Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сүйлөшкөнүбүздү токтотушубуз керекпи?

Сүйлөшкөнүбүздү токтотушубуз керекпи?

Жаштардын сууроолору:

Сүйлөшкөнүбүздү токтотушубуз керекпи?

«Сүйлөшкөнүбүзгө үч ай болгон, бардыгы ойдогудай эле. Бизге экөөбүз бири-бирибиз үчүн жаралгандай сезилчү» (Жессика) *.

«Мен ага аябай ашык болуп калгам. Ал мага бир нече жылдан кийин гана көңүл бура баштады! Өзүмдөн улуу, мага кам көрө ала турган жигит менен сүйлөшүп жүргөнүмө кубанчумун» (Кэрол).

ЖИГИТИҢ менен сүйлөшүп жүргөнүңө бир жылдай болуп калды. Башында бүт өмүрүңдү бирге өткөргүң келген адамыңды тапканыңа шектенчү эмессиң *. Арадан бир жыл өтүп калса да, алгачкы сүйүүң ошол бойдон калгансыйт. Бирок эмнегедир сенде күмөн саноолор пайда боло баштады. Аларга көңүл бурбай коюшуң керекпи? Сүйлөшпөй эле коюшуңар керек экенин кантип аныктай аласың?

Биринчиден, ачуу чындыкка көз жумбашың керек. Мамилеңердеги көйгөйлөрдү этибарга албай коюу машинеңдин эскертүүчү белгилерине маани бербей коюуга барабар. Көйгөй өзүнөн өзү чечилип калбайт, тескерисинче, ого бетер күчөшү мүмкүн. Кандай айрым көйгөйлөргө сөзсүз көңүл буруу зарыл?

Өтө тез өрчүгөн сезимдер. Махабат сезимдери өтө эле тез өрчүсө, кооптонууга себеп бар. «Биз көбүнесе телефон менен сүйлөшчүбүз же Интернет аркылуу кат жазышчубуз,— деп эскерет Кэрол.— Мындайда бетме-бет сүйлөшө албаган темаларга оңой эле сүйлөшө бергендиктен, сезимдериң бат эле өрчүп кетет экен». Бирок пикир алмашуунун мындай түрлөрүнөн бири-бириңерди жакшы биле албайсыңар. Бекем мамиле тез эле өсүп чыгып, кайра бат эле куурап калган чөптөй эмес, акырындык менен өскөн баалуу дарактай болушу керек.

Ал мени сындап, басынта берет. Анна аттуу бир кыз мындай дейт: «Сүйлөшкөн жигитим мени качан болсо басынта берчү, ошого карабай аны таштагым келчү эмес. Кээде ал чучукка жеткен ачуу сөздөрдү айтчу. Ушундайга жол берем деп эч качан ойлогон эмесмин». Ыйык Китепте «кемсинтерлик сөздөрдү» айткандар айыпталат (Эфестиктер 4:31). Басынткан сөздөр, акырын тон менен айтылган күндө да, сүйүүгө жатпайт (Накыл сөздөр 12:18).

Анын ачуусу чукул. Накыл сөздөр 17:27де: «Акыл-эстүү адам сабырдуу болот»,— деп айтылат. Жигитинин кыялы чортураак экенин байкаган Эрин мындай дейт: «Ойлорубуз кайчылаш келип калса, ал мени катуу түртүп жиберчү. Денем көгөрүп калган учурлар да болгон». Ыйык Китеп «жаалдан, ачуудан, каардан... арылууга» чакырат (Эфестиктер 4:31). Өзүн өзү кармай албаган адамды бирөө менен сүйлөшүүгө даяр деп айтуу кыйын (2 Тиметей 3:1, 3, 5).

Ал сүйлөшүп жүргөнүбүздү жашырат. «Менин жигитим биздин сүйлөшүп жүргөнүбүз тууралуу башкалардын билип калышын каалачу эмес,— дейт Анжела.— Сүйлөшүп жүргөнүбүздү атам билип калганда, ал аябай жаман болгон». Албетте, жаштар сүйлөшүп жүргөнүн кандайдыр бир себептерден улам башкалардан убактылуу жашырышы мүмкүн. Бирок муну билүүгө укугу барлардан да жашырууга аракеттенүү шектүү.

