Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба деген ысымды ушул жерден уккам

Жахаба деген ысымды ушул жерден уккам

Жахаба деген ысымды ушул жерден уккам

Айтып берген: Павол Ковар

Катуу бомбалоонун учурунда убактылуу салынган баш калкалоочу жайга кире качууга зорго жетиштик. Бомбалоо күчөп, баш калкалоочу жайыбыз солкулдай баштаганда, арабыздагы туткундардын бири үнүн бийик чыгара: «Жахаба, бизди сактай көр. Өзүңдүн ыйык ысмың үчүн сактай көр!» — деп тиленип жиберди.

БУЛ окуя 1945-жылдын 8-январында болгон. Ал кезде мен Австриядагы Линц шаарында туткунда жүргөн элем. Баш калкалоочу жайда мени менен бирге 250дөй киши бар болчу, баарыбыз тең аман калдык. Ал жайдан чыксак, айланадагынын баары талкаланып калыптыр. Чын жүрөктөн тиленген ошол кишинин ким экенин алигиче билбесем да, анын тиленүүсү ташка тамга баскандай эсимде калыптыр. Жахаба деген ким экенин кантип билгенимди айтып берерден мурда өзүм жөнүндө бир аз баяндап берейин.

Мен 1921-жылы 28-сентябрда Словакиянын батышындагы Крайне деген кыштакка жакын жерде төрөлгөм. Ал кезде Словакия Чехословакиянын бир бөлүгү болчу. Ата-энем динди бекем туткан протестанттар эле. Атам бизге үйбүлөбүздөгү Ыйык Китепти жекшемби сайын эртең менен окуп берчү. Апам менен биз, төрт биртууган, аны кунт коюп укчубуз. Бирок атамдын Жахабанын ысмын колдонгону такыр эсимде жок. Биздин аймактагылар жөнөкөй жашашчу, ошентсе да биз колубузда болгонго ыраазы болчубуз.

1939-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда, элдин баарын коркунуч баскан. Анткени көптөр 20 жылдай мурун болуп өткөн Биринчи дүйнөлүк согуштун азаптарын унута элек болчу. 1942-жылы мен Словакиянын аскеринде кызмат өтөөгө чакырылдым. Расмий түрдө Германия тарапта болгонуна карабай, Словакия 1944-жылы августта демократияны калыбына келтирүүгө аракет жасаган. Бирок бул оңунан чыкпай калганда, миңдеген словак жоокерлери Германиянын көзөмөлү астындагы аймактарга жөнөтүлдү; алардын арасында мен да бар болчумун. Акыр-аягы мен Гузендеги лагерге — Линц шаарынын жанындагы жаман жагынан атагы чыккан Маутхаузен концлагерине жакын жайгашкан лагерге — жиберилдим.

Согуш туткуну

Биз Санкт-Георген-ан-дер-Гузен деген айылдан алыс эмес жердеги учак заводунда иштөөгө дайындалдык. Мен тактай тилүүчү жайда иштедим. Бизге жегенге аз эле нерсе берилчү. Ал эми 1945-жылдын январынан баштап, нацисттик аскерлер бардык фронттордо жеңиле баштагандыктан, тамак-аш андан да аз бериле баштады. Жылуу тамак катары бир аз гана «сорпо» берилчү. Күнүгө эртең менен негизги лагерь болуп эсептелген Маутхаузенден жумушчуларды алып келишчү. Алсырап, иштей албай калгандарын сакчылар сабап, өлтүрүп салышчу. Кийинчерээк башка туткундар алардын өлүктөрүн арабаларга жүктөп, крематорийге алып барышчу.

Азап тартканыбызга карабай, согуш жакында токтойт деп үмүттөнчүбүз. Жогоруда айтылып кеткен бомбалоодон 4 ай өткөндө, 1945-жылы 5-майда, ызы-чуудан улам ойгонуп кеттим да, сыртка чуркап чыктым. Сакчылардын эч кимиси жок экен, курал-жарактар үйүлүп жатыптыр. Дарбазалар болсо чоң болуп ачылып калгандыктан, шалбаанын аркы жагындагы башка лагерди көрдүк. Андагы боштондук алган туткундар күйүп жаткан балчелектен учуп чыккан аарылардай чуркап чыгышты. Бирок боштондук менен бирге ырайымсыз өч алуулар да башталды. Ошол убактагы кан төгүүлөр дагы эле эсимден кетпейт.

