Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жөнөкөй, түшүнүктүү тилде сүйлөгөн Ыйык Китеп

Жөнөкөй, түшүнүктүү тилде сүйлөгөн Ыйык Китеп

Жөнөкөй, түшүнүктүү тилде сүйлөгөн Ыйык Китеп

«ЭГЕРДЕ Ыйык Китеп Кудайдын адамзатка берилген Сөзү экенине ишенсең, анда бул Кудай биз менен сүйлөшүп жатат дегенди билдирет... Эгер туткан диниң бүткүл жашооңо таасир этсин десең, анда [Ыйык Китеп] жөнөкөй, түшүнүктүү тилде болушу керек»,— деп Алан Дати аттуу окумуштуу өзүнүн китебинде жазган («Bible Translations: And How to Choose Between Them»).

Кудай Сөзүн сүйгөндөр бул окумуштуунун сөздөрүнө толугу менен кошулушат. Алар «бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана окутуу үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилдик жолунда тарбиялоо үчүн пайдалуу» экенине чын жүрөктөн ишенишет (2 Тиметей 3:16). Ыйык Китепти эскирип калган диний китеп деп эсептөө такыр туура эмес. Ал «тирүү жана күчтүү», анда күндөлүк турмуштагы кыйынчылыктарды чечүүнүн жолдору көрсөтүлгөн (Эврейлер 4:12). Бирок окурмандар Ыйык Китепти түшүнүп, анда жазылгандарды жашоолорунда колдонушу үчүн, ал жөнөкөй, түшүнүктүү тилде «сүйлөшү» керек. Ошондуктан анын «Жаңы Осуят» деп аталган бөлүгү Платон сыяктуу философтор колдонгон классикалык грек тилинде эмес, жөнөкөй эл түшүнгөн, койне деп аталган грек тилинде жазылган. Ооба, Ыйык Китеп карапайым эл окуп түшүнө алгыдай тилде жазылган.

Ошондуктан акыркы жылдарда анын ар кайсы тилдерде көптөгөн котормолору жарык көрдү. Бул көп жагынан пайда алып келди. Азыр Ыйык Жазманы окурмандардын калың тобу окуй алат. Ошентсе да ал жаңы котормолордун көпчүлүгү калыстык, тактык жана ырааттуулук жагынан аксашат. Мисалы, кээ бирлеринде өлгөндөрдүн абалы, адамдын жаны жана чыныгы Кудайдын ысмы жөнүндөгү ыйык китептик айкын окуулар бүдөмүк берилген.

Кудай Сөзүн сүйгөндөргө Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосунун» кыргыз тилинде жарык көргөнүн билдирүүгө кубанычтабыз. Бул котормонун жарык көргөндүгү тууралуу 2008-жылы 4-июлда Жахабанын Күбөлөрүнүн облустук жыйынында жарыяланган. Диний туура эмес түшүнүктөрдөн эркин жана тактыгы жагынан теңдешсиз болгон бул котормо Ыйык Китептеги терең ойлорду түшүнүүгө жардам берет; байыркы тилдерди билбегендер үчүн бул мурун мүмкүн эмес эле. Мындай мыкты котормону жаратууга кимдер катышкан?

Кудайды даңктаган котормочулар

Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» англис тилинде жарык көргөндүгү Ыйык Китепти басып чыгарууда тажрыйбага ээ болгон Жахабанын Күбөлөрү тарабынан 1950-жылы жарыяланган. Ал эми ал котормону кыргыз тилинде сүйлөгөндөр өз эне тилинде жакында эле алышты. Ага чейин Ыйык Китепти, адатта, «Эски Осуят» жана «Жаңы Осуят» деп аташкандыктан, бул жаңы котормонун башкача аталганы эр жүрөктүк болгон. «Грек Жазмалары» деген аталыш — аны башка котормолордон айырмалап турган көптөгөн өзгөчөлүктөрүнүн бири. 1950-жылдын 15-сентябрында чыккан «Күзөт мунарасында» мындай делген: «Котормо комитетинин мүчөлөрү көзү тирүүсүндө да, өлгөндөн кийин да... ысымдарынын белгисиз бойдон калышын каалаарын билдиришти. Алардын максаты — өздөрүн эмес, тирүү чыныгы Кудайды даңазалоо».

