Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кыйынчылыктарды Кудайдын жардамы менен көтөрдүм

Кыйынчылыктарды Кудайдын жардамы менен көтөрдүм

Кыйынчылыктарды Кудайдын жардамы менен көтөрдүм

Айтып берген: Вазир Асанов

Төшөгүмдөн ыргып туруп, Ыйык Китепти белиме таңдым да, шаша-буша кийиндим. Кийимдеримди тоголоктоштуруп төшөгүмө таштадым да, киши уктап жаткандай көрүнсүн деп, жуурканым менен жаап койдум. Анан терезеден качып чыгып, Падышалык залына «учкан» бойдон жөнөдүм. Ал жакка жетер-жеткиче Кудайдан жардам сурап тиленип бардым... Бул окуя 1991-жылы болгон эле. Ошондо мен 14 жашта болчумун.

МЕН учурунда Советтер Союзунун курамына кирген 15 республиканын бири болгон Казакстандын түштүгүндө курд үйбүлөсүндө төрөлгөм. Ата-энем менен туугандарым мени келечекте элибиздин таламын талашкан жолбашчы болосуң дешчү. Андан сырткары, бала кезимден эле курд элинин душмандарын жек көрүүгө үйрөтүлгөм. Ошондуктан элимди коргош үчүн киши өлтүрүүгө да даяр элем.

1980-жылдардын аягында апам, иним болуп Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштадык. Бирок атам башка диндегилер менен сүйлөшүүгө тыюу салып койду. Ошого карабай, мен изилдөөмдү уланта бердим. Негизи, курддарда үйбүлө башчысына баш ийбөө — жат көрүнүш. Мен атамды аябай жакшы көрчүмүн, бирок Ыйык Китептен билип жаткан чындыктар да мага абдан жакчу.

Үйдөгү жана мектептеги каршылыктар

Бир жолу мугалимим сумкамдан «Күзөт мунарасы» журналын көрүп калып, ата-энеме айтыптыр. Ошондо атам мени ачуусу менен муштаганда, мурдум канап кетти. Анан: «Сен дагы эле баягы динге барып жүрөсүңбү?!» — деп кыйкырды.

Ошондон кийин атам: «Мен сендей уулдан кечтим!» — деди. Аны укканда жүрөгүмө канжар сайылгандай болду. Ал эми классташтарым менден качып, айрымдары ачык эле кемсинтип, тилдей башташты. Мугалимдерим болсо бааларымды төмөндөтүп, сабак учурунда шылдыңдап, атеисттик көзкараштарын таңуулоого аракет кылып жүрүштү.

Бирок, ошондой каршылыктарга карабай, жыйналыштарга барып, Ыйык Китептен билгендеримди башкаларга айта баштадым. Көп өтпөй атам менин Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти дагы деле изилдеп жүргөнүмдү билип калды. Бир жолу, жекшемби күнү, жыйналышка барыш үчүн шылтоо издеп жаткан элем. Бир маалда атам: «Мындан кийин дем алыш сайын ушул убакта төшөктө жаткан болосуң!» — деп катуу эскертип, тил албасам, башкача сүйлөшөрүн айтты. Атамдын айтканы айтканындай болор эле.

Ал күндөрү: «Атамдын жүрөгүн жумшарта көр»,— деп чыныгы Кудай Жахабага ыйлап тиленип жүрдүм. Бирок атам өзгөргөн жок. Ошондо ысрайылдыктардын Мисирде азап тарткан маалы эсиме түшөр эле. Мен атамдын кылган мамилесин ысрайылдыктарды Жахабага сыйынууга коё бергиси келбеген фараондукуна окшоштурчумун (Чыгуу 5:1, 2).

Чечим чыгаруу

Бир күнү жекшембиде жыйналышка барууну чечтим. Бирок ушунчалык корккондуктан, Жахабага шыбырап тиленип жатканда, жүрөгүмдүн дүкүлдөп какканы угулуп жатты. Бир убакта атам менен апам мен жаткан бөлмөгө кирип келди; мен уктамыш болуп калдым. Атам сыймыктана: «Ушундай эле тил алчаак уулум бар дейм да» — деп, бетимен өөп койду. Анан экөө чыгып кетишти. Мен болсо кайрадан жалындуу тилене баштадым.

Алар чыгып кетер замат, баянымдын башында айтылгандай, төшөгүмдөн ыргып туруп, керебеттин астында жаткан бут кийимимди кийдим да, терезеден качып чыктым. Жыйналышта эки саат эмне болуп өтүп кеткенин билбей да калыптырмын. Бирок үйгө тартканда эмне болор экен деп жүрөксүп келаттым. Апам төшөктө жаткан мен эмес, менин кийимдерим экенин көрсө да, бактыга жараша, атама унчукпаптыр. Бирок: «Экинчи мындай кылсаң, атаңа айтып коём»,— деп эскертти.

