Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адам кайсы учурда өзүн коргой алат?

Адам кайсы учурда өзүн коргой алат?

Ыйык Китептин көзкарашы

Адам кайсы учурда өзүн коргой алат?

ТҮН ортосу. Катуу дабыштан чочуп ойгонуп кеттиң. Кимдир бирөөнүн басып жүргөнү угулат. Көрсө, бирөө эшикти талкалап, үйүңө кириптир. Корккондон жүрөгүң дүкүлдөп, эмне кылышты билбей калдың.

Мындай жагдайга ар бир киши кабылышы ыктымал. Кылмыштуулук, атүгүл зомбулук менен коштолгон кылмыш да айрым өлкөлөрдө же чоң шаарларда эле эмес, бардык жерде боло жүргөн нерсеге айланды. Кылмыштуулуктан коркуп, көптөгөн адамдар өздөрүн коргоо үчүн курал сатып алышат же согушуу чеберчилигин өздөштүрүшөт. Кээ бир өлкөлөрдө жарандарга өзүн коргоо максатында адамды өмүрүнөн ажырата турган курал колдонууга укук берген мыйзамдар чыгарылган. Бирок буга карата Ыйык Китепте эмне делген? Адамдын өзүн жана үйбүлөсүн коргоо үчүн күч колдонгону туурабы?

Кудай зордук-зомбулукту жек көрөт

Ыйык Китепте зомбулук жана аны кылгандар айыпталат. Забурчу Дөөт Жахаба Кудай тууралуу мындай деген: «Зордук-зомбулукту жакшы көргөндү Анын жаны жек көрөт» (Забур 10:5). Кудай байыркы элдерди, анын ичинде өз элин да зордук-зомбулук кылып, кан төккөнү үчүн жоопко тартарын билдирген (Жоел 3:19; Михей 6:12; Накум 3:1). Ысрайылдыктарга берилген Мыйзамда атайлап болбосо да, шалаакылыктын айынан бирөөнүн өлүмүнө себепкер болуу олуттуу кылмыш катары эсептелчү (Мыйзам 22:8).

Ыйык Китеп бизди дайыма тынчтыкка умтулуу менен чыр-чатакка алып келе турган жагдайлардан качууга үндөйт. Зордук-зомбулук көрсөтүү көп учурда ачууланып жаман-жакшы айтышуудан башталат. Ыйык Китепте: «Отун жок жерде от өчөт, ушакчы жок жерде чатак басылат»,— деп айтылган (Накыл сөздөр 26:20). Адатта, сабырдуулук каарды токтотуп, зордук-зомбулукка жеткирбейт. Элчи Пабыл мындай деп жазган: «Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула» (Римдиктерге 12:18).

Өмүрүбүзгө коркунуч туулганда...

Анткен менен тынчтыкка умтулганыбыздын өзү эле бизге эч качан зомбулук көрсөтүлбөйт дегенди билдирбейт. Кудайдын ишенимдүү кызматчылары зордук-зомбулукка байыркы убактан бери эле кабылып келишүүдө (Башталыш 4:8; Аюб 1:14, 15, 17). Эгер адам куралчан тоноочуга кабылса, эмне кылышы керек? Ыйса: «Жаман адамга каршылык көрсөтпө»,— деп айткан (Матай 5:39, «ЖД»). Ошондой эле: «Сырт кийимиңди тартып алганга көйнөгүңдү да бер»,— деген (Лука 6:29). Ыйса мүлкүн же буюм-тайымдарын коргоо үчүн курал колдонууга үндөгөн эмес. Акылдуу киши куралчан тоноочуга кабылган учурда ага баалуу буюмдарды алууга каршылык көрсөтпөйт. Анткени өмүр материалдык нерселерге караганда алда канча баалуу!

Ал эми кылмышкер тарабынан адамдын өмүрүнө коркунуч туулсачы? Кудайдын байыркы ысрайыл элине берген мыйзамынан бул суроого айкын жооп алууга болот. Эгер ууру күндүз кармалып, өлтүрүлсө, аны өлтүргөн киши жоопко тартылмак. Себеби уурулук өлүм жазасына тартыла турган кылмыш эмес болчу жана уурунун ким экенин аныктоо мүмкүн болгондуктан, ал мыйзамга ылайык жазасын алмак. Бирок ууру түн ичинде өлтүрүлсө, үй ээси күнөөлүү болмок эмес. Анткени ага караңгыда уурунун эмне кылып жатканын, эмне максат менен келгенин аныктоо кыйын болмок. Үй ээси үйбүлөсү коркунуч алдында турат деген жыйынтыкка келип, коргонуу үчүн иш-аракет кылмак (Чыгуу 22:2, 3).

Демек, Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, кимдир бирөө кол салса, адам өзүн жана үйбүлөсүн коргой алат. Мисалы, ал соккудан буйтап кетсе же кол салган кишини кандайдыр бир жол менен кармап калса, атүгүл аны кайра кол салбашы үчүн жыга урса болот. Бирок бул аны иш-аракет кылууга жөндөмсүз кылуу же кол салуусун токтотуу максатында гана жасалышы керек. Мындай учурда кол салуучу чоң жараат алса же өлүмгө учураса, анын өлүмү кокустук болуп эсептелинет жана атайлап жасалган иш катары каралбайт.

Эң жакшы коргонуч

Ырас, зарыл болгон учурда өзүбүздү акылга сыярлык жол менен коргогонубуз туура. Адамдар өздөрүн жана жакындарын зордук-зомбулуктан, өлүм коркунучунан коргоого укуктуу. Качуу мүмкүн эмес болгондо акыл-эстүүлүк менен өзүбүздү коргоого Ыйык Китепте тыюу салынбайт. Ошентсе да зордук-зомбулукка алып келе турган жагдайлардан качуу үчүн колубуздан келгендин баарын кылуу акылмандыкка жатат (Накыл сөздөр 16:32).

Ыйык Китеп бизди жашообуздун бардык тармагында «тынчтыкты издеп, ошого умтулууга» үндөйт (1 Петир 3:11). Бул кеңеш тынчтыкта жашоого өбөлгө түзөт.

КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢ?

▪ Эмне үчүн зордук-зомбулуктан качышыбыз керек? (Забур 10:5).

▪ Буюм-тайымдарды коргоого келгенде эмне кылуу акылмандыкка жатат? (Накыл сөздөр 16:32; Лука 12:15).

▪ Кандай маанай зордук-зомбулуктан качууга жардам берет? (Римдиктерге 12:18).

[11-беттеги таблица]

Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, кимдир бирөө кол сала турган болсо, адам өзүн жана үйбүлөсүн коргой алат