Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Балаңар Интернетти колдонуп жатабы?

Балаңар Интернетти колдонуп жатабы?

Балаңар Интернетти колдонуп жатабы?

КАЙСЫ учурду албайлы, миллиондогон жаштар үйүндө болобу, мектептеби, досторунукундабы, Интернетти колдонуп жатышкан болот. Ал эми Интернет тармагына кошулууга мүмкүнчүлүк берген чөнтөк компьютери же уюлдук телефону бар жаштар каалаган жеринен Интернетке чыга алышат. Силер, ата-энелер, төмөнкү жагдайга кабылып жаткандырсыңар: балдарыңар Интернетти силерден жакшы колдонушу, атүгүл ал жакта эмне менен алек болуп жатканын кантип жашырууну да билиши ыктымал.

Анда кооптонууга себеп барбы? Албетте. Бирок бул жагдайдан чыгуунун жолу жок дегенди билдирбейт. Ырас, кээде балаңар Интернет дүйнөсүндө ээн-эркин, өз мекенинде жүргөндөй көрүнүшү, ал эми силер ал жакта өзүңөрдү башка өлкөдөн келген келгиндей сезишиңер мүмкүн. Ошентсе да Интернет жөнүндө эң негизги түшүнүктөрдү өздөштүрүү силердин колуңардан келет. Анын үстүнө, балаңарды коргоо үчүн электроника тармагы боюнча баарын билген адис болуунун зарылдыгы жок.

Бул катар макалаларда силер үчүн пайдалуу боло турган маалыматтар камтылат. Бирок адегенде балаңар Интернетти колдонууда кандай коркунучтарга кабылышы мүмкүн экенин карап көрөлү.

[3-беттеги кыстырма]

▪ Канадада чөнтөк телефону бар жаштардын дээрлик жарымы ал аркылуу Интернетке чыга алат