Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

2007-жылы Арктикадагы муздун деңгээли «мурун спутник аркылуу ченелгенден да төмөндөп кеткен». Муздун аянты 2005-жылы 4 280 000 км2 түзсө, азыр 23 пайызга төмөндөп кеткен («КАР ЖАНА МУЗ БОЮНЧА УЛУТТУК МААЛЫМДОО БОРБОРУ», АКШ).

Кошмо Штаттар жарандарынын куралданышы жагынан дүйнөдө алдыңкы орунда турат. Ал жерде ар бир 100 кишиге 90 курал-жарак туура келет. Ал эми «атуулдарынын куралданышы боюнча экинчи орунда» турган Индияда «ар бир 100 кишиге, болгону, 4 курал туура келет» («ТАЙМ», АКШ).

Майамиде (Флорида штаты, АКШ) 21 жума 6 күндүк кыз төрөлгөн. Анын салмагы 283,5г эле болуп, «эң эле эрте көз жарган наристе катары катталган». «23 жумага жетпей, салмагы 400 граммдан аз болуп төрөлгөн наристелердин жашап кетиши мүмкүн эмес деп эсептелчү» («РЕЙТЕР МААЛЫМАТ АГЕНТТИГИ», АКШ).

Деңизден алынган таза суу

Афин кабар агенттиги маалымдагандай, Эгей деңизиндеги аралдарда суунун жетишсиздигинен улам грек окумуштуулары «дүйнөдөгү биринчи өз алдынча башкарылган, сүзүп жүрүүчү, айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген, туздуу сууну тазалоочу системаны» ойлоп табышкан. Бул система энергияны анда орнотулган шамал турбинасынан жана фотоэлементтерден алып, 300дөй кишинин бир күндүк керектөөсү үчүн жетиштүү суу бөлүп чыгарат. Бул түзүлүш абарайы жаман шартта да иштөөгө жөндөмдүү, аны аралыктан башкарууга, кайсы жерге зарыл болсо ошол жерге алып барууга болот.

Байыркы сөөктөрдүн табылышы

«Сибирдин түндүгүндө... температуранын алмашышы көп жылдык тоңду эриткендиктен, мамонт, түктүү керик, арстан сыяктуу байыркы жаныбарлардын сөөктөрү табылган»,— деп билдирет Черскийдеги (Саха, Орусия) Рейтер маалымат агенттиги. Коллекционерлер жана илимий институттар жакшы сакталган үлгүлөр үчүн чоң суммада акча берүүгө даяр болгондуктан, издөөчүлөр жергиликтүү тургундардын жардамы менен тундрадагы андай баалуу нерселерди кылдат изилдеп жатышат. Билдирүүдө: «Көп жылдык тоң ушунчалык тез эрип майда бөлүктөргө бөлүнгөндүктөн, айрым жерлерде... бир нече метр сайын жерден сөөктөр чыгып калат»,— делет.

Конфискацияланган ичимдиктердин жакшы максатта колдонулушу

Мындан бир нече эле жыл мурун швед бажы кызматкерлери жашыруун түрдө өткөрүлүп бараткан спирт ичимдиктерин конфискациялап, канализацияга төгүп салышчу. Азыр болсо андай спирт ичимдиктер «өлкөдөгү коомдук транспорт үчүн күйүүчү май катары колдонулууда»,— деп билдирет Стокгольмдогу Ассошиэйтед пресс агенттиги. 2006-жылы конфискацияланган 700 000 литрдей ичимдиктин баары биогазга же күйүүчү майга айландырылып, «автобустарга, жүк ташуучу машинелерге, биогаз менен жүрүүчү поезддерге колдонулган». Билдирүүдө бул күйүүчү майдын «жакшы киреше алып келери» айтылат. «Себеби ал акысыз келген заттан жасалат»,— деп түшүндүрүлөт. Ошондой эле мунун аркасында Швецияда атмосферага зыяндуу газдардын бөлүнүп чыгышы азаюуда.

Тартынчаактыктын «эпидемияга» айланышы

«Электрондук почта, SMS билдирүүлөр жана эң акыркы аудио-плейерлер тартынчаактыктын дүйнө жүзүнө тараган „эпидемияга“ айланышына алып келүүдө»,— деп белгиленет Австралияда чыккан «Санди телеграф» гезитинде. Психолог жана изилдөөчү Робин Абрахамстын айтымында, азыркы коомдогу адамдардын дээрлик жарымы тегерегиндегилер менен пикир алмашуудан тартынышат. Башкача айтканда, азыркылар мурункуга караганда барган сайын тартынчаак болуп баратышат. «Заманбап технология бизге кыйынчылыктардан качууга жардам берсе да, адамдардын барган сайын бири-биринен обочолонушуна алып келүүдө,— дейт Абрахамс.— Адамдар... сүйлөшкөндөн көрө, бири-бирине SMS билдирүү же электрондук почта аркылуу кат жөнөтүшөт».