Анын үй-бүлө курууга максаты жок. Кудайдын кызматчылары жөн гана көңүл ачуу үчүн эмес, бири-бирине өмүрлүк жар катары дал келер-келбесин аныктоо үчүн сүйлөшүшөт. Албетте, бул сүйлөшө баштагандан тартып эле үйлөнүү үлпөтү тууралуу ойлоно баштоо керек дегенди билдирбейт. Анын үстүнө, көптөрдүн биринчи эле сүйлөшүп жүргөн адамы менен баш кошпой калганын эске алуу керек. Бирок сүйлөшүп жаткан адам никедеги жоопкерчиликтерди алууга даяр болбосо, анын сүйлөшпөй эле коё турганы оң.

Мамилебиз туруктуу эмес. Накыл сөздөр 17:17де: «Дос ар дайым сүйөт»,— деп айтылат. Экөөңөрдүн пикириңер дайыма эле төп келе бербеши мүмкүн. Бирок мамилеңер бирде үзүлүп, бирде улантылып жатса, көз жумуп коюуга болбой турган көйгөй бар. Аны чечмейинче, ортодогу мамиленин жакшырбай турганын Анна да өз тажрыйбасынан улам түшүнгөн. Ал мындай дейт: «Жигитим менен болгон мамилемди көп жолу токтоттум. Мамилебизди токтоткон сайын аябай кыйналчумун. Кыйналсам да, аны менен кайра эле жолуга берчүмүн. Көп өтпөй баары кайра башынан башталчу».

Ал мага өзү менен жыныстык катнашта болууга кысым көрсөтөт. «Эгер мени сүйсөң, буга макул болосуң». «Мамилебиз кийинки баскычка өтүшү керек». «Бул бузуктук эмес, биз, чынында, эч кандай деле катнашта болбойбуз». Ушул сыяктуу сөздөр менен эркек балдар кыздарды өздөрү менен жыныстык катнашта болууга азгырышат. Жакып 3:17де: «Жогорудан келген акылмандык баарынан мурда таза»,— деп айтылат. Сени чындап сүйгөн адам мамилеңердин таза болушу үчүн койгон чектөөлөрүңдү урматтайт. Адеп-ахлактык тазалыгыңды булгоого эч кимге жол бербе!

Башкалар мага ал жөнүндө эскертишет. Ыйык Китепте: «Кеңешпей кылган иштер бузулат, кеңешчилер көп болсо, алар ишке ашат»,— делет (Накыл сөздөр 15:22). Жессика мындай дейт: «Жигитиңдин көзгө урунган кемчиликтерине маани бербей коёюн десең да, ата-энеңдин, жакын досторуңдун айткандарын көңүлгө албай коё албайт экенсиң. Башкалардын айткандарын четке каккан сайын, өзүңдүн оюң боюнча иш кылуу ошончолук кыйыныраак боло берет».

Жогоруда айтылгандар сүйлөшкөнүңөрдү токтотуу керекпи, жокпу, аныктоого жардам бериши мүмкүн *. Айтылып өткөндөр сүйлөшүп жүргөн жигитиңдин жүрүм-турумунда байкалбайбы? Төмөнкү жерге өзүңдүн тынчсызданууларыңды жаз.

․․․․․

Кантип токтотом?

Мамилеңди токтотууну чечтиң дейли. Аны жигитиңе кантип айтасың? Ал тууралуу айтардан мурун төмөндөгүлөрдү эске ал.

Кайраттуу бол. «Сүйлөшкөн жигитиме ушунчалык жакын болуп калгандыктан, андан биротоло ажырап калгандан коркчумун»,— дейт Трина аттуу бир кыз. Ооба, мамилени токтотуу тууралуу ачык айтуу кайраттуулукту талап кылат. Бирок ой-сезимдериңди ачык айтканың өзүңө эле пайдалуу (Накыл сөздөр 22:3). Анын аркасында эмнелерге жол берериңе, эмнелерге жол бербесиңе байланыштуу айкын чектөөлөрдү коюуга үйрөнөсүң. Бул сага кийин дагы бирөө менен сүйлөшкөндө же турмуш курганда чоң жардам болот.