1992-жылы ата-энеме бир досумдун тойго чакырганын айттым. Чынында, ал «той» Жахабанын Күбөлөрүнүн Тараз шаарында өткөрүлө турган жыйыны эле. Тараз биз жашаган жерден, Каратаудан, 100 километрдей алыс. Ошол жактан, Жахабага арналганымды көрсөтүп, сууга чөмүлтүлмөкмүн. Мен апаман кампадагы чемичкеден бир себет сурап, аны куурудум да, базарга алпарып саттым. Ошентип, жыйынга барууга жол кирелик акча таап алдым.

Кайра келгенде, атам досумдун тою кандай өткөнүн сурады. Мен: «Жакшы...» — дедим. Ошондо Жахабанын колдогонун кадимкидей сездим, анткени атам андан башка суроо берген жок. Ошондон кийин Накыл сөздөр 3:5, 6-аяттардагы: «Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба. Бардык жолдоруңда Кудайды таанып бил, ошондо Ал сенин жолдоруңду багыттайт»,— деген сөздөр ого бетер жүрөгүмө таасир берди.

Рухий жактан алсырап калган учурум

Чөмүлтүлгөнүмдөн кийин деле атамдын каршылыгы токтогон жок. Мен Жахабанын Күбөлөрү менен байланыша бергендиктен, атамдын башкалардын көзүнчө да, өзүнчө да сабаган учурлары болду. Атам мени качан болсун басырынтып, жемелей берчү. Ошон үчүн көп ыйлачумун. Кийинчерээк Казакстан Советтер Союзунан бөлүнүп эгемендүүлүккө ээ болгондо, ата-энем менен туугандарым мени саясий ишкер болууга максат коюуга үндөй башташты. Алардын оюнча, антпесем, чоң мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган болмокмун.

Менден улуу агам спорт жаатында көп ийгиликтерге жетип, эл оозуна алынып жүргөндүктөн, атам анын жолун жолдо дей берчү. Ошондуктан 1994-жылдын аяк ченинде мен да спортко тартылып кеттим. Табиятыман эле жөндөмдүү болгондуктан, көп өтпөй футбол жана гимнастика боюнча байге-сыйлыктарды алып, элге таанылып калдым. Келечекте курд элинин укугун коргош үчүн, өлкөнүн мыйзамын окуп-билүүгө да кириштим. Атүгүл саясатка кызыгып, курд жаштар партиясын түзүүнү ойлоп жүрдүм. Ошондо атам мени мактай баштады.

«Сиз жеңдиңиз, ата»

Бара-бара рухий жактан алсырап, Ыйык Китепти окубай, Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарына барбай калдым. Бирок өзүмдү: «Кийин, карыганда, Жахабага кызмат кылам»,— деп сооротуп жүрдүм. Бир күнү атам: «Баягы Жахабанын Күбөлөрүнө дагы эле барып жүрөсүңбү?» — деп сурап калды. Мен: «Жок. Сиз жеңдиңиз, ата... Эми сүйүнүп жатасызбы?» — деп жооп бердим. Муну уккан атам аябай кубанып, сыймыктана мындай деди: «Атанын уулу деген ушундай болот!»

Ошол бойдон эки жыл бою жыйналышка барган жокмун. Кээде жыйналышка аябай баргым келсе да, уялганыман бара албай жүрдүм. Себеби жыйналыштагылар менин жагдайымды түшүнбөйт деп ойлочумун.

Ошол эле учурда Жахабага кызмат кылуудан өтөр эч нерсе жок экенин түшүнчүмүн. Бирок: «Мен баары бир Жахабаны жакшы көрөм да»,— деп өзүмдү сооротуп койчумун. Анан атам мага: «Жогорку окуу жайына тапшыр»,— дей баштады. Мен макул болуп, окуумду жакшы баа менен бүтүрөм деп убада бердим. Бирок оюмда Алматыга — Казакстандын түштүгүндө жайгашкан гүлдөгөн чоң шаарга — окуганы барсам, Жахабанын Күбөлөрүн табам деп үмүттөнгөм.

Жагдайымдын жакшы жакка өзгөрүшү

Алматыда университетте окуй баштаганыман көп өтпөй көчөдө кабар айтып жүргөн эки Күбөгө жолугуп калдым. Алар мага: «Сенин оюңча, бул дүйнөнү ким башкарып жатат?» — деген суроо менен кайрылышты.

