Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сыйынууда кандайдыр бир нерселерди колдонууга Кудай кандай карайт?

Сыйынууда кандайдыр бир нерселерди колдонууга Кудай кандай карайт?

Ыйык Китептин көз карашы

Сыйынууда кандайдыр бир нерселерди колдонууга Кудай кандай карайт?

Буддизмде, индуизмде, католицизмде, ислам жана православие диндеринде Кудайга кайрылууда кандайдыр бир нерселерди колдонуу кеңири таралган. Ар кайсы өлкөдө жашаган миллиондогон адамдар, Кудайга кайрылууда кандайдыр бир нерселерди колдонуу ага жакындатып, анын жактыруусуна ээ кылат жана ошол нерселер аркылуу андан бата алабыз деп ишенишет. Ал эми Ыйык Китепте эмне делет?

АДАМДАР Кудайга кайрылууда кандайдыр бир нерселерди миңдеген жылдар мурун эле колдонуп келишкен. Буга археологдордун байыркы Ниневия шаарынан «сол колдоруна теспе кармаган канаты бар эки аялдын ыйык бактын алдында тиленип турган сөлөкөтүн» таап алышканы далил боло алат («The Catholic Encyclopedia»).

Теспе кандай максатта колдонулат? Ошол эле энциклопедияда: «Тиленүүнү кайра-кайра кайталаганда, сыягы, манжалар менен санаганга караганда кандайдыр бир нерсени колдонуу оңой болгон»,— делет.

Ошондой эле айланма барабандар да колдонулуп келет. Алардын жардамы менен тиленүүлөрдү кайталоо кыйла жеңилге турат. Барабанды кол, шамал, суу же электр тогу менен бир жолу айландыруу бир жолу тиленгенге барабар деп эсептелинет. Айланма барабандарга, адатта, мантраларды (дубаланган сөздөрдү же аяттарды) салышат. Буга Кудай кандай карайт?

«Окшош эле нерселерди кайра-кайра кайталай бербе»

Христиан динин тутпагандар да Иса Машаякты Кудайдын пайгамбары деп кабыл алышат. Ал пайгамбар кайра-кайра кайталануучу тиленүүлөргө карата Жараткандын оюн мындайча билдирген: «Тиленгенде, дүйнөнүн адамдарындай болуп, окшош эле нерселерди кайра-кайра кайталай бербе, себеби алар көп сөздөрдү айтканда тиленүүлөрү угулат деп ойлошот» * (Матай 6:7).

«Окшош эле нерселерди кайра-кайра кайталай бергенибиз» Кудайга жакпай турганы анык. Анда тиленүүлөрдү кайра-кайра кайталоо үчүн кандайдыр бир нерселерди колдонуу да ага жакпашы айкын эмеспи? Ыйык Китепте бир да жолу Кудайдын ишенимдүү кызматчысынын сыйынууда теспелерди, айланма барабандарды же кандайдыр бир башка нерселерди колдонгону айтылбайт. Тиленүүнүн чыныгы маанисин жана максатын түшүнгөнүбүздө, Кудайга кайрылууда кандайдыр бир нерселерди колдонуу эмне үчүн ага жакпай турганын биле алабыз.

Кудайга жаккан тиленүү

Иса үлгү катары калтырган тиленүүсүндө Кудайга «Атабыз» деп кайрылган. Жараткан Кудайды бизден алыс же жөн эле сырдуу күч деп элестетүүгө болбойт. Аны ыраазы кылуу үчүн ырым-жырымдарды жасоонун, дубаларды же мантраларды окуунун кажети жок. Тескерисинче, ал мээримдүү Ата жана ал биздин аны жакшы көрүшүбүздү, ага атага мамиле кылгандай мамиле кылышыбызды каалайт. Иса Атасын абдан жакшы көргөн (Жакан 14:31). Байыркы Ысрайылдагы бир пайгамбар да Кудайга: «Теңир, Сен биздин Атабызсың»,— деген жылуу сөздөр менен кайрылган (Ышайа 64:8).

Асмандагы Атабыз Жахабага канткенде жакындай алабыз? (Жакып 4:8). Башка бирөө менен мамиле кургандай эле, Кудай менен да өз ара пикир алышуу аркылуу мамиле кура алабыз. Алсак, Кудай бизге өзүнүн сапаттары, иштери жана адамзатка байланыштуу ой-ниеттери тууралуу жазылган Сөзү, Ыйык Китеп, аркылуу «сүйлөйт» (2 Тиметей 3:16). Биз болсо ага урмат-сый көрсөтүп тиленүү аркылуу кайрыла алабыз. Албетте, биз жаттап алган же ырым-жырымга негизделген тиленүүлөрдү айтпайбыз; ага чын жүрөктөн кайрылабыз.

