Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үйбүлө башчысы болуу чынында эмнени билдирет?

Үйбүлө башчысы болуу чынында эмнени билдирет?

Ыйык Китептин көзкарашы

Үйбүлө башчысы болуу чынында эмнени билдирет?

КӨПТӨГӨН өлкөлөрдө никелешүү каадасы баш кошуп жаткандардын бири-бирине ант берүүсү менен коштолуп, колукту болочок күйөөсүнө баш ийүүнү убада кылат. Анткен менен аялдардын көпчүлүгү эркекке баш ийүү керек деген ойду көп жактыра бербейт. Ал эми Ыйык Китепте башчылыкка байланыштуу эмне делген? Бул суроого жооп алуу менен Ыйык Китепте айтылгандардын акылга сыярлык жана иш жүзүндө колдонорлук экенине ынанабыз.

Үйбүлөнү Кудайга жаккыдай башкаруу

Башчылыктын кандай жүргүзүлүшү керектиги Ыйык Жазмада, Эфестиктерге 5:22—24-аяттарда, жазылган. «Аялдар, күйөөңөргө Теңирге баш ийгендей баш ийгиле... Машайак Жыйындын башчысы болгон сыяктуу эле, күйөө да аялдын башчысы. Жыйын Машайакка баш ийгендей эле, аялдар да бардык нерседе күйөөлөрүнө баш ийишсин». Күйөө «аялдын башчысы» болгондуктан үйбүлөдө жетекчиликти колго алууга тийиш. Аялы болсо күйөөсүнүн жетекчилигине баш ийип, аны урматташы керек (Эфестиктерге 5:33).

Үйбүлөнү башкарууда күйөө өзү да Кудайга жана Машайакка баш иет. Анын аялына Кудайдын мыйзамдарын буздурууга же Ыйык Китеп боюнча үйрөтүлгөн абийирине каршы иш жасатууга акысы жок. Ошону менен бирге, күйөөгө Кудай тарабынан үйбүлөгө байланыштуу олуттуу чечимдерди чыгаруу жоопкерчилиги артылган (Римдиктерге 7:2; 1 Корунттуктарга 11:3).

Ыйык Китеп күйөөлөрдү үйбүлөсүн өз пайдасын көздөбөй, жубайынын кызыкчылыктарын өзүнүкүнөн жогору коюп, башкарууга чакырат. Эфестиктерге 5:25те: «Күйөөлөр, аялыңарды Машайак Жыйынды сүйгөндөй сүйгүлө. Машайак Жыйын үчүн Өзүн берген»,— делет. Сүйүүсүн жеткилең түрдө көрсөткөн Машайактан үлгү алып, күйөөлөр башчылык кылууда өзүмчүл болуудан сактанышат.

Андан сырткары, Ыйык Китеп күйөөлөрдү аялына өз билимдерине жараша мамиле кылууга үндөйт (1 Петир 3:7, «ЖД»). Бул жөн гана аял менен эркектин ортосундагы денелик жана эмоциялык айырмачылыкты билүү дегенди билдирбейт. Күйөө аялынын муктаждыктарын билүүгө тийиш.

«Ал сенин өмүрлүк жолдошуң»

Эркекке баш ийүү таптакыр эле баш көтөрбөө дегенди билдиреби? Күйөөсүнө баш ийип, аялдарга үлгү көрсөткөн Сааранын Ыйык Китепте жазылган мисалын карап көрөлү (1 Петир 3:5, 6). Ал күйөөсү Ыбрайымга чоң жана кичине нерселерде да баш ийген. Алсак, өз үйүн, ыңгайлуу жашоо шартын таштап, көчүп-конуп чатырларда жашоого макул болгон. Ошондой эле күйөөсү айтар замат, тамак-аш белендеп берчү (Башталыш 12:5—9; 18:6). Бирок олуттуу маселелерге байланыштуу оюн, Ыбрайымдыкына каршы келсе да, айтпай койчу эмес. Мисалы, ал Ыбрайымга кайрылып, күңү Ажарды жана тун уулу Ысмайылды үйүнөн кетирүүнү өтүнгөн. Ошондо Кудай Ыбрайымга Сааранын өтүнүчүн четке какпай, «тилин алууну» буйруган. Саара болсо ал ортодо Ажар менен Ысмайылды өзү билип кууп жибербестен, Ыбрайымга баш ийип, анын кандай чечим чыгарарын күткөн (Башталыш 21:8—14).

Сааранын мисалынан көрүнүп тургандай, аял күйөөсүнүн унчукпай жүрө берген көлөкөсү эмес, урмат-сыйга татыктуу «өмүрлүк жолдошу» (Малахия 2:14). Андыктан ал үйбүлөсүнө байланыштуу туура чечимдерди чыгарууга чоң салым кошо алат. Демек, аял да үйбүлөдө кандайдыр бир деңгээлде бийликке ээ. Маселен, үй иштерин тейлеп, акчага байланыштуу иштерди жүргүзө алат. Ошентсе да, үйбүлө башчысы болгондуктан, акыркы чечимди күйөө чыгарат (Накыл сөздөр 31:10—31; 1 Тиметейге 5:14).

Никенин Негиздөөчүсүнө урмат көрсөтүү

Жахаба Кудай эркек менен аялды жаратып, аларды никенин ыйык түйүнү менен бириктирген (Башталыш 2:18—24). Андан тышкары, күйөө менен аялга бакыт тартуулай турган милдеттерди бөлүштүрүп берген (Мыйзам 24:5; Накыл сөздөр 5:18, 19).

Никеге байланыштуу эрежелерди бекитүүгө никенин Негиздөөчүсү Жахаба гана укуктуу. Башчылык кылуу тартибинин пайдасы чоң экенин түшүнгөндөн тышкары, аны бекиткен Кудайды урматтап, өзүлөрүнө ыйгарылган милдеттерин жакшы аткарган жубайлар Кудайдын ырайымына жана колдоосуна ээ болушат.

КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢ?

▪ Башчылык кылуунун жеткилең үлгүсүн ким калтырган? (Эфестиктерге 5:25).

▪ Күйөө өз билгениндей башчылык кылууга укугу барбы? (1 Корунттуктарга 11:3).

▪ Нике жана башчылык кылуу тартиби кандай максатта түзүлгөн? (Накыл сөздөр 5:18, 19).

[12-беттеги сүрөт]

Ыйсанын үлгүсү боюнча жүргүзүлгөн башчылык жубайлардын бактылуу болушун шарттайт