздым.

Ошол учурда Канберрадагы Австралия коргоо күчтөрүнө караштуу курсанттар корпусунун башкармасы болуп тургам. Мен кургактагы, деңиздеги жана абадагы аскер күчтөрү академиясынын курсанттарына аскердик жана гуманитардык билим берүү бөлүмүн, ошондой эле нускоочулар штатын — баары биригип 1 300гө жакын кишини — жетектечүмүн. Окуу жылынын аягында 400 бүтүрүүчү курсанттын жана нускоочулардын алдына чыгып сүйлөгөндө, ыктыярдуу түрдө үйдөн-үйгө кыдырып, башкаларга ыйык китептик билим бериш үчүн, аскер кызматын таштаарымды билдирдим. Анын аркасында айрымдар кызыгып, алар менен Ыйык Китептин негизинде сүйлөштүм.

Кудайга толук убакыттуу кызмат кылуу

Аскер кызматынан бошогон күндүн эртеси эле Кудай жөнүндө кабар айтуу ишине катыша баштадым. Андан үч ай өткөн соң, 1995-жылы апрелде, чөмүлтүлдүм. Анан жагдай-шартым мүмкүнчүлүк берер замат, убактымды толугу менен кабар айтууга жумшап, жалпы пионердик кызматка кириштим.

Мурун аскер башчысы болуп жүргөндүктөн, «Машайактын... жоокери» болуу үчүн мага көп өзгөрүүлөрдү жасоого туура келди (2 Тиметейге 2:3). Жыйналыштан адегенде микрофон ташуу артыкчылыгына ээ болдум. Буйрук бергендин ордуна, эми мен башкаларга сылыктык менен кайрылууга үйрөнүшүм керек эле. Мен үчүн ишти так, убагында аткаруудан адамдарга сый-урмат, сүйүү көрсөтүү алда канча маанилүү болуп калды. Бирок, албетте, кээде мага бул жагынан теңсалмактуу болуу оңой эмес. Акчаны да мурдагыдан азыраак таап калгандыктан, үйбүлөм жөнөкөй жашоо өткөрө баштады.

Мен кабар айтканды абдан жакшы көрөм. Бир жолу кызым Керри менен, ошондо ал тогуз жашта болчу, кабарга чыкканда башкалардын бизди кандай угарын байкап көрүүнү чечтик. Көптөр айткан кабарыбызга кайдыгер болсо да, айрымдар жакшы угуп, атүгүл кызыгуу көрсөтүштү. Буга экөөбүз тең кубандык. Улуу кызыбыз болсо мурда Ыйык Китепти бир азга изилдеген, бирок азырынча Кудай жолуна түшө элек.

Диана экөөбүз Керрини толук убакыттуу кызмат кылууга үндөчү элек. Мына эми жакында эле кубанычтуу окуя болуп өттү: кызым менен Пионердик кызмат мектебин чогуу бүтүрдүк — ал биринчи жолу окуса, мен экинчи жолу окудум. Кызыбыздын жана башка жаштардын рухий жактан өсүп, кабар айтуу ишине жигердүү катышып жатканын көрүп, абдан сүйүнөм (Забур 109:3).

Мол баталар

Артыма кылчая карап, аскер кызматчысы болуу менен Машайактын жоокери болуунун окшоштуктары да, айырмачылыктары да бар экенин көрөм. Маселен, экөөнөн тең берилгендик, баш ийүү, чынчылдык, өзүн өзү тыя билүү жана жанаябастык талап кылынат. Көптөгөн аскер кызматкерлери атамекени, достору үчүн курман болууга даяр болушса, Ыйсанын чыныгы жолдоочулары душмандарын да сүйүүгө чакырылат (Матай 5:43—48). Жоокер бир эле баатырдык иши үчүн сыйлык алса, Ыйсанын чыныгы жолдоочулары Кудайдын ырайымына акырына чейин ишенимдүү кызмат кылуунун аркасында ээ боло алышат. Ан үчүн куугунтукка, шылдыңга жана башка сыноолорго карабастан, жылдан жылга кайраттуулук көрсөтүү талап кылынышы мүмкүн (Эврейлерге 10:36—39). Мен билгенден, Кудайга ошентип кызмат кылып келаткан ишенимдештерим дүйнөдөгү эң сонун адамдардан.

Азыр мен баянымдын башында айткандай эмес, «кутмандуу таңың менен, биртууган...», «кутмандуу кечиң менен, биртууган...» деп учурашам. Кудайга аны чындап сүйгөн эл менен бирдикте кызмат кылуу кандай гана бакыт! Ооба, баарынан жогору турган Жахаба Кудайга кызмат кылуу, чынында эле, зор сыймык! Менин оюмча, жашоодо мындан артык канааттандырарлык жол жок.

[Шилтемелер]

^ 15-абз. Бул тууралуу 1989-жылдын 22-октябрындагы «Ойгонгула!» журналынын 2—10-беттеринде талкууланган, англ.

^ 17-абз. Кара: «Аян. Туу чокусуна жакын калды!», 240—243-беттер, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган, ор.

Аскер кызматкерлери атамекени, достору үчүн курман болууга даяр болушса, Ыйсанын чыныгы жолдоочулары душмандарын да сүйүүгө чакырылат

[26-беттеги сүрөт]

Канберрадагы парламент имаратынын үстүнөн реактивдүү самолёт менен учуп баратканымда

[27-беттеги сүрөт]

Сиднейдеги 1994-жылы болуп өткөн облустук жыйындын драмасы

Керри экөөбүз Пионердик кызмат мектебинде

Диана жана Керри менен бүгүн