Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ушундай да бак болобу?

Ушундай да бак болобу?

Ушундай да бак болобу?

АВСТРАЛИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

СӨҢГӨГҮ жоон, ошол эле учурда жапыз, бөтөлкө сымал бакты австралиялыктар боаб деп коюшат. Кургак түздүктөрдө өскөн ал бак, бир караганда, көзгө кызыктай, көрксүз көрүнөт. Жылдын кургак мезгилинде жалбырактары түшүп калгандыктан, ал «манжаларын» жазып, «колун» асманга сунган бир укмуш алпка окшошуп калат. Жергиликтүү калктын уламышы боюнча, ал бакка каргыш тийип, башы — ылдый, тамыры өйдө карап өсүп калган.

Дегинкиси, жаш бактары сымбаттуу, көзгө сүйкүмдүү көрүнөт. Бирок карып, жоонойгон сайын анын боз сөңгөгү жарылып, кабыгында тырыктар пайда болот. 1837-жылы изилдөөчү Жорж Грей: «Боабды көргөндө кайсы бир ооруга чалдыкса керек деген ой кетет»,— деп жазган. Боаб эмнеси менен башка бактардан бөтөнчө? Австралиянын алыскы аймагынын тургундары жана жергиликтүү калкы аны эмне үчүн баалайт?

Кыска болсо, оңой айтылат

Боаб Африкада, Мадагаскарда жана Австралиянын түндүк-батышында өсөт. Аны көптөгөн өлкөлөрдө баобаб деп аташканы менен, австралиялыктар илгертеден эле боаб деп келишкен. Австралиянын алыскы аймактарында жашаган эл аталыштарды кыскартып айтууга жакын келет. Мунун себебин жергиликтүү тамашакөйлөр: «Оозуңду көп ачсаң, чымын кирип кетет»,— деп түшүндүрүп коюшат. Ошондуктан бул бактын «баобаб» эмес, «боаб» деген аты эл ичине бат эле сиңип кеткен.

Боабды «өлүк келемиштер багы» деп да коюшат. Эмне үчүн? Анын уруктуу кутучалары алыстан караганда бутактарга куйругунан илинип турган өлүк келемиштерге окшошуп кетет. Анын үстүнө, боабдын гүлдөрүнө доо кетсе, дароо ферментация жүрүп, бузулуп кеткен эттин жытындай сасык, каңырсыган жыт чыгат. Бирок зыян тартпаган чоң, ак гүлдөрү, адатта, жагымдуу жыт аңкытат.

Катаал шарттарга туруктуу

Боаб Австралиянын батышындагы Кимберли платосунда жана ага коңшулаш Түндүк аймагында жакшы өсөт. Жаан-чачындуу мезгил көпкө созулбагандыктан, ал жерлер көбүнесе кургакчыл келет.

Боабдын кандайдыр бир чоң зыян тарткандан кийин да бат эле жанданып кетери көптөрдү таң калтырып келет. Адатта, алар кылымдар бою жашайт. «Чоң өрттөн кийин ички көңдөйү же кабыгы толугу менен күйүп калса деле, ал кайрадан жанданып, өсүп кетет,— дейт физиолог Д. Хёрн *.— Ал ушунчалык чыдамкай келгендиктен, катуу зыян тарткандан кийин да, эч нерсе болбогонсуп өсө берет». Мисалы, башка жакка алып кетүүгө даярдалып, жыгач жашикке салынып коюлган бир боаб портто турганда, жашиктин жылчыктарынан тамыр чыгарып, жээктин топурагына өсүп калган.

Соолуп калган таштак арыктарда, жар бетине же кумдуу түздүктөрдө өскөн боабдар, демейде, жанындагы бактардан бийик келет. Кимберли платосундагы кээ бир боабдардын бийиктиги 25 метрге жетип, жоондугу да ошого барат.

Боабдын сөңгөгү эмне үчүн ушунчалык жоон болот? Анын кебездей жумшак, булалуу сөңгөгү көп өлчөмдөгү суюктукту сиңирип, сактап тура алат. Жаанчыл мезгилде жаан суусун ичкен боабдын сөңгөгү көөп чыгат. Ал эми кургакчыл мезгилде ал кайра мурунку калыбына келет.

Күбүлмө жалбырактуу бак-дарактардын жалбырагы кышка жуук түшүп калса, боабдын жалбырактары кургакчыл мезгилде түшөт. Ал мезгил аяктаганда кайрадан жаш жалбырактары чыгып, гүлдөй баштайт. Ошонусу менен жаан-чачындуу мезгилдин келатканын кабарлагандыктан, жергиликтүү калк аны тирүү календарь деп коёт.

Боабдын гүлү түн ичинде гана ачылып, бир нече саат турат да, күн чыкканда соолуп калат. Гүл кутучасы көлөмү коондой болгон уруктуу мөмөгө айланып, бара-бара бышат. Бышкан мөмө жерге түшкөндө жарылып, уруктары чачылып кетет.

Өмүр багы

Кимберли платосунда жашаган эл байыртан боабдын жалбырагын, уругун, чайырын жана тамырын тамак-аш катары колдонуп келишкен. Анын уруктары кургай элегинде ак, жумшак, даамдуу сулптун ичинде жатат. Жергиликтүү эл кургакчыл мезгилде бактын суусу бар булалуу сөңгөгүн жана тамырын чайнашчу. Ал эми жаан-чачындуу мезгилде алар бактын көңдөйлөрүнөн жана бутактарынын түбүнөн суу табышчу.

