Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Кошмо Штаттарда жүргүзүлгөн сурамжылоодон билингендей, эркектердин — 29 пайызы, ал эми аялдардын 9 пайызы өмүрүндө 15 же андан көп киши менен жыныстык мамиледе болгон (ООРУНУ КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖАНА АЛДЫН АЛУУ БОРБОРЛОРУ, АКШ).

Грецияда «16 жашка чейинки балдардын 62 пайызы порнографиялык сүрөттөрдү чөнтөк телефондоруна көчүрүп жүрүшкөнүн айтышкан» («ЭЛЕФТЕРОТИПИЯ», ГРЕЦИЯ).

Британияда болуп өткөн сурамжылоого катышкандардын 82 пайызы «коомдогу бөлүнүп-жарылуулардын жана жаңжалдардын тамыры — дин» деп эсептешет («ГАРДИАН», УЛУУ БРИТАНИЯ).

64 жылга созулган баш оору

Кытайлык бир аял башынын 60 жылдан ашуун убактан бери «такай ооруп келатканынын» себебин доктурлар башынан 3 сантиметрлик окту алып чыгышканда гана билген. Ал аял 13 жашында, 1943-жылдын сентябрь айында, жапондор Кытайдын Синьиге караштуу бир айылына кол салганда, башынан жараат алган. Ошондон бери анын баш оорусунун анык себебин эч ким биле алган эмес. «Барган сайын аялдын баш оорусу тез-тез кармагандыктан, рентгенге тарттырып көргөндө, башында ок бар экени билинген»,— деп билдирет «Синьхуа» маалымат агенттиги. Азыр 77 жаштагы ал аялдын өзүн жакшы сезип жатканы маалымдалат.

Узак жашаган кит

2007-жылы аляскалык мергенчилер Гренландия китин өлтүрүшүп, анын жонуна сайылган эски дегээнин (гарпундун) сыныктарын таап алышкан. Ал сыныктар, «Бостон глоб» гезитинин билдирүүсүнө ылайык, «1800-жылдардын аяк ченинде Нью-Бедфорддо (Массачусетс штаты, АКШ) жасалган, кит кармоодо колдонулган жарылма дегээнин калдыктары» экендиги аныкталган. Дегээнин ал түрү көп өтпөй колдонуудан чыгып калган. Андыктан Нью-Бедфорд кит кармоо чарбачылыгына караштуу музейинин тарыхчылары ал дегээ китке «1885—1895-жылдардын тегерегинде сайылган» деген жыйынтыкка келишүүдө. Демек, кит өлтүрүлгөндө, бери дегенде, 115 жашта болгон. «Бул табылга,— делет гезитте,— Гренландия кити жер бетиндеги сүт эмүүчүлөр арасындагы эң узак — 150 жылга чейин — жашаган жаныбар деген ырастоонун жүйөлүү экенинин дагы бир далили».

Жер астында калган токой

Геологдор жер астынан байыркы токой массивин табышкан. Ал токойдо азыркы учурда кездешпеген өсүмдүктөрдүн каткан калдыктары жолугат жана андагы өсүмдүктөрдүн кээси 40 метрге жетет. Буга чейин эч бир жактан кезиге элек бул өзгөчө токой Иллинойстогу (АКШ) көмүр шахтасынан табылган. Токой, окумуштуулардын айтуусу боюнча, кайсы бир катуу жер титирөөдөн улам жер астында калган. «Укмуш деп ушуну айт! Изилдөө маалында биз өзүбүздү кандайдыр бир деңгээлде кадимки токой ичин аралап жүргөндөй элестеттик»,— дейт токойдун табылганын маалымдаган илимий изилдөө тобунун жетекчиси Билл Димишел.

Эски шарап

«Биринчи дүйнөлүк согуш учурундагы союздук аскерлерден калган шарапты казып алуу максатында Македонияга (мурунку Югославияга) жол тарткандарын саны барган сайын өсүүдө»,— деп маалымдалат англис тилинде чыккан «Катимерини» гезитинде. Ал жакка баргандар, көбүнесе француздар, аскер кампалары жайгашкан жерлерди картанын жардамы менен издеп табышууда. Шараптын сакталып турганына, бери дегенде, 90 жыл болгон. Гезитте айтылгандай, «жакшы сакталган бөтөлкөдөгү шараптын баасы бүгүнкү күндө 2 000 еврого (2 675 долларга) жетет. Сакталган шараптан жана коньяктан ичип көргөн жергиликтүү калк: «Мындайды эч татып көргөн эмеспиз»,— дейт.