Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Көйгөй төркүнү эмнеде?

Көйгөй төркүнү эмнеде?

Көйгөй төркүнү эмнеде?

ҮЙБҮЛӨДӨ «казан-аяк кагышпайт» деп ойлоо жаңылыштык болуп калар эле. Анткени бири-бирине бардык жагынан төп келген жарлар да дайым эле бирдей көзкарашта боло бербейт. Демек, кандайдыр бир түшүнбөстүктөр сөзсүз пайда болот. Сыр алдындагы темирди дат жеп жатканы билинбегендей эле, үйбүлөнүн ынтымагына айрым нерселер алдыртадан доо кетире бериши мүмкүн. Коломто отун өчүрбөй сактоого эмнелер көмөк кыларын билүү үчүн, адегенде, келгиле, көйгөй төркүнү эмнеде экенин карап көрөлү.

Оор күндөр

Ыйык Китепте биздин күндөрдө көптөрдүн «өзүн өзү сүйүүчү, акчаны сүйүүчү, кекирейген, бой көтөргөн... жакшылыкты билбеген, ишенимсиз, жакындарын сүйбөгөн, эпке-сөзгө келбеген, ушакчы, өзүн өзү кармай албаган, ырайымсыз, жакшылык кылгысы келбеген, саткын, өз дегенин бербеген, текебер» болору алдын ала айтылган (2 Тиметей 3:2—4). Мындай сапат-мүнөздөр адамдардын ортосунда келишпестиктерди пайда кылып, бири-бирин жемелей берүүгө түртөт. Чынында, баарыбыз, пенде болгондуктан, ушинтүүгө жакын келебиз.

«Азыр жубайлар эмне кыларын билбей калышты,— дейт бир изилдөөчү.— Бир чети... үйбүлөдөгү мамилелерди бекемдөөгө байланыштуу толгон-токой кеңештер, маалыматтар бар... Ошол эле учурда социалдык жана экономикалык кыйынчылыктар көп. Ошол себептүү, „ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет“ болуп, үйбүлөнүн ынтымагын сактоо кыйла оор».

Чындыктан алыс кыялдар

Нике боюнча бир адис мындай дейт: «Эгер адам үйбүлөлүк жашоо тууралуу чындыктан алыс түшүнүктө болсо, кийин өзүнүн үйбүлөлүк турмушуна нааразы боло бериши ыктымал». Ошол себептүү көптөр үйбүлөлүк жашоосунун жана жубайынын өзүнүн кыялындагыдай эмес экенин түшүнгөндө, көңүл кайттыкка учурашат. Ошондой эле жубайынын сүйлөшүп жүргөндө байкабаган терс сапаттарын көргөндө же мурун байкаса да, анчалык олуттуу болот деп ойлобогон кемчиликтерин билгенде, катуу өкүнүшөт.

Бирок Ыйык Китепте жубайлардын үйлөнгөндөн кийин «жаңы кыйынчылыктарга» туш болору ачык эле айтылган (1 Корунттуктар 7:28). Ага эмне себеп болот? Жубайлар жеткилеңсиз болгондуктан, эртеби, кечпи, экөөнүн тең кемчиликтери ачыкка чыгат.

Анын үстүнө, көптөр үйбүлөлүк жашоодо бактылуу болууну каалаганы менен, өздөрү ага эч кандай салым кошушпайт. Алар үйбүлөлүк жашоо тууралуу чыныгы турмуштан алыс кыялдарга жетеленгендиктен, үйбүлө куруу «оюнчук» эмес экенин жана ынтымактуу жашаш үчүн көп күч-аракет жумшаш керек экенин эске алышпайт. Ошондуктан чыныгы жашоо менен кагылышканда, жарга такалгандай абалда калышат. Жубайлардын нике жөнүндөгү түшүнүгү чыныгы турмуштан канчалык алыс болсо, кийин көңүлү ошончолук катуу чөгөт.

Пикир алмашуу кыйынчылыктары

Никедеги мамилелерди дагы эмнелер бузат? Кээ бир жубайлар укса — өзүнүкүн эле угат, сүйлөсө — өзүнүкүн эле сүйлөйт. Алар бири-бирине жылуу-жумшак сөздөрдү эмес, бирде орой, бирде корс сөздөрдү айтып көнүп калышкан. Маңыздуу, ачык сүйлөшкөндүн ордуна, качан болсун, болор-болбос нерселердин айынан талашып-тартыша беришет. Же бири-биринин айткандарын туура эмес түшүнүп алып, уруша кетишет да, бири-бирине «таш» аралаш сөздөрдү «ыргытышат»... Анан тескери карап отуруп калышат.

Өкүнүчтүүсү, көптөр жубайынын жакшы жактарын, жакшы иштерин байкашпайт, байкаса да, жылуу сөз айтып, ыраазычылыгын билдиришпейт. Анын үстүнө, азыркы оор учурда эркектерге гана эмес, аялдарга да иштөөгө туура келүүдө. Аялдар жумуштан чарчап келсе, үй иштери үйүлүп жаткан болот. Албетте, мындай жагдай аларды капа кылбай койбойт. Андан тышкары, алардын көптөрүнүн сезимдерине көңүл бурулбай келет.

Жубайлар канткенде бакытка жете алышат? Бул суроого жооп алыш үчүн, эмки макалада Ыйык Китептин айрым кеңештерин карап чыгалы.

[4-беттеги кыстырма]

Кээ бир жубайлар укса — өзүнүкүн эле угат, сүйлөсө — өзүнүкүн эле сүйлөйт

[5-беттеги кыстырма]

Көптөр үйбүлөлүк жашоодо бактылуу болууну каалаганы менен, өздөрү ага эч кандай салым кошушпайт