Бири-бири менен ынак, ынтымактуу үй-бүлөдө балдар, адатта, ата-энеси менен кантип пикирлешет? Алар ата-энесине жаттап алган сөздөрүн айтып кайрылышабы? Же аларга канча жолу кайрылганын санаш үчүн кандайдыр бир нерсени колдонушабы? Албетте, жок. Алар ата-энесине ичиндегисин чын жүрөктөн, сый-урмат менен айтышат.

Кудайга кайрылуу жөнүндө да так ушундай дешке болот. Чынында эле, биз Кудайга тынчсыздандырган нерселерибиздин баарын айтып тилене алабыз. Филипиликтер 4:6, 7де: «Эч нерсеге тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү жана жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле. Ошондо Кудайдын... тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды... сактайт»,— делет. Ооба, бизди кандайдыр бир нерсе тынчсыздандырса, ал жөнүндө улам-улам айтып тиленүүнүн эч жаман жери жок. Бирок бул бир эле нерсени жаттап алып, кайра-кайра айтуу дегенди билдирбейт (Матай 7:7—11).

Ыйык Жазмада Кудайга жаккан көптөгөн тиленүүлөр жазылган. Маселен, андан забурларды жана Исанын тиленүүлөрүн окууга болот * (16, 85-забур; Лука 10:21, 22; 22:40—44). Алсак, Жакандын Инжилинин 17-бөлүмүндө Исанын Атасына кайрылгандагы сөздөрүн окуй алабыз. Бир аз убакыт бөлүп, ошол бөлүмдү окуп көрсөң. Окуп жатканда Исанын жүрөгүндөгүсүн Кудайга төгүп бергенине көңүл бурсаң. Ошондой эле анын чын жүрөктөн чыккан тиленүүсүнөн жолдоочуларын абдан жакшы көрөрүн байкасаң. Ал Атасына: «Ыйык Ата... Аларды... Карөзгөйдөн коргошуңду өтүнөм»,— деп кайрылган (Жакан 17:11, 15).

Исанын тиленүүсү сага чын жүрөктөн чыкпаган, жаттап алган сөздөрдөй сезилдиби? Албетте, жок. Ал бизге кандай сонун үлгү калтырган! Арийне, чыныгы Кудайга жакындагысы келгендердин баары аны тирүү Кудай катары таанышы зарыл. Демек, Кудайды таанып-билүүдөн улам пайда болгон сүйүү ага жакпаган диний үрп-адаттардан жана иш-аракеттерден баш тартууга түрткү бериши керек. Аны сүйгөндөргө ал: «Мен силерге ата болом, силер менин уул-кыздарым болосуңар»,— дейт (2 Корунттуктар 6:17, 18).

[Шилтемелер]

^ 8-абз. Үлгү катары калтырган тиленүүсүндө Иса: «Так ушинтип тиленгиле»,— деген эмес. Эгер антип айтса, өзүнүн айткандарына өзү каршы чыккан болмок. Ал, тескерисинче: «Мындай деп тиленгиле»,— деген (Матай 6:9—13). Иса муну менен эмнени айткысы келген? Бул тиленүүдөн көрүнүп тургандай, биз материалдык кызыкчылыктарды эмес, рухий кызыкчылыктарды биринчи орунга коюшубуз керек.

^ 15-абз. Забурлар ар кандай жагдайларда жазылса да, мантра сыяктуу кайра-кайра кайталанылган эмес. Ошондой эле теспелердин же айланма барабандардын жардамы менен диний ырым-жырымдарда колдонулган эмес.

КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢ?

▪ Исанын кайра-кайра кайталана берүүчү тиленүүлөргө байланыштуу айткан сөзү теспелерди жана айланма барабандарды колдонууга да тиешелүүбү? (Матай 6:7).

▪ Кудайга карата болгон көз карашыбыз тиленүүлөрүбүздөн кандайча көрүнүп турушу керек? (Ышайа 64:8).

▪ Жалган диндин үрп-адаттарын четке каксак, Кудай бизге кандай мамиле кылат? (2 Корунттуктар 6:17, 18).