Анын сезимдерин эске ал. Мамилеңерди токтотуу тууралуу сүйлөшөрдөн мурун өзүңдү анын ордуна коюп көр. Анын сени менен мамилесин үзө турганын сага кантип айтышын каалайт элең? (Матай 7:12). Эч нерсени түшүндүрбөй эле, мамилеңерди почта аркылуу, SMS же автожоопбергич аркылуу: «Мындан ары жолукпай эле коёлу»,— деп үзүп коюу сыйлабастыкка жана оройлукка жатып калмак.

Ылайыктуу жагдайда сүйлөш. Бетме-бет сүйлөшкөнүң жакшыбы же телефон аркылуубу? Же кат жазганың оңбу? Көп нерсе жагдай-шарттан көз каранды. Эң негизгиси, коопсуздугуңа коркунуч туула турган, туура эмес каалоолордун өрчүшүнө шарт түзүлө турган, эл жок жерлерде жолукпаганың жакшы (1 Тесалоникалыктар 4:3).

Ачык айт. Сүйлөшпөй эле коюуну эмне үчүн чечкениңди ачык айт. Мисалы, жигитиң сага туура эмес мамиле кылып жатса, ошол туурасында сүйлөш. Айткандарың негиздүү болсун. Маселен: «Сен мени дайыма эле басынта бересиң»,— дегенден көрө: «Сен: „...“,— деп айтканда, өзүмдү басынтылгандай сезем»,— дегениң дурус.

Укканга да даяр бол. Бири-бириңерди туура эмес түшүнүп алган жоксуңарбы? Сак болбосоң, кээ бирөөлөр бал тилге салууга же суудан кургак чыгууга маш болушат. Ошол эле учурда эстүү бол; жагдайга калыс кароого аракет кыл. Ыйык Китеп Кудайдын кызматчыларын «укканга даяр болууга», «сүйлөгөнгө... шашпоого» үндөйт (Жакып 1:19).

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Макаладагы ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 5-абз. Бул макалада кыздар тууралуу сөз жүрсө да, андагы принциптер эркек балдарга да тиешелүү.

ОЙЛОНУП КӨР

▪ Сүйлөшө турган адамың кандай сапаттарга ээ болушу керек?

▪ Кандай сапаттары болбошу керек?

[20-беттеги кутуча]

СҮЙЛӨШӨ ТУРГАН АДАМЫҢ...

□ ишенимдешиң болушу керек (1 Корунттуктар 7:39);

□ адеп-ахлактык тазалыкка байланыштуу койгон чектөөлөрүңдү урматташы керек (1 Корунттуктар 6:18);

□ камкор болушу керек (Филипиликтер 2:4);

□ жакшы атка ээ болушу керек (Филипиликтер 2:20).

[20-беттеги кутуча]

СҮЙЛӨШКӨН ЖИГИТИҢДЕ ТӨМӨНДӨГҮЛӨР БАЙКАЛСА, САК БОЛ

□ Өз дегенин бербейт.

□ Сени дайыма күнөөлүүдөй, акылсыздай же колуңан эч нерсе келбечүдөй көрсөтө берет.

□ Сени досторуңдан, үй-бүлөңдөн алыстатууга аракет кылат.

□ Баскан-турганыңды көзөмөлдөй берет.

□ Негиз жок болсо деле, башкаларга тийишип жатканыңдай кылып, айыптай берет.

□ Коркутат же койгон талаптарын аткарууга мажбурлайт.

[29-беттеги сүрөт]

Мамилеңердеги көйгөйлөрдү этибарга албай коюу машинеңдин эскертүүчү белгилерине маани бербей коюуга барабар

МАЙДЫ ТЕКШЕР