Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сүттүн атайын «жолу»

Сүттүн атайын «жолу»

Өзү жаралганбы?

Сүттүн атайын «жолу»

▪ Койдун, эчкинин же уйдун жаңы туулган төлүнүн бутуна тез эле туруп, бат эле сүт эме баштаганын көрүп таң калгандырсыңар. Негизи, бардык сүт эмүүчүлөр балдарын сүтү менен багат. Бирок кепшөөчү малдын төлүнүн, мисалы, козу, улак жана музоонун көзгө көрүнбөгөн дагы башка кереметтүү бир өзгөчөлүгү бар.

Кызыктуусу. Уйлардын төрт бөлүктөн турган карынында жем-чөптү сиңирүү үчүн көптөгөн процесстер жүрөт. Бирок музоолорго ал процесстердин кереги жок. Себеби алар алгач сүт менен эле тамактанышат. Музоо сүт эмгенде, ошол замат пайда болгон жол аркылуу сүт түз эле карындын эң акыркы бөлүгүнө — жумурга — барып түшөт.

Эгер сүт таз карынга — музоонун карынынын биринчи бөлүгүнө — түшсө, жаш төл кыйналмак. Анткени таз карынга түшкөн сүт бактериялардан улам ирип кетмек да, музоолор денесинен чыгара албаган газ пайда болмок. Ошол себептүү музоолор сүт ичкенде, мейли, энесин эмеби же чакадан ичеби, алардын организминде шартсыз рефлекс иштеп, таз карындын оозу жабылып калат.

Белгилей кетчү нерсе, жаш мал суу ичкенде анын организминде мындай процесстер жүрбөйт. Анткени чоң өлчөмдөгү суу таз карында пайдалуу бактериялар менен микробдордун көбөйүшүнө өбөлгө түзөт. Мунун аркасында музоонун карыны жем сиңирүүгө даяр боло баштайт. Ошентип, суу таз карынга барса, сүт түз эле карындын эң акыркы бөлүгүнө — жумурга — түшөт. Демек, музоонун карынындагы жол сүт ичкенде гана пайда болот!

Кандай деп ойлойсуңар? Малдын карынындагы мындай таң калыштуу рефлекс өзүнөн өзү пайда болгонбу? Же аны акылман Жараткан караштырып койгонбу?

[17-беттеги схема/сүрөт]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

Сүт музоонун карынынын биринчи үч бөлүгүнөн кыя өтөт

[Схема]

Сүттүн атайын жолу

1 Таз карын

2 Чөйчөк карын

3 Тогуз кат

4 Жумур (карындын акыркы бөлүгү)