Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акыркы күндөр качан башталган?

Акыркы күндөр качан башталган?

Акыркы күндөр качан башталган?

«БИЗДИН оюбуз боюнча, бир миллиард жылдан ашыгыраак убакыт өткөндөн кийин Жер планетасы өрттөнүп, ээн талаа, эрме чөлгө айланат. Көп клеткалуу тирүү организмдердин аман калышын элестетүү кыйын»,— деп айтылат бир журналдын жакында чыккан санында («Sky & Telescope»). Эмне себептен мындай болушу мүмкүн? «Күндүн ачуу тийген нуру деңиздерди кургатып, материктерди куйкалайт»,— делет «Астрономия» аттуу журналда. Андан ары: «Үрөйдү учурган бул көрүнүш жөн гана ачуу чындык эмес, адамзат качып кутула алгыс тагдыр»,— деп кошумчаланат.

Бирок Ыйык Китепте Кудайдын «жерди бекем негизге орноткону» жана жердин «кылымдан кылымга бекем турары» айтылган (Забур 103:5). Албетте, жерди жараткан Кудай анын түбөлүк бар болушуна кам көрө алат. Анткени ал жерди «жашоо үчүн жараткан» (Ышайа 45:18). Бирок ал жер үстүндө күнөөлүү, акыр-аягы өлүмгө моюн суна турган адамдардын жашашын ниет кылган эмес. Даниел 2:44-аятта айтылгандай, Кудай Падышалык аркылуу өзүнүн бийлигин кайра орнотууга убакыт белгилеп койгон.

Ыйса Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар тараткан. Ал элдерди соттой турган маал тууралуу айтып берип, мурун болуп көрбөгөн чоң алаамат болорун эскерткен. Андан тышкары, дүйнөнүн акыры келип калганын аныктоого көмөк кылган курама белгилерди берген (Матай 9:35; Марк 13:19; Лука 21:7—11; Жакан 12:31).

Ыйса, тарыхтагы эң улуу адам, айткан бул билдирүүлөр көптөрдү ойлондуруп келген. Ал окуялар качан болмок? Ыйык китептик пайгамбарлыктарды жана хронологияны изилдөө менен айрымдар дүйнөнүн акыры качан келерин так аныктоого умтулушкан. Муну изилдегендердин бири 17-кылымда жашаган математик, бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун ачкан жана эсептөө системасын түзгөн Исаак Ньютон болгон.

Ыйса шакирттерине: «Атанын Өз бийлиги менен белгилеген убакыттарын, мөөнөттөрүн билүүнүн силерге кереги жок»,— деп айткан (Элчилер 1:7). Ал өзүнүн «келер убактысын» жана «дүйнөнүн акыры келип калганын» көрсөткөн белгилер тууралуу айткандан кийин: «Ал күн жана саат жөнүндө Атамдан башка эч ким билбейт, асмандагы периштелер да билбейт»,— деп кошумчалаган (Матай 24:3, 36). Анан Нухтун күндөрүндөгү ыймансыз дүйнөнүн кыйратылышы менен «Адам Уулу келгенде» боло турган кыйратууну салыштырып: «Сергек болгула, анткени Теңириңердин кайсы убакта келерин билбейсиңер»,— деген (Матай 24:39, 42).

Ошентип, «дүйнөнүн акыры» качан келери бизге так белгилүү болбосо да, Ыйса айткан «белгилерден» Ыйык Китепте «акыркы... күндөр» деп аталган убак качан башталарын биле алабыз (2 Тиметейге 3:1). Ал убак «боло турган алааматтардын баарынан качып кутула алыш» үчүн «сергек боло» турган убак болмок (Лука 21:36).

Белгилерди айтардан мурун Ыйса мындай деп эскерткен: «Силерди бирөө адаштырып кетпеши үчүн сак болгула. Анткени: „Машайак Менмин“ жана „Аз убакыт калды“,— деп, Менин ысымымды жамынып көптөр келишет. Алардын артынан ээрчибегиле. Согуштар жана дүрбөлөңдөр тууралуу укканыңарда, коркпогула. Анткени алгач ушундай болушу керек. Бирок бул дүйнөнүн акыры эмес» (Лука 21:8, 9).

Эмне болгон белгилер?

Адамдардын акыркы күндөрдө жашап жатканын дүйнөдөгү кайсы окуялар күбөлөндүрөрүн айтып, Ыйса сөзүн минтип улаган: «Бир эл бир элге, бир падышачылык бир падышачылыкка каршы көтөрүлөт. Жер-жерлерде катуу жер титирөөлөр, ачкачылык, жугуштуу оорулар, коркунучтуу көрүнүштөр жана асмандан чоң жышаандар болот» (Лука 21:10, 11). Ошондой эле ал: «Асман Падышачылыгы жөнүндөгү бул Жакшы Кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат, ошондон кийин дүйнөнүн акыры келет»,— деген (Матай 24:14). Ыйса айтып өткөн согуштар, жертитирөөлөр, жугуштуу оорулар, ачарчылык дайыма эле болуп келген. Алар — адамзат тарыхынын ажырагыс бөлүгү. Бирок дүйнөнүн акыры келгени Ыйсанын айткандарынын баары бир убакта аткарылышынан көрүнмөк.

