Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Акыркы он жылдын ичинен 2007-жылы болгон катуу кургакчылыктын айынан болжолу менен 47 миллион кытайлыктар таза суусуз калган. Ошол эле учурда 42 миллион киши тайфундардан, 180 миллион киши суу ташкынынан жабыр тарткан («СИНЬХУА МААЛЫМАТ АГЕНТТИГИ», КЫТАЙ).

▪ «2003-жылы кош бойлуу ар бир бешинчи аял боюнан алдырган. Европада болсо болжолу менен ар бир үчүнчү аял... Ал эми мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген өлкөлөрдө... 2003-жылы кошбойлуу аялдардын 45тей пайызы боюнан алдырган» («БРИТАНИЯНЫН МЕДИЦИНАЛЫК ЖУРНАЛЫ», УЛУУ БРИТАНИЯ).

Чиркөөдөгү зордук-зомбулук камтылган видеооюндар

«Жүздөгөн диний жетекчилер менен пасторлор жаштарды чиркөөгө тартуу аракетинде колдонгон ыкмасы үчүн сынга алынышкан. Себеби алар жаштарды кеңири таралган, ошол эле учурда ырайымсыздыкка толгон видеооюндар менен кызыктырышкан»,— делет «Нью-Йорк таймс» гезитинде. Ал оюндар жаш балдар ойной турган оюн эмес эле. Оюндун шарты боюнча, жоокер, тактап айтканда, ойноп жаткан киши башкаларды ар кандай жол менен өлтүрүүгө тийиш. Ошондой болсо да, гезитте белгиленгендей, протестанттык жана евангелисттик жаштар тобун уюштуруучулар «бир эле учурда бир нече өспүрүм атышууга машыгып ойной ала турган көптөгөн пульттары бар чоң экрандуу телевизорлорду дагы деле орнотуп жатышат».

Балдардын жеке маалыматы уурдалууда

«Уолл-стрит жорнэл» гезитинин билдирүүсүнө ылайык, жеке маалыматы уурдалган балдардын саны барган сайын өсүүдө. Бул аларга келечекте насыя алуу үчүн банктарга кайрылганда же туугандары менен болгон мамилесинде кыйынчылык туудурушу мүмкүн. Адатта, мындай кылмыш үйбүлө мүчөсү тарабынан жасалгандыктан, бир нече жыл бою билинбеши ыктымал. «Көптөр кимдир бирөө анын жеке маалыматын уурдап жүргөнүн... жумушка биринчи жолу орношордо, айдоочунун күбөлүгүн, студенттик зайым же банктан насыя аларда гана билишет»,— делет гезитте. Кээде ал тууралуу эртерээк, маселен, насыя берүүчүлөр жабыр тарткан тараптын атынан алынган карызды кайтарып алууга аракет кылганда маалым болот.

«Жоголгон» ядролук ракеталар

2007-жылы 30-августта АКШнын аскер-аба күчтөрүнүн бомбалоочу алты канаттуу ядролук ракеталар менен жабдылган В-52 самолёту 3 жарым саат бою Кошмо Штаттарынын үстүнөн учуп жүргөн. «Вашингтон пост» гезитинде белгиленгендей, ядролук ракеталар самолёттун канатына «жаңылыштыктан улам орнотулган». Аларды учкучтар да, самолёттун учушун жерден тейлеген кызматкерлер тобу да байкашкан эмес. Андан ары гезитте: «Баарынан кызыктуусу, аларга 36 саат бою эч ким көңүл бурган эмес»,— деп айтылган. «Аскер-аба күчтөрүнүн кызматкерлери бомбалоочу ракеталардын дүрмөттөлбөгөнүн жана элге коркунуч туудурбаганын билдиришкен». Ошентсе да бир комментатор: «Бизге эч кандай зыян болбооруна кандай кепилдик бар?» — деген.

Көгүчкөндөр жана айлана-чөйрөнүн булганышы

Раджастхандагы (Түндүк Индия) университеттин окумуштуулары Жайпур шаарындагы көгүчкөндөргө изилдөө жүргүзүшкөн. Изилдөөлөр ушул канаттуулар аркылуу айлана-чөйрөнүн булганышын аныктоого болорун көрсөткөн. Бир гезитте «көгүчкөндөр мекендеген жердеги оор металлдар алардын канаттарында, атүгүл [канаттары] түшүп калгандан кийин да калып калары» айтылган («Gobar Times», «Down to Earth» журналынын тиркемеси). Адатта, көгүчкөндөр байырлаган жеринен алыс кетпегендиктен, канаттарына жабышкан кадмий, хром, жез жана коргошундан ошол аймактын канчалык деңгээлде булганганын так билүүгө болот.