«Жахаба менен адамзаттын душманы — Шайтан Ибилис»,— деп жооп бердим мен (2 Корунттуктар 4:3, 4). Анан аларга өзүмдүн чөмүлтүлгөн, бирок жыйналышка барбай калган Күбө экенимди айттым.

1996-жылдын аяк ченинде мен Ыйык Китепти Жахабанын Күбөлөрү менен кайрадан изилдей баштадым. Бир нече жолку изилдөөдөн кийин эле Жахабага кызмат кылам деген каалоом кайрадан жалындап күч алды. Ошондон тартып Алматыдагы жыйналыштын бардык рухий иштерине катыша баштадым. Анан 1997-жылдын сентябрь айынан тартып Кудайга кызмат кылууга убактымды толук арнап, пионер болдум.

Андан бир жыл өткөндөн кийин атам мени көрүп кеткени келди. Мен атамдын астынан чуркап чыгып, экөөбүз кучакташып калдык. Ал мени да, ишенимимди да туура эмес түшүнүп келгенин айтып, ошол убакка чейин жасап келген мамилеси үчүн кечирим сурады. Ошондо мен: «Ата, мен сизди аябай жакшы көрөм»,— деп жибердим.

Атам Ыйык Китепке негизделген адабияттарды алып, башынан аягына чейин окуп чыгам деп Ыйык Китеп сураганда, ушунчалык кубандым! Кийинки жылы апам экөө келди. Алар Падышалык залына барышканда, ар кайсы улуттагы ишенимдештерибиз келип, жылуу учурашып, таанышып жатышты. Атама бул жакшы таасир этип, ал Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарын терең кызыгуу менен окуй баштады.

Мол баталар

2001-жылдын сентябрь айында 1997-жылы чөмүлтүлгөн Елена деген орус кызга үйлөндүм. Ал 2003-жылдын май айынан тартып пионер болуп кызмат кыла баштады. Ата-энемдин Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп, рухий жактан ийгилик жасап жатканын угуп, абдан сүйүндүк. Чынын айтсам, ага атамдын өз оозунан укканга чейин ишенген эмес элем. Телефон менен сүйлөшүп жатканда, атам мага Жахабанын жалгыз чыныгы Кудай экенин түшүнгөнүн айтты!

Менин Алматыда ар кайсы өлкөлөрдөн: Кытайдан, Ирандан, Пакистандан, Сириядан жана Түркиядан келген кишилер менен ыйык китептик изилдөө өткөрүүгө мүмкүнчүлүгүм болду. Бул үчүн Жахабага абдан ыраазы болом. Жакында эле Ирандан келген диний кызматчы менден өз эне тилинде — перс тилинде — Ыйык Китепти аны менен изилдешимди суранды. Мурун генерал болуп кызмат кылган, афганистандык бир киши да Жахаба жөнүндө билгенде, абдан таасирленди. Ошондой эле Сириядан келген бир киши менен өз эне тилимде изилдөө өткөрүүдөн да чоң кубаныч алдым. Андан сырткары, бала кезимен билген казак жана орус тилдеринде да изилдөө өткөрүп жүрөм.

Азыр Елена экөөбүз Алматыдагы Жахабанын Күбөлөрүнүн 35тен ашуун жыйналыштарынын биринде, казак тилиндеги жыйналышта, кызмат кылабыз. Өткөн жылы болсо Алматынын чет жагында жайгашкан, Жахабанын Күбөлөрүнүн жаңы салынган офисинде убактылуу кызмат кылдык.

Бир кезде мен жек көрүүгө үйрөтүлгөн элем. Бирок Жахаба сүйүүгө үйрөттү. Биз, Кудайдын кызматчылары, эч качан башкалардын, атүгүл бизге жакшылык каалаган туугандарыбыздын, досторубуздун кысымына алдырып, туура жолдон бурулуп кетпешибиз керек экенин өз тажрыйбаман улам түшүндүм (Галатиялыктар 6:9). Азыркы учурда жубайым менен «Теңирдин ишин аткарууда дайыма көп эмгектенип» жатканым үчүн өзүмдү бактылуу сезем (1 Корунттуктар 15:58).

[13-беттеги кыстырма]

Апам: «Экинчи мындай кылсаң, атаңа айтып коём»,— деп эскертти

[15-беттеги сүрөт]

Бала кезимде барып жүргөн Каратаудагы Падышалык залы

Азыр чындыкка жакшы караган ата-энем

Елена экөөбүз баш кошкон күн

Елена экөөбүз Алматыдагы офистин жанында