Ойлонуп көрсөңөр, Ыйсанын пайгамбарлыгында айтылгандардын баары биригип кайсы доордо аткарылды эле? 1914-жылдан баштап адамзат кыйратуучу дүйнөлүк согуштарды, цунами сыяктуу кесепеттерге алып келген чоң жертитирөөлөрдү, малярия, «испанка» эпидемиясы, ЖИКС (СПИД) сыяктуу кеңири таралган, өлүмгө учураткан ооруларды башынан кечирүүдө. Андан тышкары, миллиондогондор ачарчылыктан жапа чегип, каза табууда; террорчулуктун, массалык кыйратуучу куралдарды колдонуунун коркунучу көптөрдүн жүрөгүнүн үшүн алууда. Ошондой эле Кудайдын асман Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабар Жахабанын Күбөлөрү тарабынан дүйнө жүзү боюнча таратылууда. Ушунун баары, Ыйса алдын ала айткандай, так аткарылып жатат.

Элчи Пабылдын сөздөрүнө да көңүл бурсаңар: «Акыркы убакта оор күндөрдүн келерин бил. Анткени адамдар өзүн өзү сүйүүчү, акчаны сүйүүчү, бой көтөргөн, менменсинген, заар тилдүү, ата-энесине баш ийбес, жакшылыкты билбеген, кудайсыз, таш боор, элдешпес, ушакчы, өзүн өзү кармай албаган, кара мүртөз, жакшы нерсени жек көргөн, чыккынчы, кара өзгөй, көөдөнүн көтөргөн, Кудайга караганда ыракатты сүйгөн, такыбаа болуп көрүнгөн, бирок такыбаалыктын күчүнөн баш тарткан адамдар болушат» (2 Тиметейге 3:1—5). Ооба, «оор күндөр» бүт дүйнө жүзүнө таралган мыйзамсыздык, кудайсыздык, зордук-зомбулук жана барып турган өзүмчүлдүк менен коштолмок *.

Же бул дүйнөнүн акыры келгенин көрсөткөн «акыркы... күндөр» дагы эле алдыдабы? Алардын качан башталарын айгинелеген дагы башка далилдер барбы?

Акыркы мезгил качан башталган?

Даниел пайгамбарга келечекте боло турган окуялар жөнүндө аян берилген соң: «Ошол учурда [Даниел 11:40та айтылган «мезгилдин акырында»] өз элиңдин уулдары үчүн турган улуу төрө Михаел [Ыйса Машайак] келет»,— деп айтылган (Даниел 12:1). Михаел эмнелерди ишке ашырмак?

Аян китебинде Михаелдин падышалык бийликти колуна алып, иш-аракет кыла баштаган убагы тууралуу мындай делген: «Асманда согуш чыкты: Михаел жана анын периштелери ажыдаарга каршы согушушту, ажыдаар жана анын жин-перилери тигилерге каршы согушушту, бирок жеңилип калышты, аларга андан ары асманда орун жок эле. Ошентип, чоң ажыдаар — бүткүл ааламды азгырган, шайтан жана ибилис деп аталган байыркы жылан жерге кулатылды, аны менен кошо жин-перилери да кулатылды. Ошондуктан, асман жана анда жашагандар, кубангыла! Бирок жер үстүндө жана деңизде жашагандарга кайгы! Анткени шайтан өз убагынын аз калганын билип, силерге катуу каары менен түштү!» (Аян 12:7—9, 12).

Ыйык китептик хронологияга ылайык, бул согуш — Шайтандын жана анын жин-перилеринин асмандан ыргытылышы — жерге чоң кайгы алып келмек. Себеби Ибилис өзүнүн бийлигинин жакында аяктаарын билип, жерге катуу каары менен түшмөк. Анын каары акыркы күндөрдө, Армагедон согушунда толук жеңилгенге чейин, барган сайын күчөмөк (Аян 16:14, 16; 19:11, 15; 20:1—3).

Асмандагы ал согуш эмне менен аяктаарын айтып, элчи Жакан мындай деген: «Мен асмандан мындай деп сүйлөгөн катуу үндү уктум: „Биздин Кудайыбыздын куткаруу иши иш жүзүнө ашты, Анын күчү көрүндү, Анын падышачылыгы орноду, Анын Машайагы бийликти колуна алды, анткени биздин бир туугандарыбызды Кудайдын алдында күндүр-түндүр жамандаган ушакчы жерге кулатылды“» (Аян 12:10). Бул аятта Машайактын башкаруусу астында Падышалыктын орношу жөнүндө айтылганына көңүл бурсаңар. Чынында, асман Падышалыгы 1914-жылы орнотулган *. Анткен менен, Забур 109:2-аятта айтылгандай, Падышалык асманда орногондой эле, жерде да орногуча Ыйса душмандарынын арасында бийлик жүргүзмөк (Матай 6:10).