Туткундар каполордон (нацисттик сакчылар менен кызматташкан туткундардан) өч алыш үчүн, аларды сабап, өлтүрүп жатышты. Анткени каполор, адатта, нацисттик сакчылардан да ырайымсыз келишер эле. Мен бир туткундун капону мылтыктын кундагы менен ургулап: «Бул менин атамды өлтүргөн. Биз атам экөөбүз ушул жерде болчубуз. Бул болсо аны эки күн мурун өлтүрүп салды»,— деп кыйкырганын жана акыр-аягы аны өлтүрүп салганын көргөм. Ошол кечте шалбаа жүздөгөн каполор менен башка туткундардын өлүгүнө толуп калган. Кийинчерээк ал жактан кетердин алдында биз концлагердин өлүм жазасы ишке ашырылган жайларын, айрыкча, газ камералары менен мештерин карап чыктык.

Чыныгы Кудайды таанып-билүү

Үйгө мен 1945-жылы майдын аягында бардым. Ата-энем Кудайдын ысмы жөнүндө, мен баягы баш калкалоочу жайда уккан ысым жөнүндө, билим алып, атүгүл Жахабанын Күбөсү да болушуптур. Үйгө кайтып келгенимден көп өтпөй Кудайды сүйгөн Ольга деген кыз менен тааныштым. Бир жылдан кийин баш коштук. Анын Ыйык Китептеги чындыкка болгон сүйүүсү мага Жахаба жөнүндө андан ары да билим алууга түрткү берди. Коммунисттик жаңы режим 1949-жылы кабар айтуу ишибизге тыюу салганга чейин өткөрүлгөн акыркы жыйында Ольга экөөбүз 50гө жакын башка биртууган менен Пьештянидеги Ваг дарыясында чөмүлтүлдүк. Убакыттын өтүшү менен Ольга жана Власта деген эки кыздуу болдук.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин кабар айтуу ишин уюштурууга жардам берген Ян Себин деген биртууган биздикине көп келчү. Ал экөөбүз көп кызматташар элек. Коммунисттердин куугунтуктоосу улам күчөгөнүнө карабай, кабар айтуу ишибизди улантып, башкалар менен Ыйык Жазмадагы чындыктар тууралуу абайлап сүйлөшө бердик. Ошентип, көп өтпөй бир топ ыйык китептик изилдөө баштай алдык. Ян кеткенден кийин, ал изилдөөлөрдү аялым экөөбүз уланттык. Кийин жыйындарда ошол сүйүктүү биртуугандарыбыз менен, алардын балдары, неберелери менен жолугуп турдук. Бул бизге чоң кубаныч тартуулачу!

Өзгөчө кызмат

1953-жылы кабар айтуу ишин жетектеген биртуугандардын көптөрү түрмөдө болчу. Ошондуктан биртуугандар менден үйүмөн 150 километрдей алыстыктагы аймакта кабар айтуу ишин көзөмөлдөөгө жардам берүүнү суранышты. Ар бир экинчи жуманын ишемби күнү түштөн кийин жумуштан чыгарым менен Нове-Место-на-Ваге шаарынан поездге отурчумун да, Словакиянын түндүк-борборундагы Мартин деген шаарга жөнөчүмүн. Ал жерден ишемби күнү караңгы киргенге чейин жана эртеси күнү кечке чейин кабар айтчумун. Анан поездге отуруп, кайра Нове-Местого жөнөчүмүн. Ал жакка түн жарымда жетип, бир меймандос кары жубайлардыкында түнөчүмүн. Эртең менен түз эле жумушка кетип, Крайне айылына, үйүмө дүйшөмбү күнү кечинде келчүмүн. Ишемби, жекшемби күндөрү үйдө болбогонумда, кыздарыбызга Ольга кам көрчү.