Ыйык Жазманын «Жаңы дүйнө котормосу» англис тилинде толугу менен 1961-жылы жарык көргөн. Ушул күнгө чейин аны которгондордун ысымдары белгисиз болсо да, алардын ниеттеринин тазалыгына жана Кудайга болгон берилгендигине эч кандай шек жок. Ыйык Жазманын «Жаңы дүйнө котормосунун» 1984-жылкы басылышынын баш сөзүндө алар жөнүндө мындай деп айтылган: «Ыйык Жазманы которуу Жахаба Кудайдын ойлорун, сөздөрүн башка тилде берүүнү билдирет... Котормочулар Ыйык Жазманын Жаратманы болгон Кудайды сүйүшөт, ошондуктан анын ойлорун, сөздөрүн мүмкүн болушунча так берүүгө анын алдында жооптуу экенин билишет».

Ооба, «Жаңы дүйнө котормосуна» жооптуу комитеттин мүчөлөрү Кудайдын ойлорун, сөздөрүн так берүүнү максат кылышкан, бирок бул ишти аткарууга алардын жетиштүү билими болгонбу? Айрым окумуштуулар котормочулардын аттары жана илимий наамдары ачык көрсөтүлбөгөн бул эмгекти көпкө талкуулап отурбай эле адис эместердин эмгеги катары четке кагыш керектигин айтышкан. Анткен менен мындай жаңылыш көз карашка окумуштуулардын баары эле кошула берген эмес. Алсак, Алан Дати мындай деп жазган: «Ыйык Китептин кайсы бир котормосун ким которгонун же басып чыгарганын билүү анын жакшы же жаман котормо экенин аныктоого жардам береби? Сөзсүз деле андай эмес. Муну аныктоонун эң жакшы жолу — ар бир котормонун өзүнүн өзгөчөлүктөрүн изилдөө» *.

Кудайдын ысмын ыйыктаган котормо

Матай 6:9-аятта жазылгандай, Иса шакирттерин: «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын»,— деп тиленүүгө үйрөткөн. Ошентсе да башка котормолордун көбүндө Кудай ысмы жок бирөөдөй көрсөтүлүп, «Кудай» же «Теңир» деген наамдар менен гана аталат. Бирок башында андай эмес болчу. Эврей Жазмаларынын түп нускасында Кудай 7 000дей жолу өзүнүн «Жахаба» деген ысмы менен аталган (Чыгуу 3:14; Забур 82:19). Кийинчерээк ырым-жырымдан улам Кудайдын атын колдонбой калышкан. Исанын элчилеринин баары өлгөндөн кийин, ырым-жырымга негизделген мындай көз караш Исанын жолдоочуларынын жыйналышына таасир эткен (Салыштыр: Элчилер 20:29, 30; 1 Тиметей 4:1). Ыйык Жазманын грек тилиндеги бөлүгүн көчүргөндөр Кудайдын «Жахаба» деген ысмын «Теңир» жана «Кудай» дегенди билдирген Кириос жана Теос деген грек сөздөрү менен алмаштыра башташкан.

Бактыга жараша, Грек Жазмаларынын (Жаңы Осуяттын) «Жаңы дүйнө котормосунун» үстүнөн иштегендер «Жахаба» деген ысымды тайманбастык менен түп нускада кездешкен жерлерге кайрадан коюшкан. Бул котормодо ал 237 жолу кездешет. Кудайдын ысмын түп нускада кездешкен жерлерге кайрадан коюу жөнүндөгү чечимди котормочулар өздөрү каалагандыктан эмес, кылдат изилдөөлөрдүн негизинде чыгарышкан. Мисалы, Лука 4:18де Ышайа 61:1деги сөздөр келтирилет. Ышайа китебинин эврей тилиндеги түп нускасынын бул аятында «Жахаба» деген ысым кездешет *. Ошондуктан «Жаңы дүйнө котормосунда» Лука 4:18: «Жахаба мага өзүнүн рухун берди, анткени ал мени жакырларга жакшы кабар айтууга майлады»,— деп которулган.

Мындай котормо Жахаба Кудайды анын жалгыз Уулу Иса Машаяктан айырмалоого да жардам берет. Мисалы, көптөгөн котормолордо Матай 22:44: «Теңир менин Теңириме мындай деди»,— деп берилген. Бирок бул жерде ким кимге кайрылып жатат? Чынында, бул аятта Забур 109:1ден цитата келтирилген, ал эми эврей тилиндеги түп нускада ал аятта Кудайдын ысмы турат. Андыктан «Жаңы дүйнө котормосунда» бул аят: «Жахаба менин Мырзама: „Душмандарыңды бут алдыңа жыкканга чейин, оң жагымда отур“,— деди»,— деп берилген. Ыйык Жазмадан Жахаба Кудай менен анын Уулунун ортосундагы айырманы билүү жөн эле теориялык маселе эмес (Марк 13:32; Жакан 8:17, 18; 14:28). Мындан куткарылуубуз көз каранды. Элчилер 2:21де: «Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам куткарылат»,— деп айтылат.

