Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кудайдын ысмы бар экенин билген эмесмин»

«Кудайдын ысмы бар экенин билген эмесмин»

«Кудайдын ысмы бар экенин билген эмесмин»

▪Бир аял «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китепти окугандан кийин ушинтип айткан. Анан: «Бирок мен мурдатан эле Кудайдын ысмы бар болуш керек деп ойлочумун»,— деп кошумчалаган. Ал: «Өзүмдүн Ыйык Китебимден Кудайдын ысмын көрүп, абдан таң калдым! Ыйык Китеп жөнүндө түшүнүктүү, окуганга жеңил, жөнөкөй жазылган мындай китепти да биринчи жолу көрдүм»,— деген.

«Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебинде Кудайдын жерди бейишке айлантууга байланыштуу ой-ниети тууралуу айтылат. Ошондой эле андан Кудай ал ой-ниетин өзүнүн Уулу Иса Машаяк аркылуу ишке ашырарын билүүгө болот. Ыйык Китепте адамдардын эмне себептен карып-өлөрү, Кудайдын азап-кайгыга эмне үчүн жол берери жана жакында Кудайдын Падышалыгы кандайча бардык азап-кайгыдан арылтары айтылат.

«Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебинин жарык көргөнүнө үч жылдай эле болду. Ошентсе да азыр ал 220 тилде, 79 миллиондон ашуун нускада басылып чыгууда. Эгерде силер да бул китепти алгыңар келсе, төмөндөгү купонду толтуруп, журналдын 5-бетиндеги даректердин бирине салып жиберсеңер болот.

□ «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебин ... тилинде алууну каалайм.

□ Ыйык Китепти үйдөн акысыз изилдегим келет.