1956-жылы биртуугандар мага райондук көзөмөлчү болууну, башкача айтканда, биздин аймактагы жыйналыштарды кыдырып, рухий жактан бекемдөөнү сунуш кылышты. Бул кызматты аткаргандардын көптөрү ал убакта түрмөдө болгондуктан, мен макул болдум. Аялым экөөбүз Жахабанын үйбүлөбүзгө жардам берерине бекем ишенчүбүз.

Коммунисттердин мыйзамына ылайык, өлкөнүн ар бир жараны бир жерде иштеши керек болчу. Жумушу жокторду болсо өкмөт коомдун зыянкечтери катары эсептеп, түрмөгө камап салчу. Ошондуктан жумушумду токтоткон жокмун. Ай сайын эки ишемби менен эки жекшембини үйбүлөм менен өткөрүп, рухий жана башка иштер менен алек болчубуз. Калган эки ишемби менен эки жекшембиде районубуздагы жакын жайгашкан алты жыйналыштын бирин кыдырчумун.

Тыюу салынган убакта адабият чыгаруу

Райондук көзөмөлчүнүн милдетине ар бир жыйналышты Ыйык Китепке негизделген адабияттар менен камсыз кылуу да кирчү. Журналдарды көбөйтүш үчүн башында аларды кол менен же машинке менен көчүрчүбүз. Кийинчерээк «Күзөт мунарасынын» фотоплёнкаларын алып, жыйналыштарга жөнөтө баштадык. Ошентип, журналдар фотокагазга көчүрүлө баштады. Андай кагазды көп сатып алуу шектенүүлөрдү пайда кылышы мүмкүн болгондуктан, аны сатып алгандардан эржүрөктүк, кыраакылык талап кылынчу.

Штефан Гучко бул ишти ынталуулук менен жана абдан жакшы аткарчу. Мисалы, бир жолу ал башка шаардагы бир дүкөнгө фотокагаз сатып алганы барат. Бирок кагаз жок болуп чыгат. Кеткени жатып ал мурунку жолу келгенинде фотокагазга заказ берүүнү убада кылган дүкөнчү аялды көрүп калат. Аны көздөй басайын дегенде дүкөнгө полиция кызматкеринин кирип келатканын көрөт. Ошол учурда дүкөнчү да Штефанды көрө калып: «Келгениңер ырас болбодубу. Силер заказ кылган фотокагаз келди»,— деп кубанып кетет.

Штефан дароо ойлоно калып: «Кечиресиз, мени башка бирөө менен чаташтырып алдыңыз окшойт. Мага бир эле плёнка керек»,— деп жооп берет.

Анан машинесине барып, заказ кылынган фотокагазды албай кетип калууга болбой турганын ойлонот. Ал сырт кийимин, шапкесин чечип, сырткы көрүнүшүн бир аз өзгөрткөнгө аракет кылгандан кийин кайра дүкөнгө кирип, сатуучудан: «Мен бир жума мурун келген элем. Сиз мен үчүн фотокагазга заказ берүүнү убада кылган болчусуз. Ал заказ келдиби?» — деп сурайт.

«Ооба, ооба, келди,— деп жооп берет аял.— Билесизби, бир аз эле мурун сизге опокшош бир киши келди. Сизге тим эле куюп койгондой окшош экен». Штефан Жахабага ыраазычылык билдирип, заказ кылынган көп фотокагазды шашылыш түрдө алып кетет.

1980-жылдары биз Ыйык Китепке негизделген адабияттарды жертөлөлөрдө жана башка жашыруун жерлерде ротациялык басуучу машине менен, ошондой эле кичинекей офсеттик машине менен көбөйтө баштадык. Бара-бара журналдардын, китептер менен китепчелердин саны Күбөлөрдүн санына жетип, атүгүл ашып да кетти.

Жагымсыз жолугушуулар

1960-жылдары иштеген жеримдеги аскердик бөлүмгө чакырылдым. Башкалардай эле кийинген үч киши: «Жахабанын Күбөлөрү менен качантан бери байланыштасың? Кимдер менен жолугуп жүрөсүң?» — деп мени суракка алышты. Аларга эч кандай маалымат бербей койгонумдан улам, алар кийинчерээк дагы жолугушарыбызды айтып, коё беришти. Бул менин жашыруун полиция, тактап айтканда, Мамлекеттик коопсуздук комитети менен болгон биринчи жолугушуум эле.

