Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Жахабанын рухуна жетектелген Падыша аркылуу бата алгыла!»

«Жахабанын рухуна жетектелген Падыша аркылуу бата алгыла!»

«Жахабанын рухуна жетектелген Падыша аркылуу бата алгыла!»

«Адам адамдын үстүнөн бийлик кылып, ага зыян келтирет». Ыйык Китепте Насаатчы 8:9да айтылган бул сөздөр адамдардын башкаруусун таамай сүрөттөп турат. Жагдайыбыз жакшы жакка өзгөрөбү? Же адамзаттын мындай кейиштүү тарыхы келечекте да кайталана береби? Бул суроолорго Жахабанын Күбөлөрүнүн 2008—2009-жылдардагы «Кудайдын рухуна жетектелебиз» аттуу облустук жыйынында айтыла турган жалпыга арналган баяндамада жооп берилет. «Жахабанын рухуна жетектелген Падыша аркылуу бата алгыла!» деп аталган бул баяндамада чыныгы адилеттик жана сүйүү менен бийлик жүргүзө турган, биз үчүн өз өмүрүн берген Ыйса Машайакка көңүл бурулат (Матай 20:28).

Ыйса башка бийлик башындагылардан эмнеси менен айырмаланат? Кудай Ышайа пайгамбар аркылуу мындай деген: «Анын [Ыйсанын] үстүнө Теңирдин Руху, даанышмандык жана акылмандык руху, кеңеш жана күч руху, билим жана Теңирден коркуу руху түшөт. Ал Теңирден коркуу рухуна толот, Өзүнүн көзү менен көргөнү боюнча соттобойт, Өзүнүн кулагы менен укканы боюнча иш чечпейт. Ал алсыздарды адилеттик менен соттойт, жерде азап чеккендердин ишин акыйкаттык менен чечет» (Ышайа 11:2—4).

Болочок падышанын мындай сүрөттөлүшү силерге жактыбы? Ошондой болсо, биз силерди май айынан баштап дүйнө жүзү боюнча өткөрүлө турган жүздөгөн облустук жыйындардын бирине келип, жалпыга арналган баяндаманы угуп кетүүгө чакырабыз. Жакын жерде өткөрүлө турган жыйындын дарегин билиш үчүн жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү менен байланышсаңар болот же 5-беттеги даректердин бирин колдонуп, ушул журналды чыгаргандарга кат жазсаңар болот.