Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өзү жаралганбы?

Өзү жаралганбы?

Өзү жаралганбы?

Жөргөмүш желеси

▪ Жөргөмүштүн желеси кебезден жеңил болгону менен, болоттон бышык. Окумуштуулар ондогон жылдардан бери ала жөргөмүштүн желе суюктугун изилдеп келатышат. Баарынан да, аларды желе жипчелеринин жети түрүнүн эң бышыгы таң калтырат. Желенин ал түрү кездеме токууда колдонулган тыт малагынын жибегинен бышык болгонунан тышкары, суу өткөрбөйт.

Кызыктуусу. Синтетика булаларын, маселен, кевлар алуу үчүн жогорку температура жана ар кыл кычкыл эритмелер керектелет. Ал эми жөргөмүштөр өз желесин бөлмө температурасына барабар жылуулукта токуп, эритме катары кадимки эле сууну колдонот. Ошентсе да жөргөмүш желеси кевлардан кыйла бышык келет. Эгерде желени футбол талаасынын көлөмүнө тең келгенчелик чоңойтсо, аны менен зор авиалайнерди да токтотуу мүмкүн болмок!

Окумуштуулардын жөргөмүш желесинин бышыктыгына кызыгып жатканы бекеринен эмес. «Окумуштуулардын желедей бышык материалды ойлоп табууга ынтызар болгонунун себеби, аны ок өткөрбөгөн жилет чыгаруудан тартып, зор асма көпүрөлөрдү курууда колдонууга болот»,— деп жазат Эйми Каннингем «Сайенс ньюс» журналында.

Бирок жөргөмүштүн желе жасоочу заты ичинен бөлүнүп чыккандыктан, анын үстүнө, кандайча иштелип чыгарылары азырынча толук белгилүү болбогондуктан, аны жасалма жол менен алуу оңой эмес. «Жертөлөдөгү кадимки эле жөргөмүштөр пайда кылган нерсени нечендеген акылдуу адамдардын жарата албай жатканын көргөндө, өз мүмкүнчүлүктөрүңдүн өтө эле чектелүү экенин моюнга албай койбойсуң»,— дейт биолог Черил Хайаши («Chemical & Engineering News»).

Кандай деп ойлойсуңар? Жөргөмүш жана анын болоттон бышык желеси өзүнөн өзү пайда болгонбу? Же ал акылман Жаратмандын колунан бүткөнбү?

[14-беттеги сүрөт]

Жөргөмүштүн желе бөлүп чыгаруучу бездери (микроскоптон караганда)

[Булак]

Copyright Dennis Kunkel Microscopy, Inc.