Көп өтпөй иштеген жеримен түз эле полиция участогуна алып кетишти. Ал жактан мага актай барак берип, Күбөлөрдүн аттарын жазууну айтышты. Бир сааттай убакыт өткөндөн кийин, бир киши келип, баракка эч нерсе жазылбаганын көрдү. Мен ага эч кандай ат жазбай турганымды айттым. Кийинки жумада бул дагы кайталанды. Бирок суракка алышкан соң мени сабап, коридордон тепкилеп чыгарып жиберишти.

Ошондон кийин бир жылдай жайыма коюшту. Анан кайра бир күнү полиция кызматкери мага бир кишини жиберди. Ал мени менен бирге нацисттик концлагерде болгон эле. «Силерге жасаган мамилебизди өзгөртүшүбүз керек экен. Анткени Күбөлөрдүн бирин түрмөгө камасак, анын ордуна бешөө пайда болот»,— деди ал. Ал кезде бийликтегилер биздин ишибизди, жок дегенде, көзөмөлдөп турууну каалашчу. Бирок мен аларга бул максатына жетүүгө шарт түзө турган эч кандай маалымат бербөөнү бекем чечип алгам.

Мен көп жылдар бою жашыруун полицияга ушундай максатта кайра-кайра чакырылгандардын арасында болдум. Полиция кызматкерлери бизге кээде досторчо мамиле кылышса, кээде айрымдарыбызды түрмөгө камап коюшчу. Бактыга жараша, мени бир да жолу камашкан жок. Бирок 1989-жылы Чехословакияда коммунисттик режим кулаганга чейин, мени кайра-кайра чакыртып турушту.

Коммунисттик режим кулагандан бир нече жума өткөндөн кийин, Братиславадан Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жогорку даражалуу бир мүчөсү келип: «Менден көзкаранды болсо, сиздин тынчыңызды эч албайт болчумун» — деп, менден кечирим сурады. Анан машинесинен консерваланган жемиштерге толтурулган эки сумканы алып чыгып, мага тартуу кылды.

Жахаба — бекем мунара

Жахабанын Күбөсү катары кызмат кылган алгачкы 40 жылым тыюу салынган мезгилге туш келсе да, жашоом көп кубаныч, сыйлыктар менен коштолду. Ошол жылдары башыбыздан өткөн нерселер бизди ишенимдүү биртуугандарыбызга ого бетер жакындатты. Достугубузду дагы көбүрөөк баалаганга үйрөндүк, бири-бирибизге болгон ишенимибиз артты.

2003-жылы март айында сүйүктүү жубайым Ольга каза болуп, чоң жоготууга учурадым. Чогуу жашаган күнүбүздөн тартып ал менин берилген шеригим болуп келген эле. Ошол убак бою биз Кудайга чогуу жигердүү кызмат кылып келдик. Азыр мен жыйналышыбызда аксакал катары кызмат кылам жана дагы эле Ыйык Китептеги чындыктарды кабыл ала турган адамдарды издеп жатам. Экинчи дүйнөлүк согуштун учурунда баш калкалоочу жайда уккан «Жахаба» деген ысым мен үчүн дагы эле бекем мунара * (Накыл сөздөр 18:10).

[Шилтеме]

^ 33-абз. Павол Ковар 2007-жылы 14-июлда, бул макала даярдалып жатканда, каза болду. Ал 85 жашта болчу.

[12-беттеги сүрөт]

1942-жыл. Словак аскеринде кызмат өтөгөн мезгилим

[12-беттеги сүрөт]

Кийинчерээк Гузенде камакка алындым (арт жагында көрсөтүлгөн)

[Булак]

© ČTK

[12-беттеги сүрөт]

Атам жекшембиде эртең менен Ыйык Китепти окуп берчү

[13-беттеги сүрөт]

Үйлөнгөн күнүбүз, 1946-жыл

[15-беттеги сүрөт]

Ольганын көз жумарына аз калганда