Так жана түшүнүктүү котормо

«Жаңы дүйнө котормосунун» дагы башка өзгөчөлүктөрү бар. Аны которууга негиз катары Весткотт менен Хорт тарабынан абдан кылдат иштелип чыккан грек тилиндеги текст алынган. Ошондой эле грек тилиндеги түп нусканы мүмкүн болушунча так, сөзмө-сөз, ошол эле учурда жөнөкөй, түшүнүктүү кылып которууга көп күч-аракет жумшалган. Натыйжада Ыйык Китептин түп нуска текстинин көптөгөн өзгөчөлүктөрү менен руху сакталгандан сырткары, аны тереңирээк түшүнүүгө да жол ачылган. Мисалы, Римдиктер 13:1-аятын алалы. Ал жерде элчи Пабыл ишенимдештерин «жогорку бийликтерге», башкача айтканда, бул дүйнөнүн өкмөттөрүнө баш ийүүгө үндөгөн. Көптөгөн котормолордо бул өкмөттөрдү «Кудай койгон» же «Кудай орноткон» деп айтылат («Мукаддас», «Үмүт нуру»). Айрым башкаруучулар мындай котормолорду бетине кармап, катаалдык менен бийлик жүргүзүшкөнүн акташкан. Бирок тактыгы жана сөзмө-сөз берүү жагынан белгилүү болгон «Жаңы дүйнө котормосунда» бул аят: «Бийликтердин баары Кудай белгилеген орундарды ээлеп турат»,— деп берилген *. Мындан көрүнүп тургандай, Кудай бул дүйнөнүн башкаруучуларын өзү тандабайт, алардын ар кандай бийлик орундарын ээлешине жол берет. Бирок алардын бийлиги ар дайым Кудайдыкынан төмөн турат.

«Жаңы дүйнө котормосунда» грек тилиндеги этиштердин өзгөчөлүктөрү чагылдырылышы үчүн да аракеттер жасалды. Көптөгөн тилдерде этиштер өткөн чакта, учур чакта же келер чакта берилет. Грек тилиндеги этиштер да иш-аракеттин тез арада жасалганын, жасалып бүткөнүн же дагы эле жасалып жатканын көрсөтүп турат. Исанын Матай 6:33-аяттагы сөздөрүн карап көрөлү. Бул аятта «издегиле» деп которулган грек тилиндеги буйрук этиш иш-аракет кылууну эле эмес, иш-аракетти улантууну билдирет. Ошондуктан Исанын сөздөрүнүн мааниси: «Мындан ары да биринчи кезекте Кудайдын падышалыгын жана адилдигин издегиле, ошондо силерге мунун баары берилет»,— деген сөздөр менен толук ачылып берилет. Матай 7:7-аятта да ошондой ой берилген. Ал жерде: «Сураганыңарды токтотпогула, ошондо силерге берилет; издегениңерди токтотпогула, ошондо табасыңар; тыкылдатканыңарды токтотпогула, ошондо силерге эшик ачылат»,— деп айтылат (Ошондой эле Римдиктер 1:32; 6:2; Галатиялыктар 5:15ти кара). «Жаңы дүйнө котормосунда» негизги терминдердин ырааттуу которулушуна өзгөчө көңүл бурулат. Мисалы, психи деген грек сөзү дээрлик бардык жерде «жан» деп берилген. Мунун аркасында окурман жандын өлө турганын жана жан жөнүндөгү башка диний окуулардын жалган экенин оңой эле түшүнөт. Жан өлөт, ал жок болот (Матай 2:20; Марк 3:4; Лука 6:9; 17:33).

Кудайдын Сөзүнүн дүйнө жүзүнө таратылышы

Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосунун» кыргыз тилинде жарык көрүшү иштин башталышы гана. Жазманы толугу менен которуу иши али алдыда. Кыргыз тилиндеги толук котормонун англис тилиндегидей эле так жана ырааттуу болоруна ишенүүгө негиз барбы?

