Дартка даба болгон «эски китеп»
Дартка даба болгон «эски китеп»
▪ Жахабанын Бразилияда (Түштүк Америка) жашаган бир Күбөсү үйдөн үйгө кабар айтып жүрүп бир аялды жолуктурат. Аял Күбөгө кайненесинин бир китепти окуп оорусунан айыкканын айтат. Күбө таң калып: «Ал эмне болгон китеп?» — деп сурайт. Аял анын абдан эски китеп экенин айтып, баласынын «Ыйык китептик аңгемелер» деген эскилиги жеткен китебин алып чыгат.
Аял кайненесинин мурун депрессия болуп жүргөнүн, өлүмдөн коркорун жана түнкүсүн коркуп, эшикке чыга албай жүргөнүн айтат. Аялдын айтымында, баласы «Ыйык китептик аңгемелер» деген китепти бир жактан алып келип, чоң апасына окуп бере баштаптыр. Ага небересинин окуп бергендери кадимкидей кайрат берип, оорусунан айыгып кетиптир.
Күбө ал китептин Жахабанын Күбөлөрү тарабынан басылып чыгарыларын жана ага жаңысын алып келип бере аларын айтканда, аял ошол китептен экини, өзүнө жана кайненесине, алып келип беришин сурайт. Күбө китепти алып келип бергенде, ал дагы көбүрөөк алууну каалаарын билдирет. Ошентип, ал баш-аягы 16 китеп алып, тааныштарына таратып берет.
Силер да Ыйык Китептеги ар кандай адамдар жана окуялар жөнүндө жазылган 116 аңгемеден турган «Ыйык китептик аңгемелер» деген китепти ала аласыңар. Бул китеп акыркы 30 жылдын ичинде 72 миллиондон ашуун нускада басылып чыккан. Аны алуу үчүн төмөндөгү купонду толтуруп, журналдын 5-бетиндеги даректердин бирине салып жиберсеңер болот.
□ Бул китепти ... тилинде алууну каалайм.
□ Ыйык Китепти үйдөн акысыз изилдегим келет.