Кызыктуусу, Даниел пайгамбарга алдыда боло турган окуялар тууралуу кабар берген периште дагы мындай деген: «Сен, Даниел, акыркы мезгилге чейин бул сөздөрдү жашырып кой, бул китепке мөөр басып кой. Аны көптөр окушат, билим көбөйөт» (Даниел 12:4). Бул — «акыркы мезгилде» жашап жатканыбыздын дагы бир далили. Ушул пайгамбарлыктардын мааниси так-даана ачылып берилген жана учурда дүйнөнүн булуң-бурчуна чейин жарыяланууда *.

Акыркы күндөр качан аяктайт?

Акыркы күндөрдүн канчага созулары Ыйык Китепте так айтылган эмес. Бирок акыркы күндөрдө, Шайтандын убактысы азайган сайын, дүйнөдөгү абал оордогондон оордой берет. Элчи Пабыл: «Кара ниет жана алдамчы адамдар болсо башкаларды азгырып, өздөрү да азгырылып, мурункудан да көбүрөөк жамандыкка барышат»,— деп эскерткен (2 Тиметейге 3:13). Ыйса да келечекте боло турган окуялар жөнүндө мындай деген: «Ошол күндөрдө чоң алаамат болот, андай алаамат дүйнө жаратылгандан баштап, азыркыга чейин болгон эмес жана кийин да болбойт. Эгерде Теңир ал күндөрдү кыскартпаса, анда эч бир адам куткарылмак эмес. Бирок Ал Өзү тандап алгандар үчүн гана ошол күндөрдү кыскартты» (Марк 13:19, 20).

Алдыда боло турган окуяларга «чоң алаамат», анын ичинде Армагедон согушу жана Шайтан менен жин-перилеринин жердегилерге зыян алып келе албагыдай иш-аракетсиз абалга келтирилиши кирет (Матай 24:21). Булардын баары сөзсүз аткарыларына бизди «жалган сүйлөбөгөн Кудай» ынандырууда (Титке 1:2). Армагедон согушу жана Шайтандын туңгуюкка камалышы Кудайдын кийлигишүүсү менен болот.

Ыйык рухтун жетеги менен элчи Пабыл Кудайдын согушу башталар алдында эмне болорун жазган. Анын «убакыты жана мөөнөтү» жөнүндө ал мындай деген: «Теңирдин [Жахабанын] күнү түн жамынган уурудай болуп келет... „Тынчтык жана коопсуздук“,— деп айтышканда, кош бойлуу аялдын толгоосу кармаган сыяктуу, алар күтүлбөгөн жерден өлүмгө дуушар болушат жана андан качып кутула алышпайт» (1 Тесалоникалыктарга 5:1—3). Эмне себептен «тынчтык жана коопсуздук» деген жалган убада айтылары белгисиз, муну убакыт гана көрсөтөт. Бирок Жахабанын сот күнүнүн келишине эч нерсе тоскоол боло албайт.

Бул пайгамбарлыктардын аткарыларына бекем ишенүү иш-аракет кылууга түрткү бериши керек. Анда бизден эмне кылуу күтүлөт? Буга Петир мындай деп жооп берет: «Эгерде баары ушинтип жок боло турган болсо, анда Кудайдын күнүнүн келишин каалап жана күтүп жаткан силердин жашооңор канчалык ыйык, канчалык такыбаа болушу керек» (2 Петир 3:11, 12). Бирок силер: «Мунун мен үчүн кандай пайдасы бар?» — деп сурашыңар мүмкүн. Бул суроонун жообу кийинки макалада каралат.

[Шилтемелер]

^ 12-абз. «Акыркы... күндөргө» байланыштуу кошумча маалымат алуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган 2007-жылдын июль—сентябрындагы «Ойгонгула!» журналын (8—10-бб.), «Күзөт мунарасынын» 2006-жылдын 15-сентябрындагы (4—7-бб., ор.) жана 2005-жылдын 1-октябрындагы (4—7-бб., ор.) сандарын карагыла.

^ 18-абз. Ыйык китептик хронологияга байланыштуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 215—218-беттерин карагыла.

^ 19-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Даниелдин пайгамбарлыгына көңүл бургула!» (ор.) китебин жана 2008-жылдагы «Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китебинин» (ор.) 31—39-беттерин карагыла.

[5-беттеги кыстырма]

Ыйса айткандай, «ал күн жана саат жөнүндө» кудай гана билет

[4-беттеги сүрөт]

Исаак Ньютон

[4-беттеги булак]

© A. H. C./age fotostock

[7-беттеги сүрөт]

Ыйса айткан белгилер 1914-жылдан тартып айкын болууда

[Булак]

© Heidi Bradner/Panos Pictures

© Paul Smith/Panos Pictures