Албетте. Анткени котормо иши Жетектөөчү Кеңештин Жазуу комитетинин жетекчилиги астында жүргүзүлөт. Алар Ыйык Китепти башка тилге которгондор топ болуп иштеши керектиги жөнүндөгү чечим кабыл алышкан. Ошондуктан дүйнө жүзү боюнча көптөгөн өлкөлөрдө Ыйык Китепти которуу топтору түзүлгөн. Андан сырткары, Жахабанын Күбөлөрүнүн Бруклиндеги (Нью-Йорк) башкы башкармалыгында котормо топторун тейлөө бөлүмү ачылган. Бул бөлүм ошол топтордун муктаждыктарын канааттандырууга, суроолоруна жооп берүүгө, ошондой эле «Жаңы дүйнө котормосунун» ар кайсы тилдеги басылыштарынын шайкеш болушуна кам көрөт. Ошондой эле Ыйык Китепти которгондорго жардам болушу үчүн пайдалуу курал, тактап айтканда, компьютердик система иштелип чыккан. Бирок, көптөр жаңылыш ойлогондой, компьютер которбойт, которуу иши адамдардын көп күч-аракет жумшашын талап кылат. Ал эми компьютердик программалар болсо жөн гана Ыйык Китепти которгондорго өздөрүнүн алдына коюлган бийик максатка жетүүгө — «Жаңы дүйнө котормосун» англисче басылышындай так, ырааттуу кылууга — жардам берет. Маселен, ар кайсы көптөгөн функциялардан сырткары, Ыйык Китепти которуу үчүн иштелип чыккан программалар ар бир эврей же грек сөзүнүн англисче басылышында кандай берилгенин билүүгө көмөк кылат, бул болсо котормочуларга өз эне тилинде туура сөздөрдү тандоого жардам берет.

Мындай чаралардын ийгиликтүү экени натыйжаларынан көрүнүп турат. Биз силерди Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосун» изилдөөгө чакырабыз. Силер аны ушул журналды басып чыгаргандардан алсаңар болот. Силерге бул котормонун дагы башка көптөгөн өзгөчөлүктөрү жагарына ишенебиз. Мисалы, окуганга жеңил тексти, тааныш аяттарды табууга жардам берген тилке аталыштары, карталары, ошондой эле кызыктуу материал камтылган тиркемеси. Баарынан маанилүүсү, бул котормодо Кудайдын сөздөрү жөнөкөй, түшүнүктүү жана так берилгенине шектенбей окуй аласыңар.

[Шилтемелер]

^ 9-абз. Кызыктуусу, «Америка стандарттуу жаңы Ыйык Китебинин» (1971) тышында мындай делген: «Биз эч кандай окумуштуунун ысмын келтирген жокпуз, анткени Кудайдын Сөзү өзү үчүн өзү сүйлөйт».

Миңдеген окурмандар так ошондой кылышты. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнө жүзү боюнча «Жаңы дүйнө котормосу» толугу менен же анын бир бөлүгү 70тен ашык тилде, 153 000 000 нускада басылып чыкты. Аны окуган көп сандаган адамдар эмнелерди байкашты?

^ 12-абз. Жаңы Осуятты которууда Эврей Жазмаларынан шилтемелерди келтирүү үчүн грек Септуагинтасы негизги булак катары колдонулган. Септуагинтанын кийинки көчүрмөлөрүндө Кудайдын ысмы учурабагандыктан, көптөгөн окумуштуулар ал ысымды Грек Жазмаларынан алып салуу керек деп ырасташат. Бирок эврей алфавити менен жазылган түп нускадагы «Жахаба» деген ысым грек Септуагинтасынын эң алгачкы көчүрмөлөрүндө кездешет. Бул Грек Жазмаларын которууда Жахабанын ысмын алынып салынган жерлерине кайрадан коюуга бекем негиз болуп бере алат.

^ 15-абз. Айрым булактарга ылайык, муну грек тилинен которгондо түзмө-түз «иретке келтирилген, орундарга коюлган» дегенди билдирет («A Manual Greek Lexicon of the New Testament, by G. Abbott-Smith; A Greek-English Lexicon by Liddell»).

[23-беттеги сүрөт]

Ыйык Китепти жазгандар, элчи Пабылдай болуп, аны жөнөкөй, түшүнүктүү тилде жазышкан

«Жаңы дүйнө котормосунун» өзгөчөлүктөрү:

Грек тилиндеги түп нусканы мүмкүн болушунча так, сөзмө-сөз, ошол эле учурда жөнөкөй, түшүнүктүү кылып которууга көп күч-аракет жумшалган

Тексти окуганга жеңил болгондуктан, канааттануу тартуулайт

Тилке аталыштарынын жардамы менен тааныш аяттарды оңой табууга болот

Карталар Ыйык Китептеги жер-шаарлар жөнүндө толугураак маалымат алууга жардам берет

Түшүнүктүү которулган «Жаңы дүйнө котормосунун» кызматта пайдасы зор