1856-жылы Грегори Огастестин экспедициясындагылар Кимберли платосунда саякат кылып жүрүшкөндө цинга оорусуна чалдыгышкан. Алар боабдын С витаминине бай мөмөсүнүн кабыгынан «даамдуу кыям кайнатып жеп», көп өтпөй айыгып кетишкен.

Өткөндүн күбөлөрү

Байыркы убактарда боаб бактарына австралиялыктар да, европалыктар да ар нерселерди жазышчу. 1820-жылы Кимберлинин жээгине «Мёрмейд» («Суу периси») аттуу кеме менен келген изилдөөчүлөр тобу токтоп, кемесин оңдошкон. Капитан Филипп Паркер Кинг Адмиралтействолук буйрукту аткарып, ошол жээкке келип кеткенинин далили катары чоң боабга: «Улуу Урматтуунун „Мёрмейд“ кемеси, 1820»,— деп жаздырган (HMC Mermaid 1820).

Ошондон тартып ал бакты «Суу периси» деп атап калышкан. Ал кезде анын жоондугу 8,8 метр эле, ал эми азыр 12,2 метрге жетет. Учурда ал жазуу анча даана көрүнбөсө да, ошол изилдөөчүлөргө чегилген эстелик өңдүү, бактын боорунда сакталуу турат. Карыган боабдардагы ошол сыяктуу эски жазуулар ар кайсы өлкөдөн келген саякатчылардын кызыгуусун туудурат.

Кимберли платосунун дың жерлерине жаңыдан отурукташкан европалыктар тарбая жайылган боабдарга жолкөрсөткүчтөрдү жана ар кандай жарыяларды илип коюшчу. Алардын жанынан жолугушууну сүйлөшүп, чатыр жайып эс алышчу. Мал айдап өткөн малчылар да «Чыгыш мейманканасы», «Отель клуб» же «Падыша сарайы» деп атап алышкан бактардын жанына тыныгуу жасашчу.

1886-жылы жолдоштору менен Уиндем шаарына бараткан Август Луканус деген немистин кемесин чоочундарды жактырбаган жергиликтүү тургундар уурдап кетишкен. Ал эми Уиндемге чейин али 100 километр бар эле. Жолдо аларга крокодил көп суу-дарыяларды кечип өтүүгө туура келмек. Ошондо Луканус мурун ал жерге келип кеткен бир кишинин күндөлүгүн окуп, анын «Питт-Спрингстин жанындагы чоң боабдын түбүнө шаймандарын көмүп, бакка өзүнүн атын жазып койгонун» билген. Кызыгы, алар ошол бакты да, шаймандарды да табышкан. Анан «ылайыктуу чоң бир боабды кыйып», беш күндүн ичинде эле кайык жасап алышкан. Ал кайык суу үстүндө жакшы сүзгөндүктөн, баары үйүнө аман-эсен кайтып барышкан.

Дерби жана Индем шаарларынын жанында атагы чыккан эки боаб багы бар. Алар «Дерби түрмөсү», «Индем түрмөсү» деп аталат. Ал эки алп бакка, ичи көңдөй болгондуктан, бир нече киши кенен батчудай. Жергиликтүү тургундардын айтымында, аларды 19-кылымда түрмө катары колдонушчу. Бирок азыркы тарыхчылардын кээси буга күмөн санашат. Ошентсе да ал эки бак саякатчыларды кызыктырып келет.

Боабдын кутучасын кооздоо

Бир кездерде боабдын сөңгөгүнө сүрөт чегип, ар кандай маалыматтарды жазышчу. Бирок азыр жергиликтүү сүрөтчүлөр боабдарга зыян келтирбөө максатында, колөнөрчүлүккө анын кутучасын колдонуп калышты. Кутучанын узундугу — 25 сантиметрге, диаметри 15 сантиметрге жетип, көрүнүшү жумурткадай сүйрү.

Сүрөтчүлөр ылайыктуу кутуча таап, анын бетине маки менен ар кандай сүрөт түшүрүшөт. Көбүнчө алар жаныбарларды, байыркы мергенчилерди, адамдын бетин же тулку боюн тартышат. Алардын колунан жаралган сүрөттөр — коллекционерлер үчүн чоң табылга. Кутучаларды саякатчылар да, жергиликтүү соодагерлер да сатып алышат.

Боаб секвоядай — зор, теректей — сымбаттуу, күзгү зараңдай кооз болбосо да, өзүнчө бир кайталангыс касиетке ээ. Ар кандай шартка чыдамдуу, байымдуу бул бак Австралиянын алыскы аймактарында жашаган элге көп жагынан пайда алып келет. Ошондой эле Жаратканга даңк алып келип, анын тамашакөйлүктү жактырарын айгинелеп турат.

[Шилтемелер]

^ 10-абз. Боабга шакекче салынган болсо, ал шакекчени чечкенде сөңгөгүнүн кабыгы менен кошо астыңкы катмары да сыйрылып түшөт. Андан зыян тарткан башка бактар, адатта, өлүп калат.

[17-беттеги сүрөт]

Боабдын түнкүсүн ачылып, бир нече сааттан кийин соолуп калуучу гүлү

[18-беттеги сүрөт]

Боабдын кутучасына тартылган